ИЛИМ ОРДОСУ 🕯📚


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Din


Ассаламу алейкум ва рахматуллохи ва баракатуху .Биздин группага кош келиңиздер!!!
"Ыйык Куран аяттары" 📗
"Хадистер"🌹
"Видео баяндар "🎥
"Тесттер "📗
'Мотивация "🔗
"Биздин группалардан бул дүйнө жана акыретиңиз үчүн пайда алып кетиңиз .....🥰🌹❤️

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Din
Statistika
Postlar filtri


~Ар бир нерсе себепсиз болбойт бул- жашоонун мыйзамы Аллахтын каалоосу.💌
Жашооңдо келген ар бир көз ирмемдер сабак жана тажрыйба үчүн болот.
Жакшы нерселер Аллахтын белеги болсо
Көйгөйлөр жакшылыктын башаты 💌
Эң негизгиси жан дүйнөңдү тыңшап иш кылсаң өкүнбөйсүң, кээде акылың адаштырып коюшу мүмкүн 💌
Бул жашоонун сыноосу бүтбөгөндөй эле Аллахтын жакшылыктары дагы эч качан түгөнүп калбайт 💌


➣ Абдулла Ибн Умар (разияллоху анху)дан риваят Пайгамбар (ﷺ) айтат:

*⪻Ар бир нерсе тагдырдан: ал тургай, алсыздык да, акылдуулук да⪼* - деди. ⦅Муслим⦆


*ХАДИС*

🌴🌳🌴🌳🌴🌳🌴🌳🌴🌳

عن ابي هريرة (ر ض ع)قال قال رسول الله (ص ع و) *من قال جين يصبح و جين يمسي: سبحان الله وبحمده ماءة مرة، لم يات احد يوم القيامة بافضل مما جاء به الا احد قال مثل ماقال او زاد عليه..رواه مسلم باب*.فضل انتهنيل و ازتسبيح،الدعاء رقم فه غ6743 و عند ابي داودسبحان الله العظيم و بحمده . باب ما يقول اذا اصبح رقم5091

Абу Хурайра (р д анху) дан риваят. Пайгамбарыбыз ( с а в) айтат. *"Кимде-ким эртең менен жана кечинде. *"Субханаллоохи ва бихамдихи"*келимесин 100 жолу окуса, Кыямат күнү андан өткөн (амал жагынан) пенде табылбайт. Бирок ким ошол келимелерди ошончо же андан көбүрөөк айткан болсо, ошол гана жетиши мүмкүн. Дагы бир хадисте *"Субханаллоохил Азиим бихамдихи"* деп келген. (Муслим)


ХАДИС

عن اسامة بن زيد (ر ض ع) قال: قال رسول الله (ص ع و) *"من صنع اليه معروف فقال لفاعله: جزاك الله خيرا فقد ابلغ في الثناء"*

Усама бин Зайд (р д анхума) баяндайт. Алланын Элчиси (с а в) мындай деген: "Бирөөдөн жакшылык көргөн адам жакшылык кылган кишиге "Жазакаллааху хойрон (Алла сага мунун жакшылыгын буйрусун!)" деп айтса, эң сонун алкаган болуп саналат". (Тирмизии, Бирр 87)
•┈┉••✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾••┉┈•


➣ Абу Дарда (разияллоху анху)дан риваят Пайгамбар (ﷺ) айтат:

*⪻Ким төшөккө жатаарда, тахажжуд окуйм деген ниет менен жатып, бирок уктап калып, таңды атырып жиберсе, кылган ниетинин сообу жазылат да, уйкусу Алладан белек болот⪼* - деди. ⦅Насаи⦆


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Дүйнө – бул ар бир адам ката кетирип, алардан сабак ала турган чоң класс. Ар бир турмуштук кырдаал бизге бир нерсени үйрөтөт жана жашообузда пайда болгон ар бир адам мугалим. Кимдир бирөө бизди күчтүүрөөк, кимдир бирөө акылман, кимдир бирөө кечирүүгө, бирөө бактылуу болууга жана ар бир күндөн ырахат алууга үйрөтөт. Кимдир бирөө бизге эч нерсе үйрөтпөйт – жөн гана сындырат, бирок мындан да тажрыйба алабыз...


Оо Аллахым, мага дүйнөнүн жана акыреттин жакшысын бер🤍


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Кээ бирөөлөр үчүн дуа кылуу сонун,
А кээ бирөөлөрдүн
дуасында болуу андан да сонун💌🕊


Мээримдүү Ырайымдуу Жараткандын аты менен

Оо Кудайдын элчиси
Оо көкүрөк эмчиси
Жаасын салам-алкыштар
Жаандан көп энчиси

Туура жолго жолдоочу
Түз жүргөндү колдоочу
Жараткандын алдында
Жашына турчу, ортомчу

Оо Кудайдын элчиси
Оо көкүрөк эмчиси
Жаасын салам-алкыштар
Жаандан көп энчиси

Жаратканга баштады
"Жакшы бол"-деп какшады
Жакшы-жаман чектерин
Жалпыбызга тактады.

Оо Кудайдын элчиси
Оо көкүрөк эмчиси
Жаасын салам-алкыштар
Жаандан көп энчиси

Жараткандын сүйгөнү
Жалпы үммөтү күйгөнү
Көрбөй сүйдү сиз-бизди
Кел биз да аны сүйөлү

Оо Кудайдын элчиси
Оо көкүрөк эмчиси
Жаасын салам-алкыштар
Жаандан көп энчиси

Ашыктардын күн-түнү
Акыйкаттын төркүнү
Ай-күн, көк-жер баарысы
Айтканына көнгөнү

Оо Кудайдын элчиси
Оо көкүрөк эмчиси
Жаасын салам-алкыштар
Жаандан көп энчиси

Жаңсашынан бөлүндү
Жалчык жарты көрүндү
Жылып келди агач да,
Жер-таш дагы үндөдү

Оо Кудайдын элчиси
Оо көкүрөк эмчиси
Жаасын салам-алкыштар
Жаандан көп энчиси

Анын жолун кармангын
Ак сөз, ак иш жасагын
Азгырыкка берилсең
Азаптуу арман айагың

Түшүндүрмө:
Ортомчу - шапаатчы
Жаратканга баштады - бизди Жаратканга багыттады, аны ыраазы кылуу жолун көрсөттү.
Эмчи - табып, дарыгер
Энчи - берилүүчү үлүш, бөлүк
Ашык - катуу сүйүүчү
Жаңсоо - колун шилтөө, ишарат кылуу
Жалчык - ай 🌙 🌒
Агач - дарак 🌳


Хузайфа (разияллоху анху)дан риваят Пайгамбар саллоллооху алейхи ва саллам) айтат:

*“Жыйындын ортосуна олтурганга наалат айтты”*. (Абу Дауд)

▪️ ТҮШҮНДҮРМӨ:
Жыйындын ортосунда олтуруу дегени, адамдардын желкесинен аттап өтүп, алдыга умтулуп, алардын ортосуна олтуруу, дагы бир мааниси, адамдар бири бирине жүздөнүп, тегеректеп отурса, алардын ортосуна олтуруп алп, аларга тоскоолдук туудурат деди. (Маъарифул Хадис)


Адам деген сыр.
Чечилишин күтүп жатабыз.
Адам – табышмак.
Белгисиз, бирок билгиси келет.
Адам издөөчү.
Көбүнчө ал эмне издеп жатканын билбейт.
Адам каалаган адам.
Кээде билип туруп туура эмес нерсени каалайт. Адам – күтүүчү.
Келбей турганын билсе да сезиминде жашаган адам.
Адам бөтөн жер.
Мекенин сагынган адам.
Адам – бул үлгү.
Сүйүү менен жаралган.
Адам өзүн тааныбаганда таш боор.
Адам затына жеткенде ырайым болот.
Адам адам.
Ал  Жаратканга  таянганда…

•┈┉••✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾••┉┈•


ЫРЫСКЫДА БЕРЕКЕ ҮЧҮН ДУБА

مَا شَاءَ اللهُ لا حول و لا قُوَّةَ إِلَّا بِاللهِ ، أَشْهَدُ أَنَّ الله عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ


⪻Ма шаа аллооху лаа хавла ва лаа куввата илла билах, ашхаду анналлооха ъалаа кулли шайин кодиир⪼

𖥉 Абу Хурайра (р.а) дан риваят: Пайгамба- рыбыз (с.а.в) айтты:

≪Ким бул дубаны эртең менен окуса, ошол күнү ага эң жакшы ырыскыберилет жана жамандыктардан сакталат. Ал эми ким кечинде окуса, ошол түнү ага жакшы ырыскы берилип жамандыктардан сакталат.≫
﴾ Канзул Уммал 2/106 ﴿

اللهم ارزقنا من فضلك و لا تحرمنا رزقك و بارك لنا فيما رزقتنا والجعل عنادنا في القينا و الجعل رغبتنا في ما عندك



⪻Аллахуммар зукнаа мин фазлика ва лаа тахримнаа ризкока ва баарик ланаа фиимаа розактанаа важьал гина'анаа фии анфусинаа важъал рогбатанаа фии маа вино ндака⪼
⧼ Канзул Уммая 2/210 ⧽
┈┈┈┈•❈••✾••❈•┈┈┈┈•


Анас (разияллоху анху) айтат Пайгамбар (саллоллооху алейхи ва саллам)дан:

*“Чоң күнөөлөр кайсылар”* - деп сурады. Пайгамбар (саллоллооху алейхи ва саллам):

*“Алла Таалага шерик кошуу, ата энеге баш ийбөө, киши өлтүрүү жана жалган күбөлүк өтүү”* - деди. (Бухари)


Абу Хурайра (разияллоху анху)дан риваят Пайгамбар (саллолооху алайхи ва саллам) айтат:

*“Момун - момундун күзгүсү, момун момундун бир - тууганы. Ал аны бардык жагынан коргойт, зыяндан сактайт”* - деди. (Абу Дауд)


"Сөз беремин, талашып-тартышпаган, өзүнүкү туура болсо да тили менен эч бир адамды таарынтпаган, тамаша же болбосо жанындагыларды күлдүрүү максатында жалган сүйлөбөгөн, жакшы мүнөздүү мусулман Жаннатка кирет.” [Тирмизи]

"Ушул алты нерсени аткарган адамдын Жаннатка кире тургандыгына кепил боломун: Сүйлөгөндө чын сүйлөгөн, берген сөзүн орундаткан, аманатка көңүл бурган, намысын коргогон, көздөрүн харамдан сактаган, колдорун жамандыктан тарткан адам.” [И. Ахмед]


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
🍂Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алейхи уа салламдын өмүр баяны.🍂

1-бөлүм


❤️‍🩹 ОРОН КЫЗЫМ ! ❤️‍🩹

Орон кызым! Хиджаб болсун кийимиң,
Көрүнбөсүн көкүрөк-баш, ийиниң.
Көйнөгүңдүн узундугу далилдейт,
Көптөрүнөн намысыңдын бийигин!

Орон кызым! Назарыңды сындыргын,
Оронууда жандырмагы бир сырдын.
Оронушкан Каныкей да Айчүрөк,
Жаңылмырза, Курманжаны,- кыргыздын!

Орон кызым! Оромолуң жарашсын,
Оронгон деп күйөө балдар талашсын.
Ортосунан тандап нике кыялы,
Омиин айтып тойдогулар тарашсын!

Орон кызым! Сен оронсоң оңолот,
Оңолбогон жигиттер да оболоп.
Оңду солду карай берген каректүү,
Калк арасы зынакорлор жоголот.

Орон кызым! Жакшы гана сүйлөгүн,
Бул да жолу жакшылыкка үндөөнүн.
Силер кийген кийимиңер себептүү,
Дин таркасын төрт бурчуна дүйнөнүн!

Орон кызым! Бейпил өмүр сүрөсүң,
Опурталдуу динсиз жошоо билесиң.
Доомат кылуу, жаман күмөн, кызгануу,
Кетирет го бал турмуштун ширесин.

Орон кызым! Пейлиңди да оңдогун,
Орой мүнөз оозу жаман болбогун.
Ой бул менин укугумдун өзү деп
Обочого наркты таштап койбогун!

Орон кызым! Жакшы болсун жолдошуң,
Жараткан зат жалпы элди колдосун.
Жакшы кыздын жары болуш максатта,
Жигиттер да жүрүштөрүн оңдосун.

Орон кызым! Баалуулуктар алмашсын,
Ким кымбат да ким арзанын аңдашсын.
Кыздарыбыз кадырланып баркталып,
Ак никеде мырзалары жандашсын!

✍Оркошов Камбараалы




Айша (разияллоху анха)дан риваят Пайгамбар (саллолооху алайхи ва саллам) айтты:

*“Эки рекет мисвак менен намаз окуу - жетимиш рекет мисваксыз окуган намаздан артыгыраак”* - деди. (Баззар)


Инсан деген сөз унутчаак деген сөздөн келип чыгат. А зикир сөзү эстөө, эскерүү деген мааниде.
Мусулман өзү эмне максатта жаралгандыгын унутуп калбашы үчүн, зикир кылгыла деп ыйык Курани Каримде эң көп эскерилип, буйруктар келген.
Эң жакшы насыйкат,  руханиятты көтөрүү жолу бул Жаратканды көп эстөө менен пайгамбарга салават айтуу....

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.