Бишкекте зордуктоо шектелген эки киши колго түштү
Жабырлануучу милицияга 19-декабрда кайрылган. Ал 24-ноябрда аны белгисиз бирөөлөр зордуктап кеткенин айтып, аларды таап чара көрүүнү өтүнгөн.
Свердлов райондук милициясы бул боюнча «зордуктоо» беренеси менен иш козгогон. Колго түшкөн 36 жаштагы шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Kaktus.media басылманын маалыматына ылайык, жакында милицияга дагы бир аял кайрылган. Ал жолдошунун телефонунан видео таап алганын, анда күйөөсү досу менен белгисиз кызды зордуктап жатканы тартылганын айткан.
Милиция анын күйөөсүн кармап, экинчи шектүү Жалал-Абад облусунда жашырынып жүргөнүн аныктаган.
#кабарлар