Орусияда "алдамчыларга акча ташыган" кыргыз жигит кармалды
18 жаштагы Бексултан Алыбеков Москвада алдамчылыкка шектелип кармалды. Ага карата Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаарынын Лосиноостровский району боюнча бөлүмү 2024-жылдын 9-ноябрында кылмыш ишин козгогонун Бексултандын жактоочусу билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык жигитке карата “алдамчылык” беренеси боюнча айып тагылууда. Бексултан соттун чечими менен тергөө жүргөнгө чейин эки айга Москва шаарындагы №4 тергөө изоляторуна киргизилген.
Бексултандын атасы Азамат (аты өзгөртүлгөн) баласы алдамчылардын курмандыгы болуп калганын айтууда.
“Уулум Телеграмдан жумуш тааптыр. Жумуш берүүчүлөр ага “жүк жеткирүүчү болуп иштейсиң, улгайган адамдарга жардам бересиң” деп айтышкан. Мөөр басылган эмгек келишим жасап беришкен. Көрсө, алар улгайган адамдарды телефон аркылуу көндүрүп, эсебинен акчасын алдап чыгарттырып, курьерлер аркылуу акчаны өздөрүнө жеткиртип алган көз боёмочулар экен”, - деди атасы.
Атасынын айтымында, Бексултан мектепти жалаң бешке окуп бүтүрүп, квота менен Москванын Каржы университетине бюджетке окууга өтүп, быйыл сентябрдан бери менежмент кесиби боюнча 1-курста окуп жаткан.
Студент жигиттин атасы Кыргызстандын күч органдарынан жана бийликтен тергөөнүн адилеттүү жүрүүсүнө кол кабыш кылуусун өтүнүүдө.
Видеону “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады
Чет жердеги журтташтар!
Эгер биз менен бөлүшө турган ийгилигиңиз же көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз.
#MigrantMediaCentralAsia