ZHYLDYZ ACADEMY


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Ta’lim


🧑‍🎓 👩‍🎓ОБРАЗОВАНИЕ ЗА РУБЕЖОМ
💡ГРАНТЫ И СТИПЕНДИИ
🌍 ПО ВСЕМУ МИРУ

Связанные каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


Италияда бекер окугуңуз келеби? 😍🍕🍝🇮🇹

📍1920-жылы түзүлүп, Италиядагы эң эски делген 5 окуу жайдын катарына кирген Макерата университети 2024-25 окуу жылында дал ушул окуу жайды тандаган, мыкты жетишкендиктери бар студенттер үчүн арыздарды кабыл алып баштады.

📍Окуу жай табигый так жана гуманитардык илимдерди айкалыштырып, бакалавр жана магистратура үчүн бир нече тармактагы программаларды сунуштайт. Аны менен катар дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген студенттер үчүн эшиги ачык.

📍Кайсы бөлүмдөрдү окуй аласыз?

🔻Тарых
🔻Философия
🔻 Билим берүү тармагы
🔻 Туризм
🔻 Маданий мурастар
🔻Экономика
🔻 Бизнес
🔻 Саясат таануу
🔻 Коммуникация
🔻 Эл аралык мамилелер

📍Макерата университетинин стипендиясын алуу үчүн кандай документтер талап кылынат?

📎Эл аралык паспорт
📎 Резюме
📎Мурдагы билими тууралуу диплом же аттестат
📎Транскрипт
📎 Англис тилин билгенин тастыктаган документ
📎Мурдагы жетишкендиктери тууралуу сертификаттар
📎Окуу жайга жана грант алуу үчүн өтүнмө жөнөтүү


Окуу жайга тапшыруу үчүн төмөнкү шилтеме менен кирип, толук маалымат алыңыз.
https://apply.unimc.it/en_GB/news/new/26-complete-your-online-application-unimc




📍Америкада бакалаврдык даража алууна каалайсызбы? Сонун кабар! Корнел университети учурда эл аралык студенттерди кабыл алууда жана окуу, жашоо чыгымдары үчүн берешен гранттар каралган.

📍1865-жылы негизделген окуу жай Америкадагы эң мыктылардын бири. Ал ар кандай тармактар боюнча күчтүү академиялык программалары, дүйнөлүк алдыңкы класстагы окутуу жамааты, акыркы технология талабына жооп берген заманбап жабдыктары менен белгилүү.

📍Сиз дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген студенттер менен бир окуу жайда сабак алып, ар кандай маданий жана класстан тышкаркы иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк аласыз.

Талаптары:

🔻 Англис тилин мыкты деңгээлде билүү милдеттүү шарт болуп саналат. (TOEFL 100 дөн жогору, IELTS 7ден жогору)
🔻 Дүйнө жүзү боюнча баардык өлкөлөрдөн келген талапкерлер үчүн ачык программа.
🔻 Баардык талапкерлерден SAT же ACT сыяктуу эле стандарттык тесттерди талап кылынат.
🔻 Каржылык муктаждыгын көрсөтүү үчүн, талапкерлер атайын документ толтурушат.
🔻 Кандидаттын баардык документтери, сертификаттары англис тилинде болушу керек.
🔻 Эссе, рекомендациялык кат талап кылынат.

Бул талаптарга жооп берип, тапшырууну кааласаңыз, бул шилтемеге өтүңүз. 😍👇

https://www.commonapp.org/




Каналдан кандай маалымат алууну каалайсыз?
So‘rovnoma
  •   Стипендиялар, гранттар тууралуу
  •   Англис тилин үйрөнүү тууралуу
  •   Чет жака документтерди туура жиберүү боюнча
  •   Европа/Америкада жашоо боюнча
  •   Башка
121 ta ovoz


Англис тил сертификатсыз эле Американын эң алдыңкы окуу жайында окуп келүү кыялыңыз барбы? 😍

Анда сиз Hansen жайкы алмашуу программасына тапшырып, 3 айлык лидерлик программаны San Diego университетинен окуп келсеңиз болот. Окуу акысы, жол чыгымдары, жашоо чыгымдары баары толук каржыланат. 🤩

Негизги талаптар:

📍Бакалавр жана магистр окуп жаткан студенттер катыша алат.
📍Эки жылдан кем эмес окуган болушу керек.
📍Эл аралык мамилелер, дипломатия, эл аралык экономика темаларына кызыктар болушу керек.
📍20-25 жаш арасындагы жаш, активдүү лидерлер.
📍Тандоодо окуу жайдагы баалары каралбайт. Кандидаттар окуудан тышкаркы активдүүлүктөр менен бааланат.
📍Окуган, иштеген, же ыктыярчы болгон жерден 2 реккомендация алуу.
📍Мурда Америкага барбаган кандидаттарга артыкчылык берилет.

💡Толук маалымат жана тапшыруу үчүн:
https://hansenleadershipinstitute.communityforce.com/Funds/Search.aspx#4371597136646D517975544F5976596D4E73384E69673D3D








Erasmus Mundus👇

Европанын эң алдыңкы окуу жайында акысыз окуңуз!🤩

📍Европанын 8 престиждүү университеттеринин биргелешкен программасы
📍Окуу таармагы: Шаар куруу, социология, укук, инженерия ж.б.
📍Мөөнөтү: 2 жыл (4 семестр)
📚💻Окутуу режими: кампустагы оффлайн сабактар жана онлайн модулдар
🧑‍🎓👩‍🎓Квалификация: Магистратура (MSc)
💰Окуу акысы: Европа жана Түркиянын студенттерине – € 9,000, башка улуттагы студенттерге – € 18,000
🌍Жайгашкан жери: Европанын 8 түрдүү шаарында

📆Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 1-март, 2024




Мыкты резюме/cv жаратуу 1 күн, 1 жума, керек болсо 1 айды да албайт. Профессионалдуу түрдө жазылган резюмелер адатта бир нече айда жазылып бүтөт. Бул постто сиздер менен резюме/cv жазуудагы эң маанилүү пункттар тууралуу сүйлөшөбүз.😍


📍Эң эле жөнөкөйүнөн баштасак бул көптөгөн резюмелередеги орфографиялык жана грамматикалык каталардын болушу. Грант, сколаршип же иш берүүчүгө дароо эле терс таасир жарата турган деталдардын бири. Андыктан, резюмеңизди түзүп бүткөн соң, ар бир сөзгө кылдат көңүл буруп, тууралагын текшерип чыгыңыз.

📍Баарына жараган “уникалдуу резюме”. Балким, Сиз дагы акыркы 2-3 жылдан бери бир эле резюме менен жашап жүрөсүз. Көпчүлүктүн катасы. Сиз тууралуу жалпы жазылган контент резюменин эффективдүүлүгүн бир кыйла төмөндөтөт. Андыктан, ар бир жолу конкреттүү жумушка же окуу жайга ылайыктап резюме жөнөткөнүңүз артык.

📍Начар форматталган резюме. Башаламан, же начар форматталган резюмени окуу кыйынга турат. Мындай учурда Сиз квалификацияңызды көрсөтүп бере албай каласыз. Андыктан, резюменин форматына көбүрөөк көңүл буруңуз.




📍Sun Yat-Sen университетинин стипендиясы (IELTS талап кылынбайт)

📍2024-жылы аты аталган окуу жай дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы бакалавр, магистратура жана докторантура окуй турган баардык студенттерге стипендия сунуштайт.

📍1924-жылы түптөлгөн окуу жай Кытай Республикасын түптөгөн тарыхый фигура Sun Yat-Sen дин ысымын алып жүрөт. Салттык жана заманбап окуу методдорун айкалыштырып, Кытайдагы эң популярдуу жана эң мыкты окуу жайлардын катарын толуктайт. Бир нече дициплиналар боюнча бөлүмдөрү бар.

💡Программанын талаптары тууралуу билүү жана тапшыруу үчүн бул шилтемеге кириңиз.
https://iso.sysu.edu.cn/en/application/scholarship/1413220.htm




📍Улуу Британияда магистратурада билим алууну каалаган эл аралык студенттер Батыш Англия Университетинин (UWE Bristol) Millennium Scholarship программасы аркылуу уникалдуу мүмкүнчүлүктү колдоно алат.

📍UWE Bristol Millennium Scholarship бул жөн гана каржылык колдоо эмес. Стипендия
мыкты студенттер үчүн окуудан тышкары, өзүлөрү тандаган тармактарда стаж өтүп, алган билимин практикада колдонууга жана чоң организацияларда жумуш табууга шарт түзөт.

📍Стипендия окуу чыгымдарын жана жашоого кеткен чыгымдарды толук жабат.

📍Ал эми UWE Bristol университети Батыш Англиядагы эң престиждүү жана жогорку сапаттагы билим берген изилдөө университети. 1595-жылга чейинки тарыхы бар университет дүйнө жүзүнүн ар кайсы бурчундагы студенттерди өзүнө тартып, заманбап жана эл аралык институтка айланган. Бир нече тармактар боюнча бакалаврдык, магистрдык жана доктордук программаларды сунуштайт.

💡Толук маалымат: https://www.uwe.ac.uk/courses/funding/scholarships-and-bursaries/millennium-scholarship






Достор, салам! 😍

Welcome to our Telegram Channel!🥳

Канал кимдерге жана эмнелер тууралуу жазабыз?👇

Канал чет жака окууга тапшырууну пландаган, чет өлкөдөгү грант, стипендиялык окуулар тууралуу билгиси келген жана билимге инвестиция кылууга даяр, өзүн өнүктүрүүгө кызыктар баардык каалоочуларга.

Эмне тууралуу жазабыз?👇

💯 Чет жактагы көпчүлүк билбеген гранттар, стипендиялар;
💯 Чет жактагы престиждүү окуу жайлар жана тармактар;
💯 Чет жактан грант утуп алуудагы негизги талаптар;
💯 Чет жакта окууга даярдануунун баскычтары;
💯 Ийгиликтүү эссе, резюме, рекомендациялык кат жазуунун жолдору;
💯 Окууга тапшыруудагы документтердин пакетин даярдоо;
💯 Жеке өнүгүү, келечеке жана билимге инвестиция кылуу;
💯 Англис тилин эффективдүү үйрөнүүнүн методдору.

Эгерде сиздин максаттарыңызга туурга келген пункттарды таба алсаңыз, анда биз менен калыңыз.🫂💓

Ар жумада Сизге пайдалуу контенттердин тизмесин чыгарабыз. ❤️‍🔥



20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.