КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗ-КЕЛИНДЕР УЛУТТУК КУРАМАСЫ АЗИЯ КУБОГУНУН ТАНДАП АЛУУ ОЮНДАРЫНДАГЫ АТААНДАШТАРЫН АНЫКТАЙТ
Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер Улуттук курама командасынын катышуусунда өтө турган 2026-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына бүгүн, 27-март күнү чүчүкулак тартуу аземи орун алат.
🔻 Тандап алуу оюндарга 33 курама катышып, 8 тайпага бөлүнөт.
🏟 Кыз-келиндер арасындагы Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын 1-21-март күндөрү Австралияда өтүп, ага 12 курама жолдомо алат.
Саат 13:00до баштала турган бүгүнкү чүчүкулак тартуу аземинин түз алып берүүсүн төмөндөгү
шилтеме аркылуу көрүнүз. #kfu_kg