"БУГА БЕРДИҢ, БИЗГЕ ДАГЫ БЕР."
Бир жолу адамдар ажылыкка барат. Арасында жүрөгү таза бир такыба адам болот. Чогуу баргандар ал адамды тамашалоо үчүн бири-биринен "Сен алдыңбы? Сенчи, сен дагы алдыңбы?" деп сурай баштайт. Кызыгып калган такыба адам "Эмнени сурап жатасыңар?" дегенде адамдар "Биздин ажылыгыбыздын кабыл болгондугу тууралуу кагазды."деп жооп беришет. Такыба киши "Ал кагазды кайдан алдыңар?" деп сурайт. Адамдар "Ал кагазды Алла Таала асмандан жиберет." деп жооп берет. Муну уккан жүрөгү таза адам Каабага чуркап барып, анын көшөгүсүнө жабышып "Оо, Алла Таала, аларга бердиң, мага дагы бер." деп жалдырап жалбырап ыйлап баштайт. Мединага жөнөгөнү жаткан шериктери шашып такыба кишинин жанына барып "Оо, таксыр, биз сизди тамашалап койдук, андай кагаз жок." деп айтса дагы жанагы киши болбой Каабага жабышып сурана баштайт. Бир маалда асмандан кагаз учуп келип такыба кишинин колуна түшөт. Аны көргөн шериктери коркуп кетет. Арапча жазылган кагазды Каабанын имамына алып барат. Имам "Бул жерде бул кишинин ажылыгы кабыл болгондугу жана бул кишинин урматына быйыл ажылыкка келген бардык ажылардын зыяратын Алла Таала кабыл кылгандыгы" тууралуу жазылып турат деп которуп берет. Муну уккан шериктери да Каабага жабышып "Бул кишиге бердиң, бизге дагы бер." деп жалбырап суранышкан экен.