ШААБАН АЙЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫ Кадырлуу мусулман бир туугандар! Башка айлардан өзгөчөлөгөн жана кылган амалдарыбыз Аллахка көтөрүлө турган
Шаабан айында турабыз. Аллахтын сүйүктүү пенделери бул айда Аллахка көбүрөөк ибадат кылууга аракет кылышкан. Ал эми күнөө кылган адамдар күнөөлөрү үчүн тообо кылып, Аллахтан күнөөлөрүн кечиришин сурашкан.
Усама бин Зайд (радиаллаху анху) Оо, Аллахтын Элчиси, сизди Шаабан айында орозо кармаганыңыз сыяктуу башка айларда орозо кармаганыңызды көргөн жокмун» - деп сурасам, Пайгамбарыбыз:
«Ал Шаабан айы Ражап айы менен Рамазан айынын ортосунда келип, элдер ал айды кайдыгер болуп өткөрүп жиберишет. Бул ай - амалдар ааламдардын Роббисине көтөрүлө турган ай. Менин амалым орозо болуп турган учурумда көтөрүлүүсүн жакшы көрөм» - деди. 📚 Насаи: 2356.
Бул хадисте пайгамбарыбыз ﷺ адамдардын көпчүлүгү маани бербеген Шаабан айындагы амалдардын сооптуу экендиги жана бул айдын көпчүлүк күндөрүн орозо кармоо менен өткөрүүнүн артыкчылыгы туурасында айтып өттү. Ошондой эле бул айда ар бир адамдын кылган амалдары Аллах таалага көтөрүлөт.
Ал эми кээ бир сахабалардын Шаабан айына кандай мамиле кылышкандыгын айта турган болсок,
алар Шаабан айына Рамазан айына даярдык көргөндөй даярданышкан. Мисалы, Аммар ибну Ясир (радиаллаху анху) туурасында мындай деп айтылган:
«Аммар Рамазан айындагы орозого кандай даярдык көрсө, Шаабан айындагы орозого дагы ошондой даярдык көргөн». Бул айдын артыкчылыгы жана андагы кылынган ибадаттар сооптуу болгондугу себептүү сахабалар бул айга өзгөчө көңүл бурушкан.
Ошондой эле мүмкүнчүлүктөрүнө жараша
орозо кармашып, Куранды окууга жана аны башкаларга үйрөтүүгө көп убактыларын бөлүшкөн. Кедей-кембагалдарга колунан келген жардамын көрсөтүп, аларга садака беришкен. Бул ибадаттарды кылуу менен алар Шаабандан кийинки Рамазан айына даярдык көрүшөт эле. Качан Рамазан айы башталганда алар күч-кубат жагынан да, руханий жактан да ибадат кылууга толук даяр болуп, Рамазан айында эч кандай ачкалыкты же чарчоону сезбестен, ырахаттануу менен орозо тутушкан.
Ошондой эле Хафиз Ибн Ражаб (Аллах аны ырайымына алсын) мындай деп айткан:
“Шаабан айы келгенде Амр ибн Кайс куран окууга өзүн арноо үчүн соодасын жаап, Рамазанга чейин өзүн оңдогон адамга бейиш болсун”- деп айтат эле.📚
لطائف المعارف: ١٣٨ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Демек, бул айда көбүрөөк
орозо кармоого аракет кылалы. Анткени пайгамбарыбызﷺ бул айдын көпчүлүк күндөрүндө орозо кармаган. Шаабан айын толугу менен же тең жарымын орозо кармоо шарт эмес. Бул айдын көпчүлүгүн орозо кармоого кимдин кудурети жетсе, ал өзү үчүн жакшы. А эгер көпчүлүгүн кармоого кудурети жетпесе, анда жок дегенде сүннөткө ылайык
дүйшөмбү (биринчи күн) жана бейшемби (төртүнчү) күндөрү орозо кармоого аракет кылсын.
Эгерде буга дагы кудурети жетпесе, анда бул айдын 13-14-15-күндөрүндө орозо кармаганга аракет кылсын. Анткени ар айдын ушул күндөрү орозо тутуу сүннөт болуп эсептелет.
Ошондой эле Куран китебин көбүрөөк окууга аракет кылалы. Анткени аалымдар айткандай Шаабан айы – Куранды окуунун айы. Эгерде ким бул айда Куранды бир жолу окуп бүтүрүүгө аракет кылса, анда ал үчүн Рамазанда Куранды көп ирээт окуп бүтүрүүсүнө жеңил болот.
═════════
башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз. Себеби, сиз жиберген бир эле маалымат, балким кимдир-бирөөгө пайдалуу болушу мүмкүн. Эгер ал аны үйрөнүп жашоосунда аткара турган болсо, ал аткарган сайын сизге да ошондой сооп кемибестен жазылып турат.Буга далил пайгамбарыбызﷺ мындай деп айткан:
"Жакшылыкка жол көргөзгөн адам, ошол жакшылыкты кылган адамдын сообундай сооп алат".📚
Сахих Муслим.Зубайд аль-Куфи (рахимахуллах) айткан:
«Мен бир сөз уктум, Аллах аны менен мага отуз жыл пайда берди». 📚
Ас-Сияр: 5/297.
➖➖➖➖➖➖➖➖
✍
Нематулла Кадайев
Telegram
👉https://t.me/islambulagy
Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link
YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA
Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share