ТЕЗ ОКУУ📖


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Kitoblar


Каналыбыздын иштөө структурасы:
🔻Туура китепти кантип тандайбыз?
🔻Тез окууга эмне кедергисин тийгизет?
🔻Бат окуунун ыкмалары.
🔻Бир жылда 100 китеп окуу
Байланыш: @madindas
WhatsApp:+996504929275
🤩 ТЕЗ ОКУУ КУРСУ ОТЗЫВ:
https://t.me/otzyvytezokuu

Связанные каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri




Ал эми максат коюуда, максаттардын кагазда түшүрүлүүсү жана жакындардын “күлкүсү” эмес “колдоосу” эң маанилүү. Ошондуктан урматуу ата-энелер, байке,эжелер, баланыздынбы же сиңдиңиздердин (карындаш) күндөлүктөрүн окуп калсаныздар эч качан күлбөңүздөр. Себеби ал максаттар аруу, таза жана баалуу. Эң башкысы чын дили менен жазылган✨

Ал эми ким азыркы күнгө чейин жеке күндөлүгү жок болсо сөзсүз түрдө алыңыздар. Күндөлүккө максаттарды эле эмес, түйшөлткөн ойлорду же болбосо ичиңиздеги болуп жаткан сезимдерди жазып турсаныздар IQ жакшырат.

Дагы кимде ушундай окуя болду эле? Комментарийгемкызык окуялардан жаза кетиңиз⤵️


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Азыр мен сөз кыла турган нерсе максаттарын күндөлүккө жазып жүргөн ар бир адамда болгон. 😅

Мындан бир ай мурун группалаштар болуп “Күндөлүккө максат жазуу” тууралу сөз кылып калдык. Сөз башталганда эле бир группалашым: “Мен кичине кезимде күндөлүккө максаттарымды жазып, анан аны үйдөгүлөр окуп алып күлүшүп, ошондон кийин ал күндөлүктү жоготуп, экинчи жазгыс болгом”, – деп күлүп айтып берди.😅 Менде дагы башка группалаштарымда дагы дал ушундай учур болгонун бири-бирибизге айтып берип аябай күлдүк.😄
Ичимден көрсө мындай окуя бардык эле адамда болгон турбайбы деп ойлонуп калдым. Бирок, ошол күндөлүктү окугандан кийин жакындарыңдын күлкүсү эң биринчи ишенимди талкалайт деп эсептейм. Ошол учурдан тартып бала максаттарын кагазга түшүрүүдөн баш тартып, ал нерсе ага кереги жок деп эсептеп калат.


Сиз жакшы көргөн китептен жактырган, жакшы коргон каарманыңыз ким?


Тез окуу сабагымдан отзыв❤️


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Эске сактоону жакшыртуу техникасы:

📗 Материалды баалоо жана окуунун максатын аныктоо. Сиздин кызыгууңуздун деңгээлин баалаңыз жана тексттин түшүнүүгө оорбу же татаал экенин аныктаныз.

📗 Окуунун максатына жараша ылайыктуу окуу техникасын тандаңыз.

📗 Маанилүү фактыларды аныктап, белгилеп,жаттоо үчүн ал нерсеге байланыштуу ассоциацияларды табыңыз, керектүү деталдарды бириктириңиз.

📗 Түшүнгөнүңүздү жана эстеп кала турчу эң маанилүү маалыматты атайын күндөлүккө жазыныз. Негизги ойлоруңузду жыйынтыктоо үчүн өз сөзүңүздү колдонуңуз. Мисалы: Сиз окуп жаткан маалыматка байланыштуу сүрөттөрдү, диаграммаларды тартыңыз . Бул нерсе эс тутумуңуз үчүн маанилүү резерв болуп калат жана сиздин кийинчерээк эстеп калуу жөндөмүңүздү жакшыртууга жардам берет.

📗 Кайталоо.
Жазып алган маалыматтарды кайсы учур болбосун ( Мисалы: жумуш жазап жатканда, коомдук транспортто кетип жатканда? өзүңүзгө суроо берип эстөөгө аракет кылыныз.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Бул ыр эсиңиздерде барбы?😁


ТЕЗ ОКУУ📖 dan repost
Мээ күндүн ар кайсы мезгилинде кандайча иштейт

👉Cаат 6дан 7ге чейин эртең менен - ​​"терезе", узакка созулган эс тутуму эң мыкты, бул мезгилге алынган бардык маалыматтар оңой эле сиңирет.

👉Cаат 8ден 9га чейин логикалык ой жүгүртүүнү камтыйт, бул жаттоо жана аналитика менен байланышкан бардык иш-аракеттер үчүн эң ылайыктуу убакыт.

Эртең мененки 9дан 10га чейин - маалымат жана статистика менен иштөө үчүн оптималдуу саат.

👉Cаат 11ден 12 күнгө чейин - интеллектуалдык функциялардын натыйжалуулугу төмөндөйт, демек, сиз көңүлүңүздү абстракттуу нерсеге которсоңуз болот. Мисалы, музыка угуңуз.

👉Cаат 11 ден 14:00 - түшкү тамак үчүн керектүү убакыт. Ушул саатта, чыгышта, кабыл алынган тамак сиңирип, эң жакшы жол менен сиңип кеткенде, чыгышта "тамак сиңирүүчү от" деп айтышат.

tez_okuu

👉Саат 12:00 - 18:00 - Жигердүү иш үчүн мыкты убакыт. Кийинчерээк эмгек мээни эскирүү үчүн иштөөгө мажбур кылат.

👉 Саат 21:00 - 23:00 - Акылдын жана нерв системасынын эң толук эс алуусу.




Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Тез окууну үйрөтүүчү бекер китепти алууну кааласаныз

https://www.instagram.com/madina.chyngyzova?igsh=ZjFrNGtrZjFkMm9p

⬆️
Инстаграм баракчага катталып комментарий бөлүмүнө "КИТЕП" деп жазыныз.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Эмнеге китеп окуу керек?


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Чубак ажы тууралуу эки факты😍


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Нуржигит Кадырбеков


Активдүү болуп турсаныздар дагы да чыгарып турам☺️


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Кэчээ китеп тойго барып келдим, тарткандарымды сиздер менен дагы болушойунбу?


“Кантип мен?„

Бул суроо менен кыялдар, максаттар талкаланып, ишеним жоголот.
“ Кантип ушул нерсени мен аткарам? Бул нерсени аткара албайм, колуман келбейт”, — мына ушул өзүнө ишенбөө көп нерседен кур калтырат. Бул жашоодо эч бир адам бир ийгиликти жаратуучу мүнөзү же таланты менен төрөлгөн эмес. Ал нерсенин бардыгы өзүбүз эр жүрөктүүлүк кылып коркпой бир ишти аткарып көргөндөн кийин аз-аздан калыптанып баштайт.
Эң башкысы өзүнө болгон ишеним. “Мен кантип?„ — деген ой “Мен аткарам, колуман келет„ — деген ойго өзгөрүшү керек.

Ишениминди талкалаба!


Тез окуу курс dan repost
Мага жаккан 3 китеп:

1) «Каныбек» романы
Автор: Касымалы Жантөшев

“ Кулун жал болсо мингеним, Кулун тон болсо кийгеним; Куурасам акыл табышар, Кумар көз болсо суйгөнүм!”.. деп Каныбек атасы Сансыздан үйрөнгөн ырын дайым ырдап жүрөт, жашоонун көп сыноосуна кабылат.
“Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн, Каныбек„ — деп бекер айтылган эмес.
Бул китепти окуган соң жашооңо ыраазы болуп, шүгүр келтирсин.

2) « Маркумдар үнү » Автор: Көчкөн Сактанов

Сталиндик репрессияга кабылган кыргыздын “Кыргыздын интеллигенттерин” баяндаган.
Орустардын коргошун огу кадааларда Жусуп Абдрахмановдун айткан сөздөрүн окуп, жүрөгүм ордунан козголуп, көзүм жашылданып терең ойго баттым эле...

3) «Өзүн издеген аял» жана «Сонку дем»
Автор: Халит Эртугрул

Чыныгы сүйүү кандай жана болот?
Сүйүү деген эмне?
Бул суроолорго жогорудагы китептерден жооп алууга болот. Бардыгы чыныгы жашоодон алынган.
Китепти окуган соң жүрөгүң ойгонуп, жан дүйнөң астын-үстүн болуп, терең ойго батасын




1 мүнөттө 990 сөз окуган окуучум❤️🔥
Окуган тексттин 80-90% түшүнөт.

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.