Ислам дини бизге оңой эле келип калган эмес!
Абубакрды (ага Аллах ыраазы болсун) бутпарастар катуу сабап, "өлүп калды го" деп таштап кетишкен.
Аффан уулу Усманды (ага Аллах ыраазы болсун) курма жалбырактарынын үстүнө байлап, жалбыракты күйгүзүп түтөтүп азапташты.
Абу Ваккастын уулу Саъдга энеси тамак да, суу да бербей, динден чыгарууга аракет кылды.
Рабахтын уулу Билалды (биринчи азанчы) кожоюну ысык күндө кызыган ташка жаткырып үстүнө кызыган ташты коюп азаптаган.