Табияттан алган үч сабак
"Гүлдөй болуп айланага жыпар жыт, кооздук тартуулайлы. Топурактай сизди кадырлаган инсан өзү келет", — дептир Шамс Тебризи.
Биринчи сабак: бал аарыдан алынчу сабак. Учканы жарыктык, конгону кооздук, көргөнү сулуулук, бергени жылуулук. Жашоо бакчасында сөздөрдүн, иштердин, мамилелердин жакшысын кылып, башкалардын жүрөгүнө уу сеппей, гүл эгели. Башкалар бизди эстегенде кубансын, жолубузду карап күтсүн, сүйлөшүүгө шашылсын...
Бири-бирибизге Жараткандын улуктугун, жакшылыгын эстетип, жакшы жолго чакырып, жаман жолдон кайтарып туралы.
Экинчи сабак: курма дарагынан алынчу сабак. Жалбырагы да, мөмөсү да тээ бийиктикте. Майда-чүйдө менен иши жок. Жалбырагы түшүп жерди бытыратпайт. Жакшыга да, жаманга да көлөкөсүн аябайт. Акмак таш ыргытса, ал бышкан мөмөсүн ыргытат. Адамдарга айрыкча, аңкоо, наадандар менен мамиле кылууда ушундай бийик болгон жакшы. Бурулуп карабай, айтканына жооп кайтарбай, кечиримдүү болуп, көңүл бурбай, алдыга баса берели.
Үчүнчү сабак: кумурскадан алынчу сабак. Тамактын тазасын жеп, аз эс алып, көп иш кылган, аракетчил, мээнеткеч, көздөгөн жерине көктүк менен жеткен, өзүнө берилген жумушту жоопкерчиликтүү аткарган, багыты бир жолго гана багытталган кумурскадан алчу сабактар көп. Алдыга максат коёлу, анан ага жетүүгө тырышалы. Балким жүз жолу артка кетишибиз мүмкүн, бирок жүз биринчисинде эмне үчүн алдыга кетүүгө болбосун...
О, Жараткан Аллах, бал аарыдай пайдалуу, оозунан балдай таттуу сөз чыккан, жакшы мүнөздүү адамдардан кыл!
Курма дарагындай бийик, эч кимге зыян жеткирбеген сабырдуу пенделерине кош.
Кумурскадай мээнеткеч, аракетчил кыл.
~ "Эртең дебе" китебинен