Кош бол , Оо Рамазан 🥺🫀
🧕🏻 - Рамазан, кетип жатканың чынбы? Жүрөгүмдө бир башкача сезим пайда болду.
✨ - Ооба, мен сапарга чыгууга даярмын. Бир ай бою сага мейман болдум, эми кетишим керек…
🧕🏻 - Сен келгенде үйүм да, жан дүйнөм да нурга бөлөндү. Ибадатым көбөйүп, жүрөгүм тынчтык тапты. Эми сен жок бул жарык өчүп калчудай сезилет...
✨ - Мен сага нурумду калтырып кетем. Эгер ошол жарыкты сактап калсаң, менден алыстап кетпейсиң.
🧕🏻 - Кантип сактайм, Рамазан? Сен барда күнөөлөрдөн качуу жеңил болчу. Бирок сен кеткенден кийин кайра алсыз болуп калбаймбы?
✨ - Эсиңде болсун, менин максатым – сага бир айлык жакшылык эле эмес, түбөлүк жол көрсөтүү. Менден үйрөнгөн сабактарыңды унутпа:
• Намазды убактысында оку.
• Куран менен мамилеңди үзбө.
• Боорукер бол.
• Сабырдуу бол.
• Напсиңе эмес, ыйманыңа баш ий!
🧕🏻 - Мен аракет кылам, Рамазан! Бирок дагы да болсо сени сагынам...
✨ - Кийинки жылы мени күт, бирок ошол убакытка чейин мени менен болгонубузду эстеп жашап, мени кайра тосуп алууга даярдан.
🧕🏻 - Ин шаа Аллах! Кайра жолукканча, менин эң жакшы мейманым!
✨ - Аллах сени Өзүнүн коргоосуна алсын! Сага аманатым – тазарган жүрөгүң. Аны сактап кал!
🧕🏻 - Жолуң шыдыр болсун! Оо Рамазан ! Кайра келгениңде мени жакшыраак абалда тап !🥹
✨ - Ин Шаа Аллах! 🫂
✍🏻: Хафиза кыз 🫀)