🤔 Өрдөк синдрому деген эмне?
❓Ассалоому алейкум урматтуу окурманым амансызбы? Сиз өрдөк синдрому дегенди уктуңуз беле? Бул эмне билесизби?
✅ Жөнөкөй мисал менен айтып берейин.
📌 Жаш жубайлар үйүнөн чыгып жатат. Киного бармак болушту. Негизи ушунча иштин арасында, шаардын стресс жашоосунда жаш күйөө киного чын көңүлү менен баргысы келген эмес.
Үйдөн чыкпай жатып лифттин жогору кетип калганына нерв болуп жатат, анысы аз келгенсип босогодо жасанып бүтпөй жаткан аялын жарым күткөнүнө нерв. Сыртка чыгып машинесин жылытканча эми шашып калган келинчегине жини келип, жолго чыкканда тыгында турган машинелерге нааразы.
📌 Бул шаардын ызы-чуусу менен аралашып отуруп, акыры киного да келишти, башынан маанайы жакшы болбогону үчүн, эмнегедир кинону дагы көргөндөй болушпады. Күйөөсү тандаган кино начар деп ойлоду аялы, “рекламасы жакшы болчу, начар эле кино экен” деп калды күйөө.
📌 Дал ушул учурда сиз үйдө жаман футболкаңызды кийип, жубайыңыз менен ысык чайды кана ичип, бактылуу отургансыз. Бирок дал ушул учурда колуңуз адаттагыдай эле телефонго кетти, эч жаман ой жок, көнүп калгандай эле инстаграмды ача салдыңыз.
📌 “Бүгүн бизде үй-бүлөлүк күн, жубайым менен киного келдик, кино укмуш болуптур” – деген сүрөткө көңүлүңүз түштү, колдо попкорн, аркада кинонун афишасы, тим эле жылмайган жүз.
Сиздин жанатан берки жай баракат отурган бактыңыз, үйдөгү жылуу атмосфераңыз кадимкидей жоголду. “Досум кандай бактылуу, ал аялы менен кинодо жүрөт, жарашыктуу да кийинген” деп кайгыга баттыңыз.
📌 Урматтуу окурманым, мына ушул социалдык тармактагы жасалма жылаюуларды жасоо үчүн досуңуздун кылып жаткан аракети “өрдөк синдрому” деп аталат экен. Сизге бактылуудай көрүнгөн ушул 2 секунддук сүрөттү жасоо үчүн жашоосунун бардык тарабы бактысыз өтүп жаткан адамдардын жашоосу. Өрдөк суунун үстүндө канчалык тынч, канчалык көркөм көрүнсө да, адамдарга көрүнбөгөн тарапта, суунун алдында бар күчү менен тыбырчылап аракет кылууда. Соц тармактарда сизге бактылуу, сулуу көрүнгөн адамдар дагы кандай тыбырчылап, кандай кыйналып жатканын билгениңизде үйдө жаман футболкаңызды кийип, жай баракат отурган жашооңузга миң ирет шүгүр дейт элеңиз.
✅ Ар күнү өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошолу, өрдөк синдромуна кабылбайлы жана соц тармактагы бактылуу сүрөттөргө алданбайлы.
✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. Бишкек, 17-сентябрь, 2024-жыл.