Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды жана бүтүн түрк элин Орозо айт майрамы менен куттуктап, ушул ыйык күнү тынчтык, жакшылык жана береке каалады.
Садыр Жапаров Түркиядагы соңку окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун айтып, Бишкектен кырдаалды дайым байкап тургандыгын, кырдаал тез арада турукташарына үмүт артарын билдирди. Ал Түркия Республикасынын жетекчилигинин тынчтыкты, ынтымакты жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча аракеттерин колдоорун баса белгиледи.