🥳 АйТи клуб – стажировка.
✅ Ассалоому алейкум урматтуу окурманым. Сентябрь айынын ортосунда АйТи клуб ачканбыз. Азыр ошол АйТи клуб сонун иштеп баштады.
📌 Flutter – мобилдик колдонмолорду иштеп чыгуучу команда. 15 стажер алууну план кылганбыз. Азырынча 8 адам иштеп жатат. Дагы деле орундар бар. Кийинки проект башталганга чейин алсак болот.
📌 Front End – веб сайттарды иштеп чыгуучу команда. Бул командабыз толуп калды. Азырынча 1-веб сайтты жасап жатышат. Бул бүтөрү менен кийинки веб сайттарга киришет. Жана заказдарды алып дагы жасоого толук кандуу даярбыз.
📌 Back End (Java) – булар веб сайттын дагы мобилдик колдонмолордун дагы арка тарабын иштеп чыгуучулар. Ар бир жасала турган проектти абдан дыкат талкуулашып, ар бир кыймыл аракетти жакшылап анализ кылышып анан жасашат. Бул командабызда азырынча 7 стажер иштеп жатышат. Бул командага дагы адам алууга даярбыз.
✅ Урматтуу окурманым, эми бул АйТи клуб тууралуу дагы бир аз кенен маалымат бере кетейин.
✅ Биз бул АйТи клубду Мета – Илим эл аралык университети менен биргеликте ачтык. Клубдан негизги максаты университеттин студенттерин теориялык билим менен гана камсыздабастан, аларды талапка ылайык, кесипкой адис кылып чыгарууга басым кылуу. Анан башка АйТи курстардан, башка университтетерден окуп бүтүрүп, тажрыйбасы жок жумушка кире албай жүргөн програмчыларга тажрыйба берип, жумуш таап кетүүсүнө жардамдашуу.
✅ Урматтуу окурманым, биз жаштарыбыздын жана програмчыларыбыздын өсүп өнүгүүсү үчүн, ар күнү аракетибизди кылып жатабыз, сиз дагы өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө бирге салым кошолу. Биз менен бирге өнүгөм десеңиз Горький 97, Чехов көчөсү менен кесилишинде жайгашканбыз.
✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек ш. 3-октябрь, 2024-ж.