Данияр Амангельдиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Амангельдиев Данияр Джолдошевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Данияр Амангельдиевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.
*****
Данияр Амангельдиев назначен исполняющим обязанности первого заместителя Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 2 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Амангельдиев Данияр Джолдошевич назначен исполняющим обязанности первого заместителя Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики, и он освобожден от ранее занимаемой должности.
Кандидатура Данияра Амангельдиева вносится для согласования в Жогорку Кенеш для назначения на должность первого заместителя Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики.