Привет всем! Приглашаем на обсуждение дизайн проектов городских пространств Open Osh.
Ваше мнение очень важно для нас!
РЕГИСТРАЦИЯ И ДЕТАЛИ Ачык талкуулоо: “Open Osh” паркы жана Музей багын куруу
Бардык кызыккан жарандарды Open Osh долбоорунун алкагында коомдук жайларды жакшыртуу боюнча идеяларды талкуулоого чакырабыз:
1. Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнүн жанындагы парк аймагы — шаардыктардын чыгармачылыгы жана таланты үчүн заманбап жана ыңгайлуу коомдук мейкиндик;
2. Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин алдындагы бакча — табият менен маданияттын айкалышкан, чыгармачылыкка жана жаратмандыкка шыктандыра турган жер.
10-февраль, дүйшөмбү, саат 16:00 — Open Osh паркы долбоорун талкуулоо
11-февраль, шейшемби, саат 15:00 — Музей багы долбоорун талкуулоо. Алгач музей боюнча кичинекей экскурсия өтүп, андан соң бакчанын келечегин талкуулайбыз.
Дарек: Кол Өнөрчүлөр(Алебастрова) көчөсү 31, Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи