Казакстанда учак кулады, ичинде 60тан ашык киши болгону айтылууда
25-декабрда Актау шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган Azerbaijan Airlines учагы кулады, ичинде 62 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Грозный аэропортунун басма сөз кызматы, Баку — Грозный багыты боюнча кеттип барткан учак коюу туманга байланыштуу багытын өзгөртүп, Актауга аргасыз конгонууга уруксат сураганын билдирди.
«Казаэронавигация» кырсыкка учактын топ канатуулар менен кагышканы себеп болгонун билдирди.
Орусиянын «Интерфакс» басылмасынын маалыматына ылайык, учакта Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Казакстандын алты, Кыргызстандын үч жараны болгон. Аман калган 29 киши ооруканага жеткирилди, аман калгандардын тизмесинде эки кыргызстандык бар.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырсык боюнча азырынча билдирүү жасай элек.
#кабарлар