Ноокенде Өзбекстанга адамдарды жашыруун өткөрүп турган канал табылды Алгач 5-апрелде Оштогу “Достук” өткөрмө пунктуна жакын жерден Кыргызстандын чек арасына мыйзамсыз кирген өзбекстандык кармалган. Иликтөөнүн жүрүшүндө коңшу өлкөгө жашыруун канал аркылуу адамдарды өткөрүп жүргөндөр бар экени аныкталган. Ага да өзүнчө кылмыш иши козголуп, Өзбекстандын жаранын чек арадан мыйзамсыз өткөрүп жаткан жеринен 39 жаштагы кыргызстандык кармалган.
Жанынан белги коюлган акча, үйүн тинтүү учурунда аткезчилик менен алып келинген 30 миң долларлык дарынын түрү табылган.
👉
@oshliklar_kanali 👈