🇰🇬КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕМПИОНАТЫНДА 2025-ЖЫЛЫ 14 КОМАНДА ОЙНОЙТ
Бүгүн, 20-декабрда, «Кыргыз профессионалдык футбол лигасы» (КПФЛ) юридикалык жактар бирикмесинин мүчөлөрүнүн кезектеги жалпы жыйыны өттү.
Жыйынга КФБнын Вице-президенти Конокбаев Дастанбек Турсуналиевич, КФБнын Башкы катчысы Сыдыков Медербек Абдыкалыкович, КПФЛдин Вице-президенти Садыралиев Ильгиз Кадыралиевич, аткаруучу директору Асенов Канат Елемесович, КПФЛдин клубдарынын жетекчилери, кызматкерлери жана ага мүчө болууга талапкер клубдардын жетекчилери катышты.
Жыйында төмөнкү маселелер каралды: КПФЛге жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу, өткөн сезон боюнча отчет жана 2025-жылга пландарды сунуштоо.
Жалпы жыйындын бир добуштуу чечими менен КПФЛге 4 жаңы клуб: «Азиагол» (Бишкек), «Барс» (Каракол), «Бишкек сити» (Бишкек) жана «Өзгөн» (Өзгөн) клубдары кабыл алынды. Ошентип, 2025-жылдагы Кыргыз Республикасындагы Премьер-Лига командаларынын чемпионатына 14 клуб катышат.