🌐Nookat_TV


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


📣Шаарыбыздагы акыркы окуялар
🌍 Дүйнө, искусство жана спорт жаңылыктары
📑Кызыктуу фактылар, долбоорлор
📽Окуяга жана Окуяга күбө болдуңуз беле бизге жөнөт 👀 @eldik_bloger

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


Карыз доолап келгенде айласын таппай өзүнө кол салган...

Баткендин 25 жаштагы тургуну 865 миң сом карызын бере албай калып, алдамчылыкка барганын Баткен облустук милициясы билдирди. Ал кара пакетке доллар салгандай элес калсын деп бир куту вафли салып, акча алмаштырган жайга барган. Доллардын курсун сурап, “акчасын” алмаштырбай, колундагы пакети менен унаа өткөн жолдон жүз метрдей басканы айтылды. Андан соң өзүнө бычак менен жарадар кылып, милицияга чалып, кара пакеттеги 25 миң долларын бейтааныш адамдар карактап кетти деп билдирген.

Териштирүү маалында жигиттин калпы чыгып, пакетте акча эмес, вафли болгону, карызын төлөй албай ушундай жолго барганы аныкталган. Эми жигиттин жоругуна юридикалык баа берилет.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Тартипке баш ийбей, жаман көрүп, түкүрүп кетишүүдө

Бишкектеги Киев — Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманы баарыбыз эле билсек керек. “Бишкек шаардык транспорт” ишканасынын кызматкерлери автожол менен баскандарды тартипке чакыра албай айласы кетүүдө.


Сапатту дарбазалар

Ноокат ичинде орноту Жана жеткизу акысыз

0221488686
0779381575


Бишкекте бир адам 17 фитюрду ижарага алып, баарын саткан. Кутман тан


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
🤩Токтогул районунун тоолорун байырлаган жаныбарлардын видеосун Улан Ташматов аттуу интернет колдонуучу социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.

Анын айтымында, видео ушул жылдын 13-апрелинде тартылган.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Милиция президент менен анын уулунун атын жамынып элди алдап жүргөн деген шек менен "Ашар" коомдун фондун түптөгөн кишини кармады

Шаардык милициянын маалыматына караганда, 24 жаштагы Алиакбар Каныбек уулу 600дөй кишини үйлүү кылам деп 150 млн сом чогулткан. Кармалгандан кийин ал кардарларына акчасын кайтарып бере албай турганын, фонддо акча жок экенин айтып, кечирим сурап койгон.

Видеодо ал Садыр Жапаров менен анын уулу Рустамдын бул фондго тиешеси жок экенин, элдин ишенимине кириш үчүн алардын атын колдонгонун айткан.


Бишкек менен Ошто 14-апрелден тарта кагаз маалым кат берүү токтотулуп, “Түндүк” аркылуу гана санарип түрү бериле баштайт

Ал эми 1-майдан баштап саамалык республиканын бардык аймактарына жайылтылат. Бул талап 50 жаштан өйдөлөргө, социалдык жактан аяр категориядагыларга жайылтылбайт.

"Кезекте туруп, кагаз документтерди чогултуунун кажети жок болот. Талап кылынган маалыматтар "Түндүк" тиркемесинин жардамы менен алынат", — деди президенттик администрациянын өкүлү Азамат Кадыралиев.


Саламатсызбы.
Мен Кыргызстандын жарандарынын Россия армиясынын курамында Украинага каршы согушка жалданма аскер катары катышуусуна байланыштуу маанилүү жана өтө сезимтал теманы сунуштайм.
Бул материалда — белгилүү ысымдар, вербовканын механизмдери, жоготуулардын статистикасы жана согуштан кайтып келген жарандар үчүн укуктук кесепеттер камтылган. Бул — жарандардын башка өлкөлөрдүн аймагында чет элдик желектердин алдында агрессиялык согуштарга тартылышы сыяктуу олуттуу эл аралык маселе.
Сиздин коомчулук арасындагы аброюңуз жогору, жана сиз бул маселеге таасир эте аласыз. Сиздин аудитория өз мекендештеринин кантип жана эмне үчүн башкалардын согушунда “кан майданга” айланып жатканы, жана бул кырдаал өлкө үчүн кандай коркунучтарды жаратарын билүүгө толук укуктуу.
https://t.me/hochu_zhyt/3264


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Беш жылга кесилген журналист, Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков абактан бошотулду.


WhatsApp тиркемесинде шылуундар Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновдун атын жамынып колдонуучуларга кат жөнөтүшүүдө.

РФ элчилиги бул дипломатка тиешелүү эместигин жана жалган экенин билдирди.

"Сак болууга, жеке маалыматтарды бербөөгө жана шектүү шилтемелерди ачпоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле элчиликтен Вакунов бекитилген тартипте жөнөтүлгөн расмий кайрылууларга гана жооп берерин кошумчалашты.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Өлкөдө 2028-жылга чейин жылуулук үчүн тариф үч эсе көтөрүлөт


Сапатту дарбазалар

Ноокат ичинде орноту Жана жеткизу акысыз

0221488686
0779381575




Бул көрсөткүч дагы өзгөрүшү мүмкүн

Февралга карата маалымат боюнча, гепатиттин В түрүн жугузуп алгандардын саны 16 448, мындан тышкары, 2 463 бейтап гепатиттин бириктирилген В-D түрү менен ооруйт. Ал эми гепатиттин С түрүнө чалдыккандардын саны — 8401.


Кыргызстанда доллардын курсу бир аз кымбаттады

Кечээ эртең мененкиге салыштырмалуу доллар сатып алуу жана сатуунун орточо баасы 20 тыйынга өстү.

Саат 10:15га карата маалымат:

▪️Сатып алуу — от 86,8 сома до 86,9

▪️Сатуу — от 87,2 сома до 87,3


Никаб биздин коомго жат көрүнүш. Муфтият элге кайрылды.

Анда никаб менен паранжа динде парз эместиги, буларды такпаса күнөөкөр болбой тургандыгы айтылат.

“Кудайга шүгүр, мамлекетибиз кубаттуу, жарандардын коопсуздугу көзөмөлдө. Азыркы заманда жүзүн ачып жүргөндөргө каршы коркунуч жок. Коомдун салтына жана үрп-адатына бөтөн болгон нерсеге фатва берилбейт. Никаб биздин коомго бөтөн көрүнүш. Бүгүнкү реалдуулукта никаб кийген эже-карындаштарыбыздын атын жамынып, аялча кийинген бүлгүнчүлөрдүн коомдук коопсуздукка шек келтирүү ыктымалдыгы жок эмес. Ошондуктан тааныла тургандай жүз ачып жүрүү маанилүү”, — деди Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы.

Ошондой эле диний маселе жөнүндө сөз болгондо шарияттык анык далилдерге таянуу зарылдыгы эскертилди.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Ноокатта аламан улак уюштурулуп, эки унаа жабыркады

Спорттук иш-чара 6-апрелде өткөн. Облустук милициядан улакчылар ипподромдон чыгып кеткенин, факт каттоого алынып, бирок унаа ээлери арыз жазуудан баш тартканын кабарлады.

Улак тартыштан жабыркагандар жок экени кошумчаланды.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Садыр Жапаров нааразычылык жараткан Жер кодексин артка кайтарды


☀️Бул жума ичи республикада күн ачык болуп, айрым жерлерде 5-6-апрелде жамгыр жаашы күтүлүүдө

Синоптиктер Бишкекте апта ичи күн 28, Ош шаарында 29 градуска чейин ысый турганын билдирди. Эки каалада тең 5-апрелде күндүн көзү бузулушу мүмкүн.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Мьянма: Зилзала курмандыктары 1600дөн ашты

Мьянмада 28-мартта күчү 7,7 жана 6,4 баллга жеткен катуу жер титирөөдө мерт болгондордун саны 1600дөн ашты. Би-Би-Си өлкөнүн бийлигине шилтеме кылып дагы 3,5 миңге чукул адам жараат алганын кабарлады.

Учурда дагы ондогон кишинин дайыны чыкпай жатат, куткаруу, издөө иштеринин жүрүшүндө набыт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.