🥹БИР ТАМЧЫ ТҮКҮРҮК
Ооруканада жатканымда каридордо олтурсам, бир жаш секелек кыз ары - бери чуркап жатты. Атасы менен апасы этият бол деп артында көзү- башынан айланып артында жүрүшөт. Болгону сегиз жашта ушундай чырайлуу, жылдыздуу жакшынакай жашоосунун он гүлүнүн бир гүлү али ачыла элек. Бирок, тилекке каршы, ушундай жаш кезинде айыкыс жаман дартка кабылган экен. Анын дарты адамдарга сабак берүүчү бир дарт эле. Ал кыздын оорусу ооз көңдөйүнүн рагы эле. Түкүрүк бездери кургап, өз милдетин аткарбай калган. Башкача айтканда, ооздо шилекей болбогондугу үчүн оозу сууланбай, кургап, ичинен жарылып, оозу кыпкызыл болуп канап кетет экен. Заматта эле ойноп жаткан кыз чыңырып, эсин жоготуп жыгылып кетти. Оозу ачылбай, тили бурулбай, эл катары бир нерсе жута да албай калат экен. Колдорунан эч нерсе келбей күйпөлөктөп, ата - энеси ооруга чыдабай чабалактап жаткан кызын колдоруна кармап эле олтуруп калышты. Карап жүрөгүм эзилди. Оо, Аллахым! Кандай чарасыз, коркунучтуу дарт... Эч ким жактырбай, алыс түкүргөн бир тамчы түкүрүк ал кыз үчүн табылгыс бир нээмат эле.
Атасы өтө бай адам экен... Кызынын ал-акыбалын көрүп, башын мыкчып, чыдай албай кыйкырганын, ыйлаганын көз алдымда али да эч унута албайм.
Жардам кыла көр, оо Раббым! деп жатты. Бизге жардам бер... Алсызмын, колумдан эч нерсе келбей жатат. Менин билип - билбейм кылган күнөөм болсо кечире көр. Бир тамчы түкүрүккө зар болуп олтурабыз аны сатып дагы ала албайбыз. Сен мага байлык бердиң, эсебине кызымды ала көрбө. Канчалаган байлык топтоп жыйдым, канчалаган мүлкүм бар, бирок кызыма бир тамчы шилекей сатып алууга алсыз болуп олтурам.
Оо, Жараткан! Бизге жардам бер. Сен Берүүчү бизге кандай гана кереметтерди бердиң, кандай ырыскыларды, эсепсиз нематтарды бердиң, а биз анын баасын-баркын билбей келебиз. Аны жоготкондо гана түшүнөбүз, ошондо гана анын канчалык баалуу экенин билебиз. Сен жараткан нерсенин баары канчалык кымбат, канчалык баалуу экенин мына биз дагы билип олтурабыз. Өмүрүбүз өткөнчө бул тамчы шилекейдин кадырын билбейт элек. Биздин денебиздеги ар бир кан- тамырдын ийне- жибине чейин биз үчүн эч жерден сатып алгыс, табылгыс улуу немат экенин Сен билгиздиң. Чарасыз, алсыз пенделериңе жардам бер, оо Аллахым! ..деп дуба кылып жаттылар...
"Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!" деген аятын эстеп, өзүмдө бар нематтарга карап Раббыма шүгүрлөр дедим...
🧕Автор: Насиба Абдуллаева.
https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907