Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Намаз окуу, Роббиңди ыраазы кылат, Пайгамбарлардын сүннөтү, периштелердин жакшы көргөн ибадаты, Аллахты таанытуучу нур, ыймандын негизи, дубанын кабыл кылдыруучусу, малга жана кесипке береке келтирүүчү, душманга курал-жарак, шайтанды кордоочу, жан алгыч периште менен намаз окуган адамдын ортосундагы шапаат кылуучу, гөргө барганда кыямат күнгө чейин жарык берүүчү нур, кыямат күнү башында көлөкө кылуучу, башына таажы, денесине кийим, Тозоктун ысыгын тосуучу парда, Роббинин астына барганда күбө, таразасын басуучу, Тозоктун үстүндөгү тартылган көпүрөөдөн өткөрүүчү, Бейиштин ачкычы».