osm.kg


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Ta’lim


Саламатсызбы, мен интерактивдүү сабактарды түзүү боюнча сиздин жардамчымын.
Бул жерде сиз сабактарыңызды кызыктуураак кылуу үчүн
🟢 презентацияларды
🟢 мини-оюндарды
🟢 квесттерди таба аласыз.
Бардык суроолор боюнча ➡️ https://t.me/kima_elt

Связанные каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


Жылды жакшы иштер менен жыйынтыктап, кичинекей Байтикке чогуу жардам берели 🙏

Башталгыч класстар үчүн 204 карточкасы бар файлды алуу үчүн көрсөтүлгөн реквизиттерге 100 сом жөнөтүңүз.

❗️Карталардын көлөмү кичине (А4 баракка 4 карта).

Байтиктин баракчасы ➡️

https://www.instagram.com/reel/DD_fVt4NK_6/?igsh=aG05cmp0cml1OGl1


Адамдын мүнөзүн жана сырткы көрүнүшүн сүрөттөгөн сын атоочтор (флеш-карталар).

"Мен киммин?" оюну.


1. Ар бир окуучу башына же маңдайына карточка чаптайт. Карточкада белгилүү бир каармандын сүрөтү (мисалы: Шрек, Джуди Хоппс, Халк ж.б.).

2. Окуучу өз карточкасын көрбөйт. Ал карточканын мазмунун классташтарына суроо берүү аркылуу табышы керек.

3. Суроолор "ооба" же "жок" деп жооп бере тургандай болушу шарт.

Мисалы: "Мен эркекминби?", "Менин боюм узунбу?", "Мен шайыр адаммынбы?"

4. Окуучу суроо берип, жоопторду угуп, өзүнүн ким экенин табууга аракет кылат.

5. Ким биринчи болуп өзүнүн карточкасындагы сөздү тапса, ошол жеңүүчү болот.

Файл комментарийлерде ⬇️


#флешкарта #оюн


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Жашыма карабай мультфильмдерди абдан жакшы көрөм 💚.
Бул жерде Мадригаль үй-бүлөсү менен синонимдерди, антонимдерди, мүчө түрлөрүн карап чыгабыз, ошондой эле критикалык ой жүгүртүүгө үйрөнөбүз.

Файл комментарийлерде ⬇️

❗️Эгер кандайдыр бир ката тапсаңыз, мага жазып коюңуз🙏


#көнүгүү #pdf #акысыз


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
"Сортер" көнүгүүсү окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн жана категориялаштыруу жөндөмүн өнүктүрөт. Бул көнүгүү темага байланыштуу түшүнүктөрдү тереңдетүүгө жардам берет.

Файлдар комментарийлерде ⬇️


#genially #акысыз #көнүгүү


❗️Сураныч, суроолорду жана жоопторду дагы бир жолу текшериңиз.

Файл комментарийлерде ⬇️


#тест #pdf #акысыз


0 жана 1-класстар үчүн окуу жана математика боюнча 33 карта:

🟢 сөздү тап
🟢 сөздөрдү туура жаз
🟢 окуп, сүрөттү тап
🟢 жаныбарларды тап
🟢 буюмдарды сана
🟢 сандарды салыштыр
🟢 кошуу жана кемитүү (0-10)

Формат: pdf
Баасы: 200 сом

Суроо боюнча ➡️ https://t.me/kima_elt


#даярдооклассы #флешкарта


Маймыл жарышуу.

🟢 Бул оюнду башталгыч да, жогорку класстар да жакшы көрүшөт.
🟢 Балдардан өз каармандарын тартууну сурансаңыз болот.

💚 Комментарийлерде тапшырмалардын мисалдары тиркелет.


#оюн #акысыз


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Мирага майрамга даярданууга жардам берели!

Бала бакчанын балдары үчүн 5 көнүгүү.

Файл комментарийлерле ⬇️

❗️"Сохранить в загрузки" басканды унутпаңыз.


#genially #акысыз #балабакча


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Космонавтка үйгө кайтууга жардам бериңиз🚀

🟢 6 көнүгүү

Баасы: 100 сом.

Формат: zip

❗️Файлды компьютерден гана ачууга болот.
❗️Интернетсиз иштейт.


Суроолор боюнча ➡️ https://t.me/kima_elt


#genially #сатылат


Саатты үйрөнөбүз ⏰️

🟢 18 флеш карта
🟢 4 көнүгүү

Файл комментарийлерде ⬇️


#көнүгүү #pdf #акысыз


🟢 Бул материалды визуалдык мисал катары колдонсо болот, аны окуучулар кийин өз алдынча диаграммаларды түзүүгө колдоно алышат.

🟢 Окшош Венн диаграммасын башка темалар боюнча заказ кылуу үчүн директке жазыңыз ➡️ https://t.me/kima_elt

Файл комментарийлерде ⬇️


#genially #акысыз


🟢 «Кыш» темага 12 флеш карта

🟢 Жазуу жана сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн көнүгүүлөр

Файл комментарийлерде ⬇️

#көнүгүү #pdf #акысыз #флешкарта


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Викторинанын эрежелери:

🟢 класс эки командага бөлүнөт

🟢 командалар кезектешип санды тандап, суроого жооп беришет

🟢 эгерде команда туура жооп берсе, анда ал упай алат (5 же 10)

🟢 эң көп упай топтогон команда жеңет

Мугалим эмне кылат:

❗️ упайларды жазат

❗️ ачылган суроолорго жылдызча коёт

Файл комментарийлерде ⬇️


#genially #акысыз


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Заманыбызга ылайык темалардагы материалдардын пайдасы:

🟢 Окуучулардын кызыгуусун арттырат:
Заманбап темалар балдардын турмушуна жакын болгондуктан, алар материалдарды кызыгуу менен окушат.

🟢 Турмуштук жөндөмдөрдү өнүктүрөт:
Технология, экология, санариптик коопсуздук сыяктуу азыркы замандын темалары боюнча материалдар окуучуларды реалдуу турмушта керектүү көндүмдөргө үйрөтөт.

🟢 Критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрөт:
Мындай темалар талкуу жүргүзүүгө жана маселелерди чечүүгө түрткү берип, балдардын өз оюн эркин айтууга, талдоо жүргүзүүгө үйрөтөт.


Файл комментарийлерде ⬇️


#жумушчудептер #pdf #акысыз


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Кээде кадимки көнүгүүлөрдү окуучуларыңыз үчүн кызыктуураак кылуу үчүн квестке айландырсаңыз болот.

Кенчке жетүүгө жардам бергиле💰

🟢 5 көнүгүү:

1: муундар боюнча окуу
2: сөз айкаштарды окуу
3: муундардын санын эсептөө
4: үнсүздөрдү иреттөө
5: сөздөрдү түзүү

Баасы: 100 сом
Формат: zip, оффлайн.

Сатып алуу боюнча ➡️ https://t.me/kima_elt


#genially #сатылат


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Жомоктордун 3 пайдасы:

🟢 Элестетүү жана чыгармачылыкты өстүрөт:

Балдар жомокторду угуп же окуп, фантазиясын өнүктүрүшөт. Ар бир каарманды элестетүү аркылуу чыгармачылык ойлоону үйрөнүшөт.


🟢 Адеп сабактарын берет:

Жомоктор жакшылык менен жамандыкты айырмалоого, акылдуу болууга жана чыдамкайлыкка үйрөтөт.


🟢 Тилди өнүктүрөт:

Жомокторду окуу аркылуу балдар жаңы сөздөрдү үйрөнүп, сүйлөө жана жазуу жөндөмдөрүн жакшыртышат.


Файл комментарийлерде ⬇️


#жомок #pdf #акысыз


Сыйлык карточкаларды сабакта колдонуу жолдору:

🟢 Топтоо жана белек берүү:
Окуучулар жакшы жооп берип же тапшырмаларды өз убагында аткарганда карточка алышат. Сабактын аягында эң көп карточка топтогон окуучу майда белек же кошумча упай алат🎁


🟢 Аяктоо үчүн дем берүү:
Сабактын аягына чейин белгилүү бир сандагы карточканы топтогон окуучуларга кошумча кызыктуу тапшырма же оюн берилет. Бул балдарды сабакка активдүү катышууга үндөйт💪


🟢 Командалык иштөө:
Окуучулар топторго бөлүнүп иштейт. Ар бир топ жакшы жооптору же тапшырмалар үчүн карточкаларды чогултат. Сабактын аягында эң көп карточка алган топ жеңүүчү деп табылат🏆

Файл комментарийлерде ⬇️


#стикер #акысыз


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Сын атоочтордун салыштырма жана күчөтмө даражалары.

🟢 Теманы бышыктоо үчүн 13 көнүгүү.

Файлды комментарийлерден көчүрүп алсаңыз болот ⬇️

#жумушчудептер #pdf #акысыз

527 0 0 14 10



Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Кошумча материал катары колдонула турган көнүгүүлөр.

🟢 1-көнүгүү: суроолорго жооп бер.
🟢 2-көнүгүү: үндүү/үнсүз.
🟢 3-көнүгүү: ичке/жоон үндүүлөр .
🟢 4-көнүгүү: канча тамга, канча тыбыш.

Файл комментарийлерде ⬇️

#genially #акысыз

496 0 0 12 14
20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.