Турат Алыбаев dan repost
🌙 АЙТ МААРЕК БОЛСУН! ✨
👋🏻 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым, айтыңыз маарек болсун!
🔹Урматтуу окурманым, Кудайдын буйругу менен 30 күндүк орозобузду аягына чыгарып, Кудайдын алдында бир милдетибизден кутулуп сүйүнүп турган чагыбыз. Кармаган орозобуздун сообун Кудай Таалам өзү берсин.
Байкасам орозо айында адамдардын баары эле мүнөзү жумшарып, жылмайып мамиле кылып, оройлугу жоголуп, курсагы ачып текеберчилиги сынып, баарыбыз эле өзүбүздү алсыз сезип, койдой жоошуп жакшы адам болуп калат окшойбуз.
🔹 Келиңиз, урматтуу окурманым, ушул 1 айда жеткен мүнөзүбүздү мындан нары да улантып, болор-болбоско кыжылдашып урушканды унуталы.
🤲 Келиңиз, ар дайым Рамазан айындагыдай жакшы мүнөз менен жашоого аракет кылалы.
Рамазан айында баарыбыз такыба болуп, көбүрөөк Куран окудук, көп-көп намаз окуп, көп-көп дуба кылдык, зикирлерди тарттык. Эми ушунубузду токтотпой улантып кетүүгө аракет кылбайлыбы? Албетте, эң башта мен өзүм дагы ошол нерсеге аракет кылайын.
✨ Урматтуу окурманым, дагы бир жолу айтыңыз маарек болсун!
Кармаган орозоңуз кабыл болуп, Кудайым *“Мен сенден ыраазымын пендем, сени кечирдим”* деген кулдардан кылсын. Ошол кечиргенинин белгиси – жалаң гана жакшы иштерди кылып, жалаң гана илим-билим менен алек болуп калалы!
📖 Өзүбүздү ар күнү өнүктүрүп, келечек муунубуз үчүн кереметтүү жашоону, эң мыкты өлкөнү тартуу кылып өтөлү бул дүйнөдөн!
✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы.
📍 Бишкек, 30-март, Орозо айт!
#АйтМаарекБолсун #Рамазан #Береке #ОрозоАйы #Кечирим #Илим #Жакшылык #тураталыбаев #Тарбия