Төрт адамды эч качан таштап койбо: ата-энеңди, аялыңды, балдарыңды, досторуңду;
Төрт нерсе менен сулуулан: сабыр, жумшактык, илим, берешендик;
Төрт нерсеге кыянаттык кылба: Аллага,
Пайгамбарыңа, диниңе, мекениңе;
Төрт нерседен алыс бол: арактан, кумардан, сүткордуктан, зынадан;
Төрт нерседен сактан: шайтандан, напсинин азгырыгынан, шахваттан, жаман достон;
Төрт адамга таш боордук кылба: жетимге, мусапырга, кедейге, ооруп жаткан адамга;
Төрт адамга суук мамиле кылба: атаңа, апаңа, ага-иниңе, эже-карындашыңа;
Төрт адамдын ачуусуна тийбе: аалымдын, мугалимдин, такыба адамдын, карыянын;
Төрт нерсени аткарба: бой көтөрбө, текеберденбе,
көрө албастык кылба, кек сактаба;
Төрт адам менен дос болбо: жалганчы, ууру, көрө албас, менменсинген адам;
Төрт нерсени такыр үзбөй аткар: намазды, Куран окууну, зикр кылууну, туугандар менен карым-катнашты.
📕”Адам адеби” китебинен