Улутстаткомдо туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрү үчүн мониторинг жана отчеттуулук системасын түзүүгө арналган ведомстволор аралык жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү. Ошондой эле, жолугушууга негизги мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү, ар түрдүү тармактардагы көз карандысыз эксперттер катышты.
💬Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстатком өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарын жана өлкө үчүн актуалдуулугун эске алуу менен кеңейтилген Кыргыз Республикасынын ТӨМ көрсөткүчтөрүнүн жаңыланган улуттук топтомун сунуштады. Көрсөткүчтөрдүн топтому 216 көрсөткүчтү камтыйт: 136 глобалдык, 59 улуттук жана 21 прокси.
📍Толук маалымат шилтеме аркылуу жеткиликтүү:
https://stat.gov.kg/ru/news/nacstatkom-provel-vstrechu-po-voprosam-monitoringa-i-otchetnosti-pokazatelej-celej-ustojchivogo-razvitiya/