Бактылуу Инсан


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Kitoblar


🎓Акыркы дүйнөдөгү өзгөрүүлөр🎓
❤️Жүрөктөн чыккан сөздөр❤️
☘️Сапаттуу маалыматтар☘️
🍁Маанилүү ишчаралар🍁
🌟Ар түрдүү пикирлер🌟
💐Жаңыча көз караш💐
🌼IT🌼
✅Биз санга эмес "Сапатка" аракет кылабыз!!!
Реклама үчүн: @jakwy_bot
Талкуулоо: @baktyluu_group

Связанные каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


Илимге карай жол📖
✏️Илим - пайгамбарлардын мураскору, байлык - байлардын мураскору.

📖"Илим , оболу, - угуу, анан,- түшүнүү, анан,- жаттоо, анан,- амал, анан, - жайылтуу" деген.
https://t.me/okugum_kelet


Правда — это что-то абсолютно нейтральное, лишенное эмоций и красок. Это то, что дано, это просто факт. Человеку же свойственно всегда  давать оценку и эмоциональную окраску— людям, событиям или предметам. И каждую ситуацию он пропускает через призму собственного опыта и собственной картины мира , особенно если это касается его самого или людей ему небезразличных. Таким образом, происходит искажение существующих фактов, и правда перестает быть правдой.
  Что же делать, если правда всегда будет для каждого своя? Все просто: будьте искренними и честными с самими собой и тогда вы научитесь слышать себя и свою «правду». Жить в правде с самим собой и есть важная задача. Когда я честен с собой, то у меня нет сомнений, нет страхов , чувства вины по отношению к себе , стыда и прочих низкочастотных эмоций, и я чувствую себя спокойно и гармонично. Но так ли это просто , как кажется? Конечно, нет. Быть честным с собой, для многих является одной из самых сложных вещей, потому что мы уже привыкли к своим шаблонам и жизненным  установкам, которые бывает не так легко сдвинуть, но , поверьте, оно того стоит. « Путь искренности» всегда дает изобилие и легкость во всех жизненных сферах…


«Эй ыйман келтиргендер! Көп(жаман) ойлордон алыстагыла.Чындыгында кээ бир ойлор күнөө. (Бири-бириңерди) андыбагыла жана бири-бириңерди гыйбат кылбагыла. Силердин кимиңер ѳлгѳн бир тууганынын этин жегенди жакшы кѳрсүн?! А силер мындан жийиркенесиңер! Алладан корккула. Чындыгында, Алла - тооболорду Кабыл Кылуучу жана Боорукер». (Хужурат сүрөөсү: 12-аят)


Жабир бин Абдулла ал-Ансари (Алла ырайым кылсын) айтат: «Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) учурунда ушак айтылса дароо жыты сезилчү. Анткени, ушак ѳтѳ сейрек эле. Бирок, азыр ушак-айың ѳтѳ кѳбѳйүп, мурундардын баарына сасык жыты толгондуктан сезилбей калды. Мисалы, тери иштеткен жерге кирген киши ал жердин жытына кѳпкѳ чыдап тура албайт. Ал эми ошол жайда иштегендер иш орундарында эле тамактанып, жытын сезбей жүрѳ берет. Ушак-айыңдын азыркы кездеги жагдайы да ошондой».


Эмне болсо болсун, гыйбаттан алыс тур! Бирөөнүн этин жебе! Акылың, пикириң, жан дүйнөң үчүн да бир уу экенин унутпа! Эч качан инсандардын, башка бирөөнү жерге түшүрүү менен кадыр баркы өскөн эмес, мындан кийин да андай болбойт!


"Эй тууганым! Дартың эмне болсо ошол болсун, үмүтүң ар дайым Аллах болсун🤲!"




https://youtu.be/sKQ8qN2TFcs
Кайсы кинону көрсөм деген инсандар үчүн сунуштайбыз😊👍




Чыныгы акылдуу адам акылдуусунбайт. Акылдуу көрүнүүгө аракет кылбайт. Антүүгө муктаждыгы да жок. Эл мени акылдуу экен десин деп ак эткенден так этпейт. Ал акылдуусунуу да акылсыздык экенин жакшы билет. Акылдуу адам табиятынан зирек келет. Ал сөз укканды билет, сөз көтөргөндү да билет. Ал сөзгө жыгылганды билет, жыкканды дагы. Акылдуу адам кел-кели келгенде көппөйт, кеткенде чөкпөйт. Ал кудайдан башка бардык нерсенин убактылуу экенин билет. Акылдуу адам мансаптууга жагынбайт, бей-бечараны басынтпайт.

Иманбек Азизилла Уулу


Акылмандан сураптыр :
- Кыйынчылыкка туш болгондо эмне кылуу керек?
Акылман жооп бериптир :
1) Кыйынчылыктардын убактылуу экенин билүүңөр керек.
2) Кыйынчылыктардын сыноо экенин түшүнүүңөр керек.
3) Мындан да бетерине туш болбогонуңар үчүн шүгүр кылууңар керек.
4) Кыйын мезгилде жаныңарда болгондорго ыраазычылык билдирип, жаныңарда болбогондордон алыстоо керек.

#ATS
#биз_оңолсок_заман_оңолот
#жылдар_өтсүн_арадан




Билесизби, эмне оор?
Адам баласы эмнени көтөрө албайт?
Ал,бирөөнүн жылмаюсун, ийгилигин,талантын,бактылуу, сүйүктүү болушун, оной менен көтөрө албайт.
Булар, руханий жактан бийиктер, асыл сапаттуулар гана көтөрө ала турчу нерселер!
Жамандык башына келсе — сен үчүн оор сыноо.
Бирок, башкалар ал учурда жанында боло алышат.
Жакшылык башына келсе — айланандагылар үчүн оор сыноо.
Алардын көбү, ушул учурда жанында боло алышпайт.


БИЛИМСИЗДИК ЭМНЕНИ ГАНА ЖЕДИРБЕЙТ!

Бир тааныш инилерден бирөө бир окуяны айтып берди эле. :)

"Үч-төрт бала чогуу жашачу элек Бишкекте. Эң кичүүбүз Адилет деген бала 3-4 күн катары менен бышырганга оңой экен деп дүкөндөн пельмен сатып келип, сууга салып кайнатып, курсагыбызды тойгузуп алган элек.
Анан бир күнү ошол Адилет менден сурап атпайбы:
- Байке, свинина деген эмне?
- Эмне болду?
- Биз жеп жүргөн пельмендин сыртында "свинина" деген жазуу бар экен.
- Туй атаааа!!! Жиндисиңби, ой, ал чочконун эти да!!!!
- Аа, ошондойбу?
- Эй, сен канча күндөн бери сен бизге чочконун этинен пельмен жедирип жүрдүң беле?!
- :)

"Адал-арамды ажырата билгендин жанында терминдерди, башка тилди да аз да болсо биле жүргөн жакшы экен. Бир баланын билимсиздиги бизди чочконун этин жедирди" - дейт ошо тааныш иним.

Ошого айтарым, дүкөндөн азык-түлүк сатып алып жатканда эринбей этикеткасын жакшылап окуп, курамын, мөөнөтүн карагыла. Балдар, жаштар сүйүп жеген өтө зыяндуу чипсилерде да чочконун этинин даамы менен чипсилер бар.


#Психология_Кыргызчылык

Жалаладдин Руми (Мавлана) айткан экен: "Жараткан пендесинин суроосуна үч жол менен жооп берет. Биринчиси макул деп сураганыңды берет. Экинчиси жок деп туруп, жакшырагын берет. Үчүнчүсү чыдай тур деп, эң сонунун берет".
Анын сыңарындай бардык иштерди кудайга салып жашаган жакшы. Биз адамдар кээде кудай ушундай оор тагдыр берди, же ушул жамандыкты башка салды, бүгүн ишим жүрүшпөдү, жаман болду дейбиз. Негизи эле биздин жашоону жакшы жаман, ачуу таттуу, жеңил оор деп бөлүп алмайыбыз бар. Бирок бул бир аз туура эмесирээк иш..
Мисалы жер планетасын караңыз, өз огунан кичине да жылып койбой канча кылымдардан бери өмүр сүрөт. Күн өз маалында чыгат, өз учурунан кечикпей батат. Бардык нерселер так өз мезгилинде болуп, бардыгы тартибинен жазбайт. (Бул жерде ар кандай суроолор болбош үчүн өлүм, өмүр, ооруу сыркоо, алдуу алсыз деген сыяктуу жана башка нерселер жаратылыштын мыйзамдары экенин белгилеп коюш керек.)
Башка коомду билбейм, бирок адам баласы жашаган баланча млн. кылымдык тарыхы бар жерге эч убакта жараткандан жамандык келген жок. Кокус келген болсо ал дагы бир жакшылык үчүн..
Эгер жамандык келсе, жараткан чын эле "по настроению" иш кылса, бир күн жакшылык жөнөтүп, бир күн биз айткандай жаман күндөрдү берсе анда эртең күн түштөн кийин чыгып, түндө түш болуп, бүгүн куйкалап, эртең кайра жамгыр жаап, жер огунан бүгүн бир аз ары жылып, кайра эртеси бери жылып стабилдүүлүк жок болмок. Демек жерге, башкача айтканда анын үстүндө жашап жаткан бизге, андан бери майдаласак мына сага, мага, сизге эч качан жараткандан жамандык келбейт. Ошондуктан канчалаган кылымдарды карытып, тирүүчүлүк уланууда. Ал эми биз болгону өзүбүздүн мээбизде, психикабызда маанайыбызга карап, күндөрдү жаман жакшы, оор жеңил, жыргадык куурадык деп бөлүп кабылдап алабыз. Ал кудайдан келген жамандык эмес, ал өзүбүздүн мүнөздүн, кыймыл аракетибиздин, мамилебиздин, акыл калчообуздун, кылган ишибиздин, эң негизгиси тандообуздун жыйынтыгы экенин аңдашыбыз керек. Жараткан бизге жер кантип стабилдүү турса так ошондой стабилдүүлүк менен жалаң жакшылык гана жиберет. Жогорудагы Руминин сөзүндөй кээде дароо берет, кээде токой тур деп, түзүгүн, а кээде болсо бербей туруп, күттүрүп эң жакшысын берет..

P.S. Шо.. ес.. че.. 😅 Ооба, ооба, сага айтып жатам... 😆


Балдарды азыр актуалдуу болуп аткан кесиптерге эмес келечекте зарыл боло турган кесиптерге даярдаш керек.


Бирөөгө таарынып, жазылбай жүрө берүү- өзүңүздүн денеңизди сабап, башка бирөөнүн денесинин оорушун күтүп жүргөндөй кеп.)


Немис баяндамачысы Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта Марокколук оюнчулардын футболдон соң апаларын кучактап өпкөнүнө, ар бир оюндан кийин сажда кылып жатканына көңүл бурду.
"Бизде,батыш коомунда бекем үй-бүлөлүк байланышты көрбөй калдык. Үй-бүлө концепциясы жок болуп баратат. Биз футболдон кийин моделдерди же дос кыздарын өөп жаткан футболчуларды көрөбүз. Ошол эле маалда алардын ата-энелери карылар үйүндө болушат.
Марокколуктардын жеңиштеринде үй-бүлөнүн руханий колдоосу чоң роль ойноду. Биз болсо ЛГБТны колдоо үчүн келип, оозубузду алаканыбыз менен жапканга мажбур болдук.
Биз Марокколуктарды футбол ойногонго үйрөттүк. Алар бизден озуп кетишти.Эми алардан адеп-ахлак, үй-бүлөлүк баалуулуктарды үйрөнүшүбүз керек. Ошондо качандыр бир кезде биздин оюнчулар да ата-энелеринин маңдайынан өөп жатканына күбө болуп калаарбыз ".




Сократ мындай дейт:
Жаш кезимде эрте турганды жактырчу эмесмин, апам менин мындай кылык-жоругумду жек көрчү, анткени мени бир күнү бай соодагер катары көрүүнү кыялданчу.
Анан бир күнү апам эрте тургандын пайдасын мага түшүндүрүү үчүн мени мугалимдикине алып барды.
Ал мага эрте тургандын пайдасын түшүндүргөнгө аракет кылды.
• Мугалим: Сократ, мен сага бир сонун окуя айтып берейин, сен мага андан кандай сабак алганыңды айтасың, макулбу?
Сократ: Макул.
• Мугалим: Эки чымчык бар экен, бири эрте ойгонуп курт-кумурска жеп балапандарын тойгузса, экинчиси кеч ойгонуп, жегенге эч нерсе таппай калчу экен...Окуядан кандай сабак чыгардың, Сократ?!
Сократ:
Эрте турган курт-кумурскаларды канаттуулар жеп коёт экен!

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.