kapalanba 🤗


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Din


Ислам да сүйүүгө тыюу салынбайт анын адал болушун гана талап кылат 🥰✨💖

Связанные каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Din
Statistika
Postlar filtri


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Өмүрдү кызыктуу сүргөндөр бар,
Өмүрдө муң кайгы тартып жүргөндөр бар.
Айрымдар байкатпай өзүн алдап,
Ичтен сыздап, бирок сырттан күлгөндөр бар.


Кимдир бирөө сизге жамандык кылса өзүнө кылган болот,
сиз кимге жамандык кылсаңыз өзүңүзгө кылган болосуз...☝🏻


Сени тоготпой жаткандарга көр, угууну каалабай жаткандарга дүлөй, жактырбагандарга жүрөксүз бол !
Ошонусу жакшыраак...


Аллах сенин өсүшүңдү каалаганда,

•Сени жалгыз калтырат,
•Сени тынчсыздантат,
•Сени чарчатат,
•Сени сыноолорго салат,
•Сени кыжаалат кылат.

• Бирок, билип кой...
Аллах сени эч качан ийгиликсиз калтырбайт...🙂❤️‍🩹


Кээ бир адамдардын эки жүздүүлүгү, ушунчалык акыркы жолу качан чын күлгөнүн өздөрү да унутуп калышты...🍂🍁


Жаңы эле кошуна жашаган жеңем менен сүйлөшүп бүткөм.
Келинчегиме чалыптыр,,
келинчегим сыртта жүргөн.
Мен ордуна жооп берип койдум...
Телефонду аларым менен учурашпай эле,

Жеңем:
-"ай келин, эртең конок тосом, келип кал" дейт.
Өзүмдүн эле жеңем. Ачуум келди.
-"Биринчиден жеңе, саламатсызбы!
-Экинчиден, ден соолугуңуз жакшыбы?.....
-Үчүнчүдөн, меники дагы жакшы, рахмат сурап койгонуңузга.
-Төртүнчүдөн, өзүңүздүн конокторду өзүңүз тосуңуз.
Алтынай (жубайым) эртең жумуштан кеч келет.
Чарчап келген неме, кайра сизге барбайт!!!
Менин аялым силерге бекер кызматкер эмес."
Ооба, баарыңар азыр жазат болушуңар керек.

"Ой, андай болбойт", "кызмат кылыш керек",
"анын милдети ошо" ж.б.
Мен үчүн бул нерселер эч нерсеге татыбайт...

Мен аялыма бирөөлөрдүн кызматын кылдырам деп үйлөнгөн эмесмин.
Эгер кааласа өзү барып жардамдашат. Каалабаса, демек, каалабайт, анын оюу, сыйлайм...
Мен сүйгөн адамым менен күн сайын бир төшөктө уктап, бир төшөктө ойгонууну каалаганым үчүн үйлөнгөм.

Баса, жаңы баш кошкон кезибиз. Жумушка кетсем, бир тууган таежем келип жардамдашып кой деп келинчегимди алып кетиптир. Кеч кире баштады. Чалсам албайт. Кыш мезгили эле. Үйүнө жөнөдүм. Байкуш аялым суукта, шлепкачан, үстүнө жука куртка кийип алып сыртта толтура идиш жууп отуруптур. Жаңы келген келин унчуга албай айткандарын жасап жүрө берген тура.

Бакырдым. "Жок дегенде ысык шорпо берип, үстүнө жылуу бир нерсе жаап койсоңор боло, менин аялым силерге кызматчы эмес!"
Келинчегим тим эле кой деп ары тартат. Болбой, айтчу сөзүмдү айтым, жетелеп чыгып кеттим. Өзүңөр деле ойлосоңор, келин эмне адам эмеспи.

Жеңем менен сүйлөшкөнүмдү апам угуп туруптур...
Жаныма басып келип башымдан сылады.
"Азаматсың, уулум. Аялыңды коргоп, сыйлаганың үчүн сыймыктанам. Атаң мени эч качан аяп, коргочу эмес. Анын айынан бардык туугандары мени адам катары көрүшпөчү, сый көрсөтүшпөчү. Башка келиндер төрдө отурса, мен сыртта идиш жууп отурат элем. Ошондо ичимдеги сени сылап, уулум андай болбо дегем.
Эми ал күндөр өттү, анда заман башка, азыр башка. Эл айтат калат. Ар дайым жаныңда ушул келинчегиң болот. Аны коргоп турганыңды көргөн неме, сага болгон сүйүүсү, сыйы артат."

Апам акылдуу аял. Бул сөздөрү үчүн ыраазымын. Анткени, кээде туура эле кылып жатамбы деп ойлоп кетчүмүн.
Аялым кирип келди. Көздөрү башкача бактылуу. Апамды бетинен өөп, анан мага колундагы
барагын сунду. УЗИники экен. Апам келининин бетин өөп, куттуктап жатты.


Сүйгүм келет Аллахты сүйгөн инсанды,
Амалына бекем болгон бир жанды.
Дубаларда мени дайым эстеген
Сүйгүм келет жөнөкөй бир адамды....

❤️


Тусбихун Аля Хайр
Түнүңүздөр Бейпил болсун
Тынчтыкта ыйманда жатыңыздар
Эртең көрүшкөнчө..)

Ассаляму Алейкум 😇🕊️


Биз дүйнөнү куруу менен гана алек болуп жатканда, кимдир бирөөлөр бейиште хаг сарайларды куруп жатышат...🍃🌿


Тарых кайталана берет, болгону каармандар өзгөрөт...
[🍁🍃]


Өзүң м/н Алланын ортосундагы мамилени оңдо, Алла сенин адамдар м/н болгон мамилеңди оңдойт.!
Ички-дүнүйөңдү оңдо, Алла сенин сырткы дүнүйөңдү оңдойт.!🤍🕊️


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
🥰💚


Канчалык капа кылсаң да,
сени жек көрбөгөн жүрөк бар🤍


Ар бир кыздын өмүрүндө 3 тилеги бар)🌸🕊️

1.Ата-энесине татыктуу кыз болуу!

2.Сүйүктүү жубай, сыйлуу келин болуу!

3. Мээримдүү камкор эне болуу!

Аллахым ушул нерселерди ар бир аял заттына насип этсин!❤️‍🩹🤲🏻


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Сүйгөн инсаныңызга бере турган эң чоң белегиңиз бул – көңүл буруу жана мээримиңиз, бул менен аны дайыма сыйлаңыз..💖


Сен нааразы болуп, арызданган жашоо...
Балким,азыр кимдир бирөөнүн арманы,кыялыдыр..!🕊
Шүгүр кылалы


Пайгамбарыбыз с.а.в. айтат: «Силердин ар биринерде шайтанынар бар», сахабалар айтышты сизде да барбы? Пайгамбар с.а.в. айтты: «Менде да бар, бирок, Алла-Таала мага жардам берип, шайтан мага баш ийип калган, андыктан ал мага жаман ишти буйруй албайт буйурса да жакшылыкка буйруйт».

Андыктан эгер жүрөктө дүйнөнүн ойу, көйгөйү көп болсо, шайтан ал жүрөккө мүмкүнчүлүк табып васваса кылып азгырат, эгер жүрөктө Аллахтын зикири көп болсо шайтан кысылып чыгып кетет...


Жакшы көрсөң- китеп окуган жанды жакшы көр!

Бир күнү Роман окуса - Жашоону тааныйт.
Бир күнү Куран окуса - Жаратканды тааныйт.
Бир күн келип көңүлүңдү окуйт - Сени тааныйт.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.