Бейиш жолу


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Din


"Эскерткин, эскертүү момундарга пайда берет". (51:55)

Связанные каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Din
Statistika
Postlar filtri


Nasaat.kg dan repost
"БАКТЫЛУУ ЖАШООНУН ЖОЛУН КОРСОТКОН 35 НАСААТ"

1. Таң эрте багымдат намазын окуп таңкы зикрлерди калтырба, күнүң ийгиликтүү, тапканың берекелүү болот.

2. Шайтандын азгырыгына кабылып калбоон үчүн көп истигфар айт.

3. Дуа кылууну токтотпо анткени дуа ийгилике жетүүнүн эң оңой жолу.

4. Ар-бир айткан сөзүңдү периштелер жазып тураарын унутпа!

5. Кыйынчылыка кабылып, оор күн көрүп жатсаң башыңа түшкөн балээни жакшылыка жооруп, ар-бир кыйынчылыктын артында жеңилдик бар экенин эсиңден чыгарба!

6. Манжалардын кооздугу тасбих айтып биригип жаткан учуру. Дайыма таспих айтууну өзүңө адат кылып ал!

7. Кайгы-капа түйшүкө кабылган болсоң, " лаа илаха иллаллох " .- келмесин көп айт!.

8. Кедей-кембагалдардын, мискиндердин дуасын садака берип сатып ал.

9. Нафил намаздарда сажданы узун кыл, узун сажда кылуу жаркыраган сарайлардан абзел.

10. Ойноп сүйлөсөңда ойлоп сүйлө! Балким сен айткан сөз кимдир бирөөнүн көңүлүн оорутуп коюусу толук ыктымал.

11. Мазлумдун ( зулум чеккен адамдын ) дуасынан жана укугу тепселген адамдын көз жашынан сактан!

12. Китеп, гезит же журнал окуудан мурда Куран оку!

13. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыңды кош!

14. Нафсиңе каршы күрөш, анткени нафс жамандыка үндөйт.

15. Ата-энеңдин колун өөп кызматын кыл, Алланын ыраазылыгына жетесин.

16. Сен эски деп кийбей койгон кийимиң колунда жок адамга жаңы болуп көрүнөт, кийбей турган кийимдериңди муктаж адамдарга бер.

17. Болбогон нерселерге ачууланба, өмүр сен ойлогондон кыска. Ачууга алдырсан жашооңдо көп жакшылыктардан куру каласын.

18. Күчтүүлөргө күч берип күчтөндүргөн, байларга байлык берген кудурети чексиз Алла Таала дайыма сени көзөмөлдөп тураарын унутпа.

19. Күнөө дубанын кабыл болбоосуна себеб болот. Дуанын кабыл болуу эшигин күнөө кылып жаап койбо!

20. Кыйынчылыктан чыгууга жана балээден кутулууга эң жакшы жардамчы намаз. Намаз окуп Жаратканга жалбарып дуа кыл, кыйынчылыктан кутулуунун жолун көрсөтөт.

21. Алланын буйруктарын аткарбай таштап коюу бактысыздыктын башаты жана түйшүкө кабылуунун негизги себеби. Алланын буйруктарына баш ийип ибадат кыл, тыйган арам иштеринен алыс бол!

22. Парз намаздарынан сырткары нафил намаздарды көп оку, кабырда жалгыз калганыңда жолдошуң болот.

23. Эгер сени кимдир бирөө гыйбат кылып жаткан болсо ага: "Алладан корк"-деп айт.

24. Табарак сүрөсүн дайыма окуп жүр, кабыр азабынан кутулууңа себеб болот.

25. Намазын Алла Таала көрүп турат деп окубаган адам жана тозокту бейишти эстеп көзүнөн жаш чыкпаган адам - бардык жакшылыктардан куру калган адам.

26. Алланы унутуп капылетте жүргөн адам менен жолдош болбо.

27. Эң оболу Алланы сүй, андан кийин Анын пайгамбарын сүй. Чыныгы сүйүү Аллага жана пайгамбарга болот. Алланы сүйүү - Алланын буйруктарын аткаруу менен болот, ал эми пайгамбарды сүйүү-сүннөтүнө ээрчүү менен болот.

Чыныгы сүйүү Жаратканга жанашуу, калгандары уруш, жаңжал талашуу...

28. Сени гыйбат кылган адамды кечир, анткени ал сени гыйбат кылып, сага өзүнүн сообун берип, сенин күнөөңдү алат.

29. Намаз, Куран жана зикр сенин көкүрөгүңдөгү жаркыраган мончогуң.

30. Тозок отун эстеген адам күнөө ишке алып баруучу жолдон сактана алат.

31. Күн батып, кайра таң атып, өмүр уланып турса, адам баласы азаптан кутулат. Кризистик абал өтөт, кыйынчылыктар кетет.

32. Айтты же айтылды деген сөздөрдөн алыс бол, анткени сенин андан сырткары кыла турган тоодой милдеттериң көп.

33. Иштерим калып кетет деп намазды шашып окуба, анткени намаз башка нерселерден жогору турат.

34. Куранды дайыма өзүң менен кошо ала жүр, Курандан бир аят окуганың дүйнө жана дүйнөдөгү бардык нерселерден жакшыраак.

35. Жашоо керемет, дүйнө кооз, бирок сенин ыйманың сени андан да кооз кылып көрсөтөт.

" О, Алла! Күнөөлөрүбүздү кечир, жүрөгүбүзгө күнөөнүн себебинен түшкөн кара тактарды кетир. Өзүңдүн буйруктарыңа жана пайгамбардын сүннөттөрүнө амал кылбай өткөргөн күндөрүбүздү, намазсыз, Курансыз, зикрсиз, аттырган түндөрүбүздү кечир". Амин!
Абдишүкүр ажы Нарматов.

#насааткж #nasaatkg


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish












Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Ассаляму алейкум уа РахматуЛлахи уа Баракаатух! Жумаңыздар маарек болсун кадырман мусулман бир туугандарым!☪

Жума күнүндөгү амалдар:
- Гусул алуу
- Атыр себинүү
- Кахф сүрөөсүн окуу
- Мечитке эрте баруу
- Салават айтуу
- Көп дуба кылуу


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish




Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


🤲🏻🤲🏻🤲🏻


Ушул убакыт сиздин бактыңыз же кайгыңыз!
👤 Мээрбек Келсинбек

https://t.me/beyishjolukg




Ин шаа Аллах Рамазанга жакындап калдык🥹

Өзүбүздү даярдап баштайлы:

🔹Намаздарды тургузуу
🔹Тахажуд окуу
🔹Куран окуу
(Билбегендерибиз азыртан баштап үйрөнсөк Рамазанга чейин Куранга түшүп калабыз буюрса)
🔹Көп-көп зикир кылуу, истигфар айтуу
🔹Дүйшөмбү, бейшемби күндөрү орозо кармоо
🔹Рамазан тууралуу окуу, илим алуу
🔹Эң башкысы ниет коюу, дуба кылуу

Аллахым, баарыбызды Рамазанга аман-эсен жеткир🤲🏻


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish




Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.