ЖОКЧУЛУКТУ БАКЫТ ДЕП
1-болум
Биз үй- бүлөбүз менен кечээ Жаңы жыл тоскон жокпуз.
Күндөгүдөй чарчап жумуштан кайтып келе жатсам кошунам машинесин от алдырып, дарбазанын сыртында турган экен. Өзү жашы менден кичүү, бир аз толмоч келген жигит. Сакал коюп алганын жакындан бери байкадым. Өзүм маанайым суз, ойго батып чарчап келе жаткам. Маңдайымдан чыгып колун сунганда оюмдан бөлүндүм.
- Ассалому алейкум! Жакшысызбы?
- Алейкум салам, шүгүр, жакшы иним.
- Караңызчы, тиги кошуна акча чогултуп жүрүптүр. Айыл эли чогулуп балдарга балаты даярдап, белек- бечкек кылып кечинде ойноп жыргайлы дейт. Мен айттым, бул биздин майрам эмес, каапырлардыкы дедим. Мына күтө турсак Нооруз келет жакында. Туурабы байке?
- Туура...
- А сизчи, үйгө балаты орнотуп даярдык көрдүңүзбү?
- Кайдан, андай даярдык көргөнгө акыбалым деле жок. Күндөгүдөй эле олтурабыз го...
-Туура байке, туура айтасыз. Мен дагы балдарыма оолукпагыла деп айттым. Туура, буга чейин мен дагы тосчу элем, эми гана түшүндүм...
- Болуптур эмесе, мен барайын.
- Болуптур байке...
Жаңы жыл тосмок кайда, азыр балдарым эмне жейт деп ойлонуп келе жатсам. Үйгө кирсем кенжем уктап жатыптыр. Келинчегим үйдүн бурчунда кир жууп олтурат.
- Келдиңби?
- Ооба, балдар кайда.?
- Алар жылгаяк тээп жүрүшөт.
- Касым, чалайын десем бирдигим жок. Самын түгөнүптүр, кир көөрбөй жатат. Тигил жакынкы дүкөндөн алып келе каласың балким.? Бала ойгонгуча жууй салайын.
- Жаным, чөнтөгүмдө он беш тыйыным калды. Баягы дүкөндөгү карыз алдыман чыгып карызды сурады. Болгон акчаны бердим. Дагы эки жүз сомдой калды окшойт. "Жаңы жылга чейин берем деп айткан келинчегиң!"- деп кыйкырат.
- Каап, ал такыр эстен чыккан тура. Берип туура кылыпсың, ачка олтурсак да тынч олтурлы. Анда, кайра- кайра сууга чайкап жайып салайын. Эртең кургабаса жумушка эмне кийесиң?
- Сен кайда, ысык сууга чайкабайсыңбы?
- Суу ысыткыч эскилиги жетип күйүп калды. (Кипятильник) ансыз да тамак жасаган плиткага кайра- кайра суу ысыттым. Ал бузула турган болсо тамакты эмнеге жасайбыз.? Эшикке эле чыгып, ары-бери муздак сууга чайкай салайын...
Байкушум, бир чара кирди көтөрүп сыртка чуркап чыгып кетти. Үй да муздак . Баса, көмүр да түгөнгөн эмес беле. Үй жылыткан ток печканы акырын уулумду ойготуп албайын деп басып барып күчтүүсүнө коюп койдум. Байкуш келинчегим чырактын акчасы көбөйүп кетет деген го. Дагы ушул мендей жүдөмүштү чанбай ээрчип жүргөнүнө рахмат.
Башым катты. Эмне кылуу керек.? Жөлөнүп- таянаар ата-эне энем болсочу. Кечээ балдарым Жаңы жылда эмне белек берээримди сурашты. Башка учурда дурустап таттуу, күн сайын эттүү тамак деле жешпейт. Эңсеп калышкан да. А бүгүн, алар үчүн өзгөчө күн болуп жатат да. Досторунан угат. Сыналгыдан көрөт. Белек алгылары келет. Каныбызга сиңген Жаңы жыл майрамын кантип эле "Биздин майрам эмес, туура эмес!" - деп урушмакмын. Бала да. Бул нерселерди түшүнүүгө али эрте...
Башым маң...
- Касым, сага бир ой айтайын. Бүгүн олтуруп ойлонуп ушул нерсе келди оюма.
- Келчи, колуңду жылытып алчы. Эмне ой экен ал?
- Касым, барып менин телефонумду сатып келбейсиңби? Балдарга белек ал. Калганына келишинче үйгө тамак-аш алалы. Көмүр, эгер акча жетсе?..
- Кызым кантип окуйт анан? Сеники менен окуп турат да. Кандай дейсиң?
- Сенин телефонуңду араң албадык беле? Сабак окуу үчүн? Жакында эле кутулдук акчасынан. А, менин телефонум эски, кызымдын сабактарын, жанагындай программаларын көтөрө албаса керек.? Жакшысы меникин саталы. Канча болсо да эптеп жеткиребиз.
- Макул. А, баса Чынара эже акча топтоп жүрүптүр. Кечинде балатыга. Сени келгенде берет деп койдум эле...
- Макул, мен кеттим. Барып сатып көрөйүн.
Касым 39 жашта (каармандын аты өзгөртүлдү) Келинчеги Сейил менен шаарда батирде турушат. Үч баланын ата-энеси . Касым курулушта иштечү, акыркы жылы бийиктен кулап оорукчан болуп калды. Азыр бут кийим тигип эмгектенет. Сейил бала багып үйдө.
Уландысы бар.
Эльвира Мейманова
#жокчулуктубакытдеп_элдик