Прокуратура тергөө абагындагы кырдаал боюнча юридикалык баа берилерин билдирди
Жаза аткаруу кызматынын №1 тергөө абагында кызматкерлер күч колдонгонун айткан айыпталуучулар арызданып, Башкы прокуратура текшерүү ишин баштады.
Мекеменин кызматкерлери 20-декабрдагы окуя боюнча абакты текшергени айтылат.
— дешти прокуратурадан.
Ошондой эле текшерүүдөн соң абактагылардан 87 телефон алынган.
Буга чейин Акыйкатчы институту ТИЗО-1деги 20дан ашык соттолуучу кургак ачкачылкта экенин билдирген. Эки киши арыз жазып, абакта аларды сабашканын айткан.
Ал эми Жаза аткаруу кызматы абактагы уруп-сабоо жана ачкачылык тууралуу маалыматты четке кагууда.
#кабарлар

«Айыпталуучулардын, соттолгондордун денесинде жаракат бар-жогун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен Жаза аткаруу кызматынын тиешелүү кызматкерлерине карата юридикалык баа берилет»,