Жер менен асман биригип, астым-устум тушуп, бырын-чырын чыгып калгансып,институттан козум карангылап, башым айланып, эки бутумдан жан кетип чалыштай басып зорго чыктым. Кайда барарымы билбей бет алды басып кете бериптирмин. Бир кезде мен бараткан бейтааныш кочонун аркы ойузунон :"Толкунб- е-е-к,салам! "- деген унду угуп, элее карап токтодум. Карап турсам биздин райондо бир кезде иштеп, биздин уй менен алыш-чалышы бар Эсен деген кишинин уулу Эмил экен. Ал менден аяк алып суу ичеер уул болчу. Бирок жашыбызда анча мынча айырма болгону менен жаныбыз бирге курбу элек. Аны коруп суйунуп кеттим. Ал да кубанды. Кучакташып коруштук.