Кыргыз тили жана адабияты🇰🇬


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


Кыргыз тилинин грамматикасы🇰🇬
Сабаттуу бол!!!
Жеке баракча: @madulyanka1508
Кызматташуу: @madulyanka_1508

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


Арыбаңыздар!!!
Биздин каналды мындан ары өнүктүрүп, алдыга жылдыра алам же блог алып барам дегендер үчүн күмүш сырга. Канал сатылат !!! Баасы: келишим баада.
Толугураак: @madulyanka_1508 ге байланышыңыз👍


кеме : сүзүү
So‘rovnoma
  •   унаа : айдоо
  •   кайык : чөгүү
  •   велосипед : айлануу
  •   учак : учуу
2331 ta ovoz


Тыныш белгилери туура коюлган вариантты белгиле:
So‘rovnoma
  •   "Эй, катындар, токтоткула азыр! Баскыла үнүңөрдү!"- деп кимдир бирөө кыйкырып калды.
  •   "Эй катындар, токтоткула азыр! Баскыла үнүңөрдү!" деп кимдир бирөө кыйкырып калды.
  •   Эй, катындар, токтоткула азыр! Баскыла үнүңөрдү! - деп кимдир бирөө кыйкырып калды.
  •   "Эй катындар, токтоткула азыр - Баскыла үнүңөрдү!"- деп кимдир бирөө кыйкырып калды.
2128 ta ovoz


шорпо:буурчак
So‘rovnoma
  •   как:өрүк
  •   ун:буудай
  •   ботко:таруу
  •   каймак:сүт
2403 ta ovoz


Жалпы өткөн чак катышкан сүйлөмдү белгиле:
So‘rovnoma
  •   Асел мени карап жылмайды.
  •   Аскат апасы менен базардан келе жатыптыр.
  •   Кечээ силер шаарга чогуу баргансыңар.
  •   Ал кечинде көл жээгинде көпкө олтурчу.
2336 ta ovoz


кийим : кемсел
So‘rovnoma
  •   идиш : чака
  •   чокой : бут кийим
  •   арстан : жаныбар
  •   көйнөк : узун
2449 ta ovoz


"Жаян ооз" сөзүнүн маанисин тап:
So‘rovnoma
  •   көп сүйлөбөгөн түнт
  •   ашыкча көп сүйлөгөн
  •   оозунда сөз турбаган
  •   жутуп коё тургандай оозу чоң
2417 ta ovoz


Арыбаңыздар урматтуу достор!
Мындан ары биздин каналдан көбүрөөк викториналарды көрүүнү кааласаңыздар активдүү болуп, досторуңуз менен бөлүшүп туруңуздар.


Кайсы катардагы сөздөрдүн баары туура жазылган?
So‘rovnoma
  •   акыл эс, бейпилдик, өкүм
  •   кубулжуган, тийешелүү, көмөкөй
  •   коёюн,болоюн,бекбекей
  •   аарчы, чийе, аквариум
2288 ta ovoz


Жагымдуу жаңылык!
Эртең Абдыбеков Төлөнбек мырза менен түз эфир!


Салам, абитуриент! 2021-2022-жылы "Алтын сертификат" алган бүтүрүүчүлөр менен түз эфир кылалыбы?
So‘rovnoma
  •   Ооба 😍
  •   Сонун болмок!🥰
  •   Жок, кийинчерээк😢
  •   Батыраак кылыңыз! 🥺
2797 ta ovoz


"Шайыр" сөзүнүн антонимин тап:
So‘rovnoma
  •   ачык - айрым
  •   түнт
  •   тамашакөй
  •   таш боор
5924 ta ovoz


"Кырк жылкылуу болду". Бул сөз кайсыл учурда колдонулат?
So‘rovnoma
  •   Жаңы үй алганда
  •   Кыздуу болгондо
  •   Уулдуу болгондо
  •   Таймашта жеңгенде
6241 ta ovoz


Алыс, ыраак деген маанини туюнткан фразеологизмди белгиле:
So‘rovnoma
  •   Каш-кабактын ортосунда
  •   Ит өлгөн жерде
  •   Эт менен челдин ортосунда
  •   Котур ташы койнунда
5969 ta ovoz


Кайсы варианттагы кашаага алынган сөз адамдын сапатын туюнтат?
So‘rovnoma
  •   (Чырды) баштагандар качып кетти.
  •   Бул (чыр) көпкө созулчудай.
  •   (Чыр) неме окшойт, тенелбечи.
  •   Окуучулардын ортосунда чоң (чыр) чыкты.
5558 ta ovoz


Кайсы вариантта таң калуу мааниси камтылган?
So‘rovnoma
  •   Шумдугуң кур, ушундай да болот бекен?
  •   Бали, кеп эмес бекен!
  •   Кап, ошол мезгилди дагы бир ирет кайрып берсе кана.
  •   Ой, кантип эле сени унутуп калайын?
5633 ta ovoz




"Экөө, үчөө, бешөө" - булар сан атоочтун кайсы түрүнө кирет?
So‘rovnoma
  •   чамалама сан атооч
  •   эсептик сан атооч
  •   жандама сан атооч
  •   иреттик сан атооч
5532 ta ovoz


Айкын өткөн чак катышкан сүйлөмдү белгиле:
So‘rovnoma
  •   Кечээ ал үй тапшырмасын жазыптыр.
  •   Күндө ал көнүгүү жасачу.
  •   Ал китепти жай олтуруп окуду.
  •   Ал кечеде эң мыкты бийлеген.
4819 ta ovoz


Тыныш белгиси туура эмес коюлган сүйлөмдү белгиле:
So‘rovnoma
  •   Кой, антчү эмес, ким укса деле уят эмеспи.
  •   Аны илгертен билем, кээде таң атканча окуйт.
  •   Өйдөсүнүп өзгөдөн, өйдө - төмөн сөз айтпа.
  •   Тез-тез бастыргыла кечке чейин, тиги кырды ашып кетели.
4895 ta ovoz

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.