ТҮШ.
Кокустан, классташым Мыскалга жолдо жолугуп калдым.
Экөөбүздүн көрушпөгөнубузгө көп жыл болуптур .
Менин колум бош, сен бош болсоң бир кафеге кирип сүйлөшөлү - деп сунуш киргиздим .
Ал да бош экен, дароо эле макул болду.
Кафеге кирип ,сөзүбүзгө эч ким тоскоол болбосун деп чекераак жерди тандап олтурдук .
Экөөбүз тең сагынышып калган экенбиз, аябай чээр жазып сүйлөштүк.Убакыт да мындайда тез өтүп кетет.
Бир сыйра мектепте болгон окуялар тууралуу сүйлөп ,ким кимге кат жазганын, кимдин эмне кылып күлкү болгонун эскерип күлүшүп да алдык.
Жашообуз кандай, балдарыбыз тууралуу пикир алыштык .
Мыскал экөөбүз коңшу болуп жашаганбыз, сырдаш курбулар дан элек ...
- Бир убак бир нерсе эсине түшкөндөй ,баягы кайынсиндиң да турмушка чыгып, балалуу болуп кеткендир ээ - деп сурап калды.
Адам дегениң өзү ушундай ,кыска кылып эле ооба - деп ,сөздү кыскартсам болмок . Балким эсине түшө калып сурады да деш жок.
Баарын айтышым керектей сөз баштадым.
Ал байкуш турмушка чыкты, жакшы жигитке бирок балалуу болбой жатышат .Он жылдан бери аракет кылышат, көрүнбөгөн доктору, Турцияга чейин барып дарыланышты .
Бир баланы кудайым аларга ыраа корбой жатат .
Өткөн жылы ,күйөөсүнө үйлөнө бер - деп , эки ай үйгө келип жүрүп алды. Күйөөсү күндө келет, мага сенден башканын кереги жок - деп.
Аларды көрүп бооруң ооруйт, ай кудай ай ушулардан бир парча этинди аябачы - деп ,бышактап да алам.
Айласыз кайра кетти.
Турцияга барганда ,айып сенде экен деп айтышыптыр күйөө балага. Ошондон уламбы ,сенден ажырасам өлөм - деп эле турат күйөө бала да.
Кайынсиңдим болсо бала жытына зар, багып да алышса болмок...
Бирок ,,Мен да аял болуп, жүрөгүмдүн астында сактап төрөгүм келет -дегенин угуп,багып алгыла - деп айтпай калдык.
Жакында бирөө кайнисиндиме сөз айтырыптыр:
Көптөн бери сени күзөтүп жүрөм ,аябай жакшы келинсиң,сен мага жагасың.
Менден төрөп ал, бойуңда болуп калса өзүңөр багып алабересиңер, мен да кааласаң жардам берип турамын - дептир.
Балалуу болгусу ушунчалык күчтүү болгонбу, макул болуптур .
Мага айтып аябай суранды ,эч кимге айтпаңыз жеңе сизге ишенип айтып жатамын.
Сиз мага бир тууган эжем дейсиз - деп.
Ал адам өзүнө ток, бир эки жерде нефть базасы бар экен .
Жакшы адам дейт, бирок уулу жок экен.Аялы оорудан кийин төрөбөй калыптыр. Үч кызы бар экен . Өтө боорукер деп мактап да койот. Мага жагасың бирок сага үйлөнө албайм - дептир. Акыркы учурашканда ага менден эстелик болсун - деп, алтын билерик тагыптыр.
Көпкө сүйлөшүп үйгө тарадык, Мыскал Бишкек шаарына турмушка чыккан. Эртең кеч учамын, билет алып койгом - деди. Классташтардан бирөө жарымына жолугуп калсаң менден салам айт. Качан жолугушуу болот - деп кутуп жүргөнүмдү айтып койгуң - деп тамашалап күлдү .
Дайыма эле жолугушуу жакшы ,коштошуу жаман болгондой бири - бирибизди колубузду кармап алып, ажырай албай турдук....
Үйгө келдим, көңүлүм көтөрүңкү,гүлдөргө суу куюп өзүмчө ырдамыш да болуп койом.
Кызым тамак жасап койгон экен, тамактандык.
Балдарым да менин жакшы маанайымдан пайдаланып, бирөөсү досуна жолугуп келейин - деп суранса, экинчиси апа уйкуңуз келип калыптыр ,сиз уктаң телефонуңузду мага берип туруңуз - деп суранып ,колумдан телефонумду алып калды .
Мейличи дедим да, салынган төшөко жамбаштап жатып калдым...
Бетиме тийген каттуу беш манжадан чоочуп ойгондум.
Эмне болуп кеткенин билбейм,түн ортосу болуп калыптыр.
Светти жактым ,балдар жака өтүп карасам ,баары кызуу уйкуда. Суу ичип келдим да ,эмне болгонун эстей баштадым:
Түшүмдө апам мага келип ,бир нерселерди нааразы болуп сүйлөп жатты .Ачууланып алган.
- Сени бир тууган эжемдейсиз десе да болбой айттың, сага ишенген адамды ишеничин актабадың...
Кудайым ошолорго бир бала бергенде, кайнисиндиң да мындай жолго бармак эмес ...
Мен сенден муну күтпөгөн элем, жада калса билерик бергенине чейин айтып салдың же куйуктуңбу бети жок, мына бул бетиң жок - деп ,апам бетиме каттуу чаап жиберди ...