Кыргыз журналистикасына 100 жыл
💻 Урматтуу кесиптештер, журналистиканын ардагерлери жана маалымат менен басма сөз кызматкерлери!
7-ноябрда биз эки маанилүү кесиптик майрамды белгилейбиз: Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүн жана туңгуч кыргыз гезитинин негизделгенинин 100 жылдыгын.
💡💡100 жыл мурун, 7-ноябрь күнү Ташкентте кыргыз тилиндеги “Эркин Тоо” гезитинин биринчи саны чыккан. 1993-жылдан бери КРнын өкмөтү бул күндү жыл сайын белгилөө жөнүндө чечим кабыл алган.
Бул окуялар биздин кесиптик коомубузду бириктирип, ишибиздин коом үчүн маанилүүгун көрсөтөт. “Эркин Тоо” жөн гана биринчи гезит болуп калбастан, кыргыз журналистикасынын калыптанышынын, өнүгүүсүнүн жана сөз эркиндиги үчүн күрөшүнүн символу болуп калды. Бүгүнкү күндө биз бул ишти улап, кесипкөйлүк, объективдүүлүк жана жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктарды муундан муунга өткөрүп жатабыз.
💡💡Бул майрам күнү журналистикага өмүрүн арнаган ар бир адамга терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин эмгегиңиздер жөн гана кесип эмес, бул миссия. Сиздер эң актуалдуу окуяларды чагылдырып, коомдук пикирди калыптандырып, адам укуктарын коргойсуздар жана адилеттүүлүк үчүн күрөшөсүздөр.
Сиздердин кесиптик ишмердүүлүгүңүздө ар дайым шыктандыруу, жаңы ой табылгалар жана кызыктуу долбоорлор болсун.
Сиздерге чын ден соолук, бакыт жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
👩💻👨💻 Кыргызстандагы Интерньюстун жамааты