Postlar filtri


‼️8-КЛАССТАР АРАСЫНДАГЫ КОНКУРСТУК ТАНДООНУН 3-ТУРУНАН ӨТТҮҢҮЗБҮ❓
So‘rovnoma
  •   ООБА
  •   ЖОК
  •   КАТЫШПАЙ КАЛДЫМ
3115 ta ovoz


‼️Тизме жогоруда👆🏻


🎗️8-КЛАССТАР АРАСЫНДАГЫ 3 ЭТАПТАН ТУРГАН КОНКУРСТУК ТАНДООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ🎉!

📌2024-жылдын 15-майында “Акылман” президенттик лицейи 2024-2025-окуу жылына карата 8-класстар арасындагы 3 этаптан турган конкурстук тандоону расмий түрдө баштаган.

📌Конкурстук тандоонун 1 жана 2-турунун тестирлөөсү exam.edu.kg сайты аркылуу онлайн форматта болгондуктан, алгач бул сайтка 10 миңден ашык 8-класстын окуучулары катталган.

📌Ал эми, 1-тур 2024-жылдын 3-июнунан баштап, 6-июнуна чейин өткөрүлүп, ага Кыргызстандын 7 облусу боюнча жалпы 5089 талапкер катышып, 2-турга 2505 талапкер ийгиликтүү өткөн.

📌2-турдун онлайн тестирлөөсү 2024-жылдын 10-11-июнь күндөрү өткөрүлүп, ага 2-турга өткөн 2505 талапкердин ичинен өлкө боюнча жалпы 2257 талапкер катышып, 3-турга 728 талапкер өткөн.

📌3-тур оффлайн тестирлөө болгондуктан, ал 2024-жылдын 18-июнунан баштап, 24-июнуна чейин ар бир 7 облуста жеринен өткөрүлдү жана ага 3-турга өткөн 728 талапкердин ичинен 690 окуучу катышып, жыйынтыгында “Акылман” президенттик лицейинин 2024-2025-окуу жылына 48 окуучу ийгиликтүү өттү.

📌Мындан тышкары, тизмедеги 49-орундан баштап, 59-орунга чейин жайгашкан 11 окуучу лицейде окууга талапкер катары резервге алынды.

📌Баса белгилей кетчү нерсе, конкурстук тандоонун 1 жана 2-турунун тестирлөөсү көз карандысыз exam.edu.kg сайты аркылуу өткөрүлдү.

📌Ал эми 3-тур оффлайн форматта жеринен өткөрүлүп, тестирлөөнүн жыйынтыгы ZipGrade тиркемеси аркылуу текшерилди.
Маалымат иретинде айта кетсек, ZipGrade – бул камера аркылуу сканерлөөнү колдонуу менен тесттердин жыйынтыгын так жана туура аныктап чыгуучу атайын тиркеме.

📌Ал эми конкурстук тандоонун 3-турунун жыйынтыгы боюнча “Акылман” президенттик лицейинин 2024-2025-окуу жылына 48 окуучуну акысыз окутуу жана 11 окуучуну талапкер катары резервге тандап алуу атайын түзүлгөн көз карандысыз “Кабыл алуу комиссиясы” тарабынан кылдат өткөрүлдү.

📌Ийгиликтүү өткөн 48 окуучунун жана резервге кабыл алынган 11 талапкердин, ошондой эле, 3-турга катышкан бардык окуучулардын тизмеси “Акылман” президенттик лицейинин “Акылман” Кабыл алуу - 2024” телеграм каналына 28-июнь күнү, саат 14:00дө жарыяланды.

📜Белгилей кетсек, бул тизмеде 3-турдан өткөн жана өтпөй калган талапкерлер толук түрдө бар жана алардын алган баллдары да ачык көрсөтүлөт.

▶️Тактап айтканда:

‼️1-орундан баштап, 48-орунга чейинки сары түс менен боёлгондор – бул лицейге ийгиликтүү өткөн окуучулар.

‼️49-орундан баштап, 59-орунга чейинки көк түс менен боёлгондор – бул лицейде окууга өтпөгөн, бирок талапкер катары резервге алынган окуучулар.

‼️Ал эми 60-орундан баштап, 690-орунга чейинки ак түс менен боёлгондор – бул тилеке каршы 3-турдан өтпөй калган окуучулар.

♦️Учурдан пайдаланып, “Акылман” президенттик лицейинин атынан конкурстук тандоонун 3-турунан ийгиликтүү өткөн талапкерлерди чын дилден куттуктайбыз!

♦️Ал эми конкурстук тандоонун 1-2-3-туруна тең активдүү катышып берген ар бир окуучуга терең ыраазычылык билдирип, алардын окууларына албан ийгиликтерди каалайбыз!


8-класс Жыйынтык.pdf
724.7Kb
‼️8-КЛАССТАР АРАСЫНДАГЫ КОНКУРСТУК СЫНАКТЫН 3-ТУРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ!


‼️Урматтуу катышуучулар, 8-класстын 3-турунун жыйынтыгы 29-июнь күнү саат 15:00дө жарыяланат!


Кечикпей келиниздер‼️


‼️Дареги: Коенкозова, 16. (муруңку Ленин мектеби). Саат 12:00гө кечикпей келүү зарыл.










‼️Кечикпей келиңиздер




‼️КЕЧИКПЕЙ КЕЛИҢИЗДЕР


‼️Эртерээк келгендерге, тестирлөө эртерээк баштала берет. Андыктан эрте келсеңиздер болот. Эң башкысы, саат 12:00ден кеч калбагыла👆🏻




В.И.Ленин атындагы №10 орто мектеби
Адрес: Ош шаары А.Навои көчөсү №48


‼️Баткен облусундагы 3-турга өткөн 8-класс талапкерлер, тестирлөөгө кечикпей келиңиздер!


‼️3-ТУРДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА КАЙРЫЛУУ:

♦️Бул 8-класстар үчүн оффлайн форматта өтө турчу 3-турунун графиги.
♦️Ал эми кайсы шаардын кайсы мектебинде тестирлөө болоору телеграм каналдан айтылып турат.

⏳График боюнча тестирлөө ар бир облуста ар башка күнү, саат 12:00дө башталып, 14:00дө аяктайт.

3-тур 4 предметтен турат:
📙Математика – 25 суроо
📒Логика – 15 суроо
📕Кыргыз тили – 20 суроо
📘Англис тили – 20 суроо

➢ Суроолордун жалпы саны – 80
➢ Берилген жалпы убакыт – 120 мүнөт (2 саат)

📂Эске салсак, ар бир талапкер төмөнкү 3 документти ала келиши керек:

▶️Окуучунун туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
▶️Мектепте окугандыгы тууралуу маалымкат (справка);
▶️Жетишкендик табелинин көчүрмөсү (табель жалпы билим берүү уюмунун мөөрү жана жетекчинин колу менен күбөлүндүрүлгөн болушу зарыл). 8-класстын 1-2- 3-4-чейреги боюнча түзүлгөн табель, окуучунун сүрөтү менен.
▶️3х4 фото (сүрөт табельге же мектепте окугандыгы тууралуу маалымкатка чапталат)

✏️Тестирлөөгө карандаш жана черновек үчүн 1-2 штук А4 ала келүү зарыл (ручканын кереги жок).


‼️ОФФЛАЙН ФОРМАТТА ӨТӨ ТУРЧУ 8-КЛАССТАРДЫН 3-ТУРУНУН ГРАФИГИ ТӨМӨНКҮДӨЙ:

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.

8 422

obunachilar
Kanal statistikasi