Рамазан айына кеңештер...
🌙Рамазан кирип келеери менен:
1. Пайдасыз сөздөрдүн ордуна, зикирди көбөйтүңүз.
2. Аллахтын берген нерселерине шүгүр кылууну көбөйтүңүз.
3. Көп тамактанбаңыз.
4. Көп уктабаңыз.
5. Муктаждык болбосо, көчөгө чыкпаңыз.
6. Харамдан сактаныңыз.
7. Гыйбат кылбаңыз.
8. Тил жана кол менен инсандарга зыян берип койбоңуз.
9. Телефонуңузга короткон убактыңызды бул айда Куранга бөлүңүз.
10. Намаздарды убактысында окуңуз.
11. Наафиль ибаадаттарды көбөйтүңүз.
12. Аллахка көп-көп тооба кылыңыз.
13. Тууган-уруктарыңыз менен катташыңыз.
14. Мүмкүнчүлүк болушунча күндө садака кылыңыз.
15. Ата-Энеңизден кабар алыңыз.
16. Жалган сүйлөбөңүз.
17. Күнүңүздү интернетте, телевизордун астында, бекерчи нерселер менен өткөрбөңүз.
18. Жалпы мусулмандарды жана жакындарыңызды дубада эстеңиз.
19. Жакшылык кылыңыз, жамандык кайтыңыз, алыстаңыз.
20. Аллахтын жараткан нерселерине ой жүгүртүңүз.(тафаккур).
21. Намаздарды жамаат менен окуңуз. (эркектер)
22. Азан жана коомат ортосунда көбүрөөк дуба кылыңыз.
23. Күндө Куран окуңуз. Эгер Куран окуганды билбесеңиз унгуңуз жана үйрөнүңүз.
24. Таравих жана тахажжуд намаздарын калтырбаңыз.
25. Ар дайым даарат менен жүрүңүз.
26. Жеп-ичкенде, тамак жасаганда ысырап кылбаңыз.
27. Сабырдуу болуңуз.
28. Үмүт кылыңыз.
29. Ниетиңизди калыс Аллах үчүн кылыңыз.
30. Күндө бир аят же бир хадис жаттаңыз, соң ага амал кылыңыз.
🌙Рамазан баарыбыз үчүн берекелүү ай болсун! Рамазан мубаарак!👋🏻
🤲🏻Аллахым жалпыбызга бул ыйык болгон Рамазан айыбызда күч-кубат жана саалих (жакшы) аламалдарды кылуубузга мүмкүнчүлүк берсин.
🌙Рамазандан руханий жана физикалык жактан тазаланып чыгуубузга насип кылсын Аллахым!🤲🏻
__
اللهم بلغنا رمضان, بروح أنقى وقلب أتقى وعمل أرقى…🤲🏻
Аамиийн!
Аамиийн!
Аамиийн!
______________________________
@kunsuluu.mamatkulova 🫶🏻