АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
“Элге 30 сотых жер бөлүп беребиз”-Баткен губернатору Шаменов

Видео: УТРК


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
“Достук айылынын элинен кечирим сурайбыз”-Баткендин губернатору Шаменов

Видео: УТРК


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
“Түшунбөгөндөргө англисче айтып берем”-Губернатор Шаменов Баткендиктер менен жолугушууда


Трамп Орусияга масштабдуу санкцияларды киргизүүнү карап жатат

«Учурда Орусия Украинаны согуш талаасында «соккулап» жатканын айтып, мен ок атышууну токтотууга жана акыркы тынчтык келишимине жетишилгенге чейин Орусияга каршы ири масштабдуу санкцияларды, анын ичинде банк секторуна да тарифтерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатам. Орусия менен Украина, кеч болуп кала электе сүйлөшүү үстөлүнө отургула”, - деди АКШнын президенти Truth Social социалдык тармагында


❗❗Президент Баткендин губернатору Айбек Шаменовго эскертүү берди

✔️Бул тууралуу Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

"Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовго Достук айылынын жашоочулары менен жол берилгис тон менен баарлашкандыгы үчүн оозеки түрдө эскертүү берди.Мамлекет башчысы кызмат адамдары этикалык нормаларды сактоо жана калкка урмат-сый менен мамиле кылуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи"-

деп айтылат билдирүүдө


❗❗ Султанбай Айжигитов мандатынан ажырап калышы мүмкүн

✔️Юрист Таттыбүбү Эргешбаева Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарылганына байланыштуу мандатынан ажырап калышы мүмкүн деп эсептейт. Ал комментарийин социалдык тармактарга жарыялады.

«Парламенттик фракциянын депутаттарынын алдын ала макулдашылган позициясы бар окшойт. Бирок, фракциядан чыгаруу – бул партиянын ички саясий чечими. “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесине ылайык, партиялык тизме боюнча шайланган депутат фракциядан чыкканда же чыгарылган учурда автоматтык түрдө мандатынан ажырайт.
«Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын депутаттары чечимди кайра карап чыкпаса, Султанбай Айжигитов депутаттык мандатынан ажырап, анын ордун партиядан тизмедеги кийинки талапкер ээлейт», -

деп жазды Таттыбүбү Эргешбаева.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
❗️❗"Уятыңар барбы?"-, Баткендиктерге ороңдогон губернатор

✔️Баткендин Достук айылынан көчүрүлүп жаткан эл менен жолугушуу учурунда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун тургундарды кекетип жаткан тасмасы талкууга алынууда.


❗❗Бишкектеги унаа оңдоочу жайдан чыккан өрттөн төрт унаа күйүп кетти

✔️Бишкектин Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.

✔️Өрттүн аянты 150 чарчы метрди түзгөн. Кырсыктын кесепетинен төрт унаа күйүп кеткен. Жабыркагандар болгон жок.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
❗️❗"Төө-Ашууда" кар көчкү түшүп жолдор жабылды

✔️Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
❗❗Алматыда белгисиз адам аэропорттун кызматкерин барымтага алды

✔️Алматы эл аралык аэропортундагы окуя бүгүн ички каттамдар терминалынын учуу алдындагы текшерүү зонасында болгон.Бул тууралуу ЖМКлар жазууда.

✔️Инспекциянын кызматкерлери ал кишиден документтерин көрсөтүүнү суранышкан, ал эми жаран ал жердеги кызматкерди чачынан кармап, бычак менен коркуткан.

✔️Көп өтпөй полиция жана аэропорттун коопсуздук кызматкерлери аны куралсыздандырышкан


❗️❗️Бишкекте Алма-Ата көчөсүндө унаа оңдоочу жай өрттөнүп жатат

✔️Жеринде 3 өрт өчүрүү кызматы иш алып барууда


❗❗Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот

✔️Бишкекте жана Чүй облусунда жакынкы аралыкта ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт.

✔️Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шаар тургундарына жана айдоочуларына коопсуздук чараларын сактоо жана этият болуу керектигин эскертет.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
❗❗УКМК 5миң доллар пара менен милиция кызматкерин кармады

✔️Бүгүн, 7-мартта опузалап пара алып жаткан жеринен милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

✔️ Маалым болгондой, Биринчи Май РИИБдин тергөөчүсү, милициянын майору А.К.М. кылмыш ишти токтотуу үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн тергөөчүсүнөн 5миң доллар опузалап талап кылган.
УКМК кызматкерлери шектүүнү акча каражатын алып жаткан жеринен кармаган.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
❗️❗️Бишкекте кайгуул кызматы айымдардын Эл аралык күнү менен куттуктады


❗❗УКМК Таласта жер комиссиясынын мүчөлөрүн кармады

✔️Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жер комиссиясынын мүчөлөрү кармалды.

✔️Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2009-жылдан 2024-жылга чейин Бакай-Ата районунун кызмат адамдары тарабынан 163 трансформацияланбаган айыл чарба жерлери (сугат айдоо жерлери) турак жай куруу үчүн акчалай компенсация үчүн мыйзамсыз жеке менчикке өткөн.

✔️Кылмышка шектүү катары Бакай-Ата районунун акиминин биринчи орун басары С.М., Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин облустук башкармалыгынын директору С.Б. жана айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Р.Б.кармалды. Учурда ишке тиешеси бар башка адамдар такталууда.


❗❗Влад Ушаков Ысык-Көлдө эко шаар курулмак болгон жердеги абалды көрсөттү

✔️Ысык-Көлдөгү көрүстөндүн жанындагы таштанды таштоочу жайларда уйлар багылат. Бул тууралуу Влад Ушаков билдирди.

«Бул таштанды таштоочу жай Ысык-Көл облусунда экошаардын курулушу пландалып жаткан жерге жакын жайгашкан»

, - деп белгилеген Ушаков vesti.kg редакциясына.


❗❗"Манас» эл аралык аэропорту реконструкцияланат

✔️«Манас» эл аралык аэропорту өзүнүн өнүгүүсүнүн маанилүү этабына даярданууда. Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн ыңгайлуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган аэропорт комплексин масштабдуу реконструкциялоо жакынкы аралыкта башталат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

✔️Учурда аэропорттун инфраструктурасы болжол менен 39 миң чарчы метр аянтты ээлейт. Алдыдагы жумуштардын убагында комплекс кошумча турде 18 миң чарчы метрге кеңейтилет. Бул жүргүнчүлөр үчүн шарттарды бир топ жакшыртат жана терминалдардын ишин оптималдаштырат.

✔️Реконструкциялоонун алкагында каттоо пункттарынын санын көбөйтүү, күтүү зонасын кеңейтүү, заманбап эс алуу жана тамактануу жайларын түзүү пландаштырылууда. Ошондой эле аэропорттун натыйжалуулугун жана кардарлардын тажрыйбасын жакшыртуу үчүн жаңы технологиялык чечимдер киргизилет.


❗❗Кыргызстандын бир катар райондорунун акимдери кызматынан бошотулду

✔️Кыргызстандын президенти бир катар райондордун акимдерин кызматтан алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төмөнкү жарлыктарга кол коюлду:
Замирбек Сыдыков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими кызматынан бошотулду.
Дамир Кулубаев берген арызына ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими кызматынан бошотулду.

✔️Айта кетсек, акыркы жолу 7 аким кызматтан алынгандан кийин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жана Талас облусунун Манас жана Талас райондорунда дагы эле орундар бош.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
❗❗Оштун мэри апаларды 8-март майрамы менен куттуктап жатып көзүнө жаш алды


❗️❗️Бишкекте 8-мартта аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш өтөт

✔️Жүрүш саат 12де ТИМдин эски имаратынын алдында (Эркиндик бульвары) башталып, катышуучулар М.Горький атындагы сейил бакка чейин барышат.

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.