Кыргызстанда сырттан кумшекер ташып келүүгө алты айга тыюу салынат
Айыл чарба министрлиги мындай чара дыйкандарды колдоо максатында кабыл алынганын билдирди. Кумшекерди импорттого убактылуу тыюуу салуу маселеси Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш кеңешинин 13-декабрдагы жыйынында каралган.
— деди айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев.
Министрлик быйыл 870,2 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, былтыркыдан 249,2 миң тоннага көп экенин белгилешти. Бул 120 миң тонна кант өндүрүүгө мүмкүндүк берип, өлкөнүн ички керектөөсүн толук камсыздайт.
Азыркы тапта министрлик айыл-чарба азыктарын жана жаныбарларды импорттоо жана экспорттоого убактылуу тыюу салууну киргизүү маселесин караштырып жатат.
#кабарлар

«Негизи максат – жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү, дыйкандарды колдоо жана кийинки жылы дагы кант кызылчасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, сапатын арттыруу үчүн шарттарды түзүү. Мамлекет тарабынан дыйкандарды ар тарапта колдоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп, маанилүү чечимдер кабыл алынат»,