Ош облусунун Өзгөн районундагы кооптуу аймакта жашагандарга көчүү боюнча эскертүү берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, район аймагында азыркы учурда жер көчкү кооптуулугу бар аймактарда жашаган жалпы 1 миң 597 турак жай бар. Белгилей кетсек, коопту аймактарда жашаган жарандарга ӨКМ тарабынан жыл сайын кооптуу аймактан көчүү боюнча эскертүүлөр берилип келет.