Alleya🕊️


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


Сүйүүнүн, бакыттын, эскерүүлөрдүн аллеясы.✨
Күндөлүгүм✍️

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


11:29: Сирень менен сүрөткө түшкүм келип жатат.
17:35: Сизге доставка бар.

Негизи намек эмес болчу😅




Аны койгулачы, сирень менен сүрөткө түшкүм келип жүрөт🌝


2020 же 2021-жыл болсо керек. Студентмин, жумуштарым менен ЭЛТР кеңсесине баргам. Ал жактан чыктым, бир билдирүү келди. Жолдун четине токтоп, окуп жаткам. (Унаа токтотууга уруксат жок жер)

Бир унаа арты менен келип сүздү, эки бутум дөңгөлөктүн астында калды. Рефлекс менде жакшы эле, шашып оң бутумду, артынан сол бутумду чыгарып алдым. Шок абалда калганда адам үнсүз болуп калат да, айдоочу:

- Карындаш, жакшысызбы? Байкабай калыптырмын,-дегенине эч кандай жооп бербей, жолдун артындагы аптекага чуркадым. Шок болгонум ошончолук, өйдөдөн келе жаткан унааны байкабаптырмын. Мага 1 карыш калып токтоду…

Жер айланып, айлана жапжарык болуп, көзүмө эч нерсе көрүнбөй калган. Ошондо ойлогон элем “Бүгүн өлө турчу күнүм экен”-деп. Сол бутум 2 жумадан бери ооруса, ошол окуя эсиме түшө берет. “Бир барып, дарыгерге көрүнүп койбой”-деп ойлонуп коём…


Кээ бир сөздөрдү орусча, кээ бирлерин түркчө жазган жагат. Күндөлүгүмдө ар кандай тилде жазам да. 17 жашымда күндөлүгүмө англис тилинде жазчумун. «Апам окуп калса, түшүнбөсүн»-деп😂

Кыргызча-орусча жаза коюп, апам ачып окуй салып, бетим кызарып көп жүргөм. Бара-бара түркчө жаза баштадым. Апам түркчө да үйрөнүп алды сериал көрүп жүрүп. Арабчаны тытып үйрөнүп, күндөлүккө арабча жазган күнү апам арабча түшүнүп баштаса таң калбайм😂

P.S. Биздин үйдөгү жеке чек аранын деңгээли💅


Я не цепляюсь за людей, за любовь, за отношения. Если любит, покажет. Если уважает, покажет. Я не верю пустым словам. Меня этим не удивить. Совсем.

Я могу тихо отказаться от любимого, от подруг, от близких, если почувствую себя несчастной рядом с ними. Я отдаляюсь.

Я могу тихо уйти из жизни этих людей, если не вижу будущего с ними. Нельзя себя обманывать и оправдывать их.

actions. not words.


«Когда жизнь преподносит тебе мандарины»-деп аталат.

Жакканы: үй-бүлөлүк баалуулуктарды, сүйүүнү, реалдуу жашоону ачык көрсөтүп берген. Феминизмдин жытын алдым🌝

Элдин баарын ыйлаткан дорама мени да ыйлатпай койгон жок. Ата-энеси менен бирге чоңойгон, кыйын кезеңдерин көргөн, кризисти билген балдар үчүн дорама оор.

Анан атасына жакын өскөн кыздар менен атасыз өскөн кыздар үчүн да оор экендигин түшүндүм.

«Эгер кыйналсаң, атаңа чурка», «Эгер корксоң, атаңа чурка», «Эгер жыгылсаң, артыңда болом. Атаңа чурка»- бул сөздөрдү кызына кичинесинен айткан. Канчалык маанилүү экендигин билсеңер)

- Артымда атам турат,-деген сезим өзгөчө.

Атам көп айтат: «Ач калсаңар, кыйналсаңар, корксоңор, акчасыз калсаңар, мага чалгыла, үйгө келгиле»-деп.

Эч бир тандоомо, каалоомо “жок”-дебегени, “эмне чечим кабыл алсаң да, мен макулмун"-дегеничи.

Спойлер көп бербейин, эркектер да көрсө, көп инсайт алчудай ❤️


Дораманы көрдүңбү?
So‘rovnoma
  •   Ооба
  •   Жок
452 ta ovoz


Бул дораманы курбум сунуштап калды. “Көрсөң”-дейт. 4 бөлүмүн көрүп “Зеригип кеттим. Кызыксыз”-дедим.
- Көрүп койчу соңуна чейин!-дейт. 16 сааттык дораманы 2 жума көрдүм. Дорама сүйүүчүлөр 1 сутка көрсө керек…


Баса, инстаграм баракчамды таппай жатсаңар керек. Өчүрүп алдым. Эч кимиңерди кара тизмеге киргизген жокмун. Жакында кайра келем❤️


Аябай көп айымдар менен иштештим. Тааныш, бейтааныш… Эң кызыгы, баары ичиндеги эч кимге айта албаган, эч кимге ишенбеген сырын мага ишенишет, мага аманат кылып тапшырышат жана ошол эле убакта менден колдоо күтүшөт.
Эч тааныбаган адамдардын үй-бүлөсүндөгү конфликттер, жолдошу менен келишпестиктер, жаштыгында кабылган зордук-зомбулуктар, эркектерге болгон жек көрүүлөр, жакындары тарабынан зордуктоого кабылган секелектер… айтор жумушум мени сыр кутусуна айландырды.

Кичинемден эле ашыкча сүйлөбөгөн, бирөөнүн сырын уксам, экинчи бирөөгө айтпаган адатым бар эле. Көрсө Кудай мени ушул кесип үчүн жылдар бою даярдаган экен…

Сеанс убагында айтылган сөздөр, айткан адамдарды сеанс бүткөн соң унутам. Орток досторубуз болсо, эч качан “Сенин курбуң, жеңең, кошунаң терапияга келди. Ушундай турбайбы!”-деп алсыздыгынын артынан сөз кылбайм.

Мисал катары гана “Бир пациентимде ушундай окуя болуптур. Мындай чечүү жолун сунуштап, ийгиликтүү болду”-деп айтпасам, эч качан кесибиме “кыянат” кылбадым🤍

Жана психолог-психотерапевт кесиптештериме да ушул нерсени сунуштайт элем. Отуруш-шерине, кассаларда пациентиңердин аманатын башкаларга жайбагыла!


Терапияга келген 20-25 жаш арасындагы
кыздардан, курбуларымдан көп угам
- Жашоомдо оюмдагыдай мырза пайда
болду. «Менин адамым ушул окшойт»- деп, ага байланып баштаганымда, ал уй-
булолуу (женатик) же манипулятор болуп чыгат...

Манипулятор (уй-булолуубу, бойдокпу
айырмасы жок), аябай сонун ухаживать
этип баштайт. Озунду Диснейдин принцессасындай сезесини
P.S. силер официалдуу мамиледе эмес болсонор, бул грин флаг эмес, ред флаг.

1-2 ай эрте менен «Доброе утро, принцесса», кечинде «Спокойной ночи».
Жолугушууга чакырарда «Мен келдим,
чык», а кээде «Курьер в пути» деген билдируулору менен арбайт.

Сага сонун эмоцияларды берген сон, акырындап жоголо баштайт. Билдируулер
азаят. Билдируулеруно, чалууларына жооп
жоголот. Кадимкидей кутуп баштайсын.
Озундон куноо издейсин «Эмнени туура
эмес кылдым?» деп. Тааныш сезимби?

“Нарцисс” проектим ушундай эркектер жана кантип бул тузакка тушпой, чындап сени баалай алган мырзаны
тандоо женундо. (Тажрыйбанын эмес,
психологиянын тилинде)💚


2011 же 2012 болсо керек. Кызыл-Кыядагы сүрөт🌝

Ал кезде бешөө элек (2013 алтоо болгонбуз). Кичинекейибизди чоң энеме таштап, калганыбыз окуу кийим деп базарга барганда эстеликке сүрөткө түшкөн болчубуз.
Азыр төртөөбүз чачырап төрт жактабыз. Окуу-жумуш деп жүрүп үйгө 1-2 жылда 1 чогулуп калганбыз…


Намазда мынчалык ыйлаган эмес элем мурда…

«Намаз болбогондо, мен эчак эле акылдан азып, жинди болуп кетсем керек»-деген сөздү угуп, ичимден “чын эле…”-деп калгам.

Эгер жан дүйнөң өзүнөн-өзү намазга тартылса, оку. Аллах сени жолугушууга чакырууда…


P.S. сүрөт pinterest’тен


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Султанахмет🤍


Баалар🎀


“Галата мунарасына чыга кетсемби?”-деп, билет саткан жерге келдим. Кезек күтүп тургам, анан “Ким менен Галатага бирге чыксаң, ошол адам менен баш кошосуң”-деген сөз (түрктөрдүн ишеними) эсиме түштү. “Кийинкисинде чыгам”-деп, мунарага чыкпай кетип калдым😂




Вишлист түздүңбү?
So‘rovnoma
  •   Жок
  •   Таптакыр түзгөн эмесмин
  •   Ооба
267 ta ovoz


2024 эч кандай вишлист түзгөн жокмун. “Магистратурамды ийгиликтүү аяктап алайын”,-деп өзүмдү тынч койдум😅
Жылдын ортосунда ооруп, үйдө жаттым. Вишлист түзүп алсам, өзүмдү жемекмин “Пландар аткарылбай калды”-деп. Ошол себептен тревожный абалда жүргөндөргө вишлист сунушталбайт.
Оору менен күрөшкөндөр өзүн максималдуу түрдө эркин жана тынч койсун. Мээни кыйнабагыла. Эс алгыла. “Айыксам баарын жасайм”-деген сөздү көп айткыла. Ал эми ден соолугу жайында болгон ар бириңер сөзсүз январдын соңуна чейин вишлистти түзүп алгыла.

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.