АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ: «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» ТАЗА КИРЕШЕСИ АКЫРКЫ 3 ЖЫЛДА 1 МИЛЛИАРД 174 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДАН АШТЫ
🔶«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов «Ала-Тоо 24» каналына берген маегинде ишкананын 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки каржылык ишмердүүлүгүнө кеңири токтолду.
Ал 2021-жылдан 2024-жылдын октябрына чейинки мезгилде компаниянын таза кирешеси 1 миллиард 174 миллион доллардан ашканын, жалпы кирешеси 3 миллиард 394 миллион долларды түзгөнүн белгиледи.
Ал эми компаниянын 2024-жылдын 10 айындагы таза кирешеси план боюнча 109,7 млн доллар болсо, иш жүзүндө 266,9 миллион долларга жетип, план 157,2 млн долларга ашык аткарылган. Быйылкы жылдын 10 айындагы жалпы киреше пландагы 531,5 миллион доллардан алда канча көбүрөөк болуп, 702,8 млн доллардан ашты.
Алмазбек Барыктабасов алтын өндүрүүнүн көлөмүнө да токтолуп, 2021-жылдан 2024-жылдын октябрына чейин жалпысынан 40 тоннадан ашык алтын казылып алынганын кошумчалады.
_
ОРУС ТИЛИНДЕ: https://www.kumtor.kg/ru/russkij-almazbek-baryktabasov-chistaya-pribyl-kumtor-gold-kompani-za-poslednie-gody-prevysila-1-mlrd-174-mln-doll-ssha/