АЙТ НАМАЗЫНА БАРУУДАГЫ СҮННӨТТӨР1) Гусул алууМусулман айт намазына чыгуунун алдында жума намазына алгандай гусул алуу сүннөт. Себеби Абдуллах ибн Умар айт намазына чыгаарда гусул алган.
Нафиъ (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Абдуллах ибн Умар орозо айт майрамына чыгуунун алдында гусул алып туруп чыгаар эле".📚 Муатто (2/248)
Имам Нававий сахих деген.
2) Так санда курма жеп чыгууОрозо айт майрамына чыгардын алдында оозду так санда курма менен ачып чыгуу сүннөт. Ал эми кайсы бир мусулман курма таппаса башка нерселер менен оозун ачып чыгат, себеби мусулман айт күнү орозо кармоодон кайтарылган.
Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:
"Аллахтын Элчиси ﷺ Орозо айтка чыгуунун алдында так санда (бир же үч) курма жемейинче чыкпайт эле."📚Бухари 953
3) Такбир айтууОрозо айт күнү кылынуучу сүннөттөрдүн бири - Аллахты улуктап такбир айтуу керек. Себеби алгачкы өткөн солих адамдар айтка караган түндөн баштап, имам айт намаз окуу үчүн чыкканга чейин такбир айтышкан.
Малик ибн Анастан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят:
"Абдуллах ибн Умар орозо Айт күнү имам (намазга) чыкканча такбир айтчу эле".📚 Ахкамул-айдайн (1/111)
4) Бири бирин куттуктооАйт күнү мусулмандар бири бири менен жолукканда "такабалаллоху минна уа минкум" деп айт менен куттуктап айтуу сүннөт, анткени бул нерседе сахабалардан асар келген.
Жабир ибн Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Аллахтын Элчисинин ﷺ сахабалары айт күнү жолугушканда бири-бирине "Аллах бизден жана силерден кабыл кылсын"- деп айтышаар эле."📚Тамамул-минна 354.
Имам Албани сахих деген.
5) Эң жакшы кийимин кийип барууАр бир мусулман айт намазына таза, эң жакшы киймин кийип баруу сүннөт, себеби Аллахтын Элчиси ﷺ хадисте айт намазына эң жакшы чепкенин кийип чыкканы келген. Ал эми аялдар ауратын толук жапкан, тар эмес, денеси көрүнбөгөн, эркектерди өзүнө тартпаган, ачык өңдүү болбогон кийимдерди кийиши важип.
Жабир ибн Абдуллах ( Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Аллахтын Элчисинин ﷺ чепкени бар эле, аны эки айт менен жума намазына кийип чыкчу".📚Сахийх ибн Хузайма (1765)
Абдуллах ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун)
Айт намазына эң жакшы кийимин кийип чыкчу эле.
📚Сунану ал-Байхакий (3/281)
6)Башка жол менен кайтуу Айт намазына барган жол менен кайтпай башка жол менен кайтуу. Аалымдар:
"Айт намазга барып келген жолдор Кыямат күнү Аллахтын алдында күбөлүк берет"- деп айтышкан.
Жабир ибн Абдуллах ( Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Аллахтын Элчиси ﷺ Айт намазга барган жолу менен келбей, башка жол менен кайтчу эле".📚Бухари 986
🖋 Талас Артыкбаев rel='nofollow'>👉t.me/islamtaanuuБашкалар менен бөлүшүп, соопко шериктеш болуңуз!