Kaktus.kg


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


Биз менен биргеликте Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү жаңылыктар менен кабардар болуңуз!

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Вьетнамдан келген лобстерлер артка кайтарылды

Вьетнамдан мыйзамсыз алынып келген лобстерлер чек арадан алып өтүү аракети токтотулду. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, лобстерлер тирүү болгон. Деңиз жандыктарын кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз алып өтүү аракети бөгөттөлүп, товар артка кайтарылган.


Милициянын маалыматына караганда, 1996-жылы туулган жаран мас абалда үй-бүлөлүк чырдан улам өз жанын кыюуга аракет кылган.

Териштирүү иштери жүрүп жатат.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Өзүнө бензин чачып өрттөгөн жарандын видеосу

Социалдык тармакка өзүнө бензин чачып өрт койгон кишинин видеосу тарады. Бул окуя соцтармактагы баракчада түз эфирде көрсөтүлгөн. Андан белгисиз адам башынан ылдый бензин куюп алып өзүн өрттөп жиберген.


❗️Соттун чечими менен Рита Карасартова 12-майга чейин тергөө абагына киргизилди.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Ош шаарындагы жаңы муниципалдык базарды ачууга карата даярдык иштери соңуна чыкты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.

Эскерте кетсек, 20-апрелден баштап борбордук базар жаңы муниципалдык жайга көчүрүлөт.


📸 Гүлгө оронгон Ош

Жаздын жыты менен кошо Ош шаары түркүн түстөгү гүлдөргө бөлөндү. Жол четиндеги клумбалар, эс алуу бактары жана коомдук жайлар майрамдык маанай тартуулап, тургундар менен конокторду өзүнө тартууда. Жаздын керемети Ошту кооздукка бөлөп, шаар турмушуна өзгөчө жылуулук кошууда.


📌 КТБлар 1–12-майда иштебейт

Санариптик министрлик билдиргендей, майрамга байланыштуу Калкты тейлөө борборлору 12-майга чейин жабык болот.

🔹 Иш 12-майда кадимки графикте башталат: 9:00–18:00, тыныгуу 12:30–13:30
🔹 Онлайн-кезек: “Түндүк” порталы аркылуу

Эс алуу күндөрү:
1–8-май — расмий эмес майрамдар
9-май — Жеңиш күнү
10–11-май — дем алыш


🇰🇬 Кыргызстанда орточо айлык 39 456 сомду түздү

Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,8%га өскөн. Эң чоң өсүш курулуш, байланыш, мейманкана-ресторан, медицина жана илимий тармактарда байкалган.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Лейлекте майыптыгы бар жарандардан акча алган мамлекеттик кызматкерлер кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, Лейлек районунда Райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы жана врач-эксперт ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан кайсы майыптык тобуна кирерин аныктап берүү үчүн 3 миңден 5 миң сомго чейин акча алып жүргөн.

Коррупциялык схема системалуу мүнөздө болгон. Учурда эки кызматкер тең кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө иштери уланууда.


Тажикстанда жер титирөөдөн 90дон ашык үй кыйрады

13-апрелде Тажикстандын түндүк-чыгышында болгон жер титирөөдөн улам Рашт жана Тажикабад райондорунда 94 үй кыйрады. Дагы ондогон имараттар жабыркады. Бир бала каза болду. Президенттин тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча комиссия иш алып барууда.


АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Ак үйгө кайра кайткандан кийин, анын администрациясы 1 миллион мыйзамсыз мигрантты өлкөдөн чыгарып жиберүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу The Washington Post өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Трамптын командасы бул пландарды жабык жыйындарда талкуулап жатат. Бирок эксперттер муну ишке ашыруу өтө кыйын экенин белгилешүүдө. Себеби буга керектүү каражат, кызматкерлер жетишсиз, андан тышкары көптөгөн мигранттардын сотто өз укуктарын коргоого мыйзамдуу укугу бар.

Администрация 1,4 миллион адамды депортациялоону пландаштырууда — булар буга чейин өлкөдөн чыгарылсын деген чечимди алган, бирок мекендери аларды кайра кабыл алуудан баш тарткан. Учурда АКШ бийлиги 30га жакын өлкө менен сүйлөшүү жүргүзүп, аларды кабыл алууга көндүрүүгө аракет кылууда.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Нарын шаарындагы Аргын аймактык башкармалыгына караштуу №64 аянтта “Эне жана Наристе” аталышындагы жаңы парк курулуп жатат. Жакын арада ал толугу менен пайдаланууга берилет.

Учурда аймакта жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Белгилүү болгондой, парк ишкер Таалай Карпековдун демилгеси жана каржылоосу менен тургузулууда.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Бишкекте онлайн казинолорду уюштуруп, жайылткан 3 шектүү кармалды. Алар Telegram аркылуу байланышып, жарандардын атына катталган электрондук капчыктар менен иш жүргүзүп жүрүшкөн.

Тинтүүдө 66 банктык карта, 30 телефон, 4 ноутбук жана 45 сим-карта табылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренеси боюнча иш козголду.


🚗 Кыргызстанда корей унаалары арзандашы мүмкүн!

Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Түштүк Кореянын кош салык салуудан качуу боюнча макулдашуусу каралды. Министрдин орун басары Чоро Сейитовдун айтымында, бул келишим унаалардын баасын төмөндөтүүгө себеп болушу ыктымал.

Учурда Корея менен 144 компания кызматташууда.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
“Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу ири партиядагы аквариумдук таш бакаларды алып өтүүгө аракет кылган жаранды кармашкандыгын маалымдайт.

Чек ара кызматы билдиргендей, 1991-жылы туулган С.М. аттуу Кыргызстандын жараны рюкзагына тирүүлөй 100 аквариумдук таш баканы салып алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран таш бакаларды бейтааныш адамдын өтүнүчү менен чек арадан алып өтүүгө алгандыгын билдирген.

Таш бакалар конфискацияланып, териштирүү иштери тиешелүү органга өткөрүлдү.


Түлөбаев: Жол эрежесин кайра сураган талап коррупцияга жол ачат

Депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, жол эрежесин бузгандардан кайра сынак алуу демилгесине каршы чыкты. Анын айтымында, эл булга каршы жана мындай талап МАИ кызматкерлерине коррупцияга жол ачат. Ошондой эле, бул тартип Бишкек менен Ошто гана колдонулушу керектигин белгиледи.


Бишкекте апрель окуясы эскерилди

Бүгүн, 7-апрелде, 2010-жылдагы революциянын 15 жылдыгында Эдил Байсалов, Айбек Жунушалиев жана Мирбек Мамбеталиев Эркиндик үчүн курман болгондордун эстелигине гүл коюшту.

Алар мекендештерди бир мүнөт унчукпай эскеришип, элдин күрөшү жана бийлик менен элдин биримдиги тууралуу белгилешти.


Сауд Арабиясынын чемпионатындагы кезектеги беттеште “Аль-Хиляль” менен “Аль-Наср” командалары жолугушту. Жума күнү кечинде өткөн оюнда “Аль-Наср” үстөмдүк кылып, экинчи таймдын башында эсепти 0:2 кылып өзгөрттү. Бул голдун автору — Криштиану Роналду болду.

Ошол гол менен 40 жаштагы Роналду өзүнүн карьерасындагы голдорунун санын 930га жеткирип, жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Ал расмий түрдө дүйнө жүзүндө эң көп гол киргизген футболчу болуп калды.

Экинчи орунда — 855 гол менен Лионель Месси, ал эми үчүнчү орунда — 762 гол менен легендарлуу Пеле турат.

18 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.