Irsen компаниясынын негиздөөчүсү — Римма Шаршенова классташ курбум болот.
Экөөбүз 6-класска чейин жакын
дос-курбу болдук, чогуу мектепке барып, чогуу кайтып.
6-класста ал жана Асель деген кыздарыбыз өз каалоосу менен орус класска которулуп кетишти.
Жогорку окуу жайда сабактар орус тилде болот, орус тилинде эркин сүйлөө үчүн деп.
Экөө тең классыбызда жакшы окуган тың кыздарга кирчү.
Асель кийин Демирбанкта иштеп, 2007-жылы Америкага кетип, ошол жакта мекендешибизге турмушка чыгып, тамыр байлап калып калды.
Римма Кытайда окуусун улантып, келээри менен Таобао аркылуу буюртмаларды алып, жолдошу экөө ишкерликтин көп түрүн башынан өткөрдү.
Римманын кол жазмасы аябай сулуу болчу☺️
Юнусалиев көчөсүндөгү “ Burlesque” сулуулук салонун ачканда негедир балачактагы өзүн тыкан, сулуу болуп алып жүргөнү эске келди. Ал ачкан сулуулук салон өзүнө төп келгендей сезилди. Анын иши экенин далилдеди.
Ал ишине кошо параллель бир канча ишкерликти жасап жүрөт — алардын ичинде шаар ичиндеги медиаборддорду ээлик кылган Irsen компаниясы.
Тилимпоздогу Тилек аталган компаниянын жарнактарына Тилимпоз жайгаша баштаганын сүйүнчүлөгөндө аябай сүйүндүм.
Римма өзү корей улутундагы курсташына турмушка чыкса да, дилинде эне тилине күйүп бышканы сезилди.
Бар болсун алтындай болгон классташым. Бар болсун, Тилимпоз!