КЫСКА-НУСКА


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Другое


Кыска көркөм чыгармалар.
Байланышуу - @tokoevmarat

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Другое
Статистика
Фильтр публикаций


"Эмилбек байке!" деп жиберип, кайтып өзүм чочуп кеттим. Ал мен жакты карап алып, бир кызыктай үндөбөй калды. Бир саам тиктешип калдык. Көргөн көзүмө ишенбейм. Кайырчы экен деп боорум ооруп жүрсө… Жүрөгүм тызылдап кетти. Кантип ушундай болсун! Ал күндүн нурун көрөт турбайбы!.. Биз, адамдар караңгыда жүрүптүрбүз! Эмилбек менин оюмду окуп алгандай жанында турган кишини "жүр кеттик!" деп шаштырды. Экөө эч нерсе болбогондой бат-баттан басып, алыстай беришти. Мен турган жеримде селейген бойдон оюмду топтой албайм. Чөнтөк телефон шыңгыраганда барып өзүмө келдим. Ушундай да болобу!? Акча адамдарды каяка алып баратат! Соп-соо туруп көзүм көрбөйт деп кайыр сурап отурган адамдын алты саны аман-соо экени кимдин оюна келет?..
 
Ошол күндөн тартып, Эмилбек кайырчынын карааны жер алдындагы өтмөктөн көрүнбөй калды. Балким, жер которуп кеттиби? Шаардын башка четине өтүп дагы бир жердин кайырчысы болуп отурабы, ким билсин… А мага күндө ошол өтмөктөн өткөн сайын анын жалооруган "Күндүн көзүн көргүм келет. Жарыкты көрүү кандай бакыт!.." деген сөзү кулагыма жаңыргансыйт…
 
* * *
Арадан айлар өттү. Жумушка шашып бара жаткам. Тепкич менен ылдый түшө бергенде баягы Эмилбек байкенин ордунда бир кыз отуруп калыптыр. Бир көзү кара чүпүрөк менен жабылуу. Отурган жери сыз. Бул кыз Эмилбек байкенин кишиси го деген ой кылт этти. Кантип эле? Ал мынчалыкка барбастыр. Бирок, өзү барды да. Өзүм күбө болбодумбу. Жиним менен кызга жете барып "Сен кимсиң?!" дедим.
 
"Кайырчымын, байке! Садака бериңиз" деди. Дагы бир нерсе дегичемди жетелешкен кыз-жигит өтүп баратып, коробкага акча таштады. "Бактылуу болгула, максатыңарга жеткиле!" деди тиги кыз. Кыз менен жигит берген жардамына ичтеринен ыраазы болгондой баштарын ийкеп жылмайып кете беришти. Мен кайтып сөзүмдү улагыча кенедей коробкага майда тыйындар шыңгырап биринин артынан бири түшүп атты. Мен турган жеримде "булар жалганчылар алты саны аман туруп, ушинтип акча табышат" деп өтмөктү жаңыртып кыйкыргым келди. Бирок, менин сөзүмө эч ким ишенбешин сездим. Анткени, тиги кыздын кебетеси чын эле адам боору ооругандай эле. Тескерисинче, өтүп жаткандар мени акылынан адашкан неме го деп ойлошмок. Балким, бул кыз чын эле жардамга муктаж болуп жаткандыр. Чөнтөгүмө кол салсам кагаз акча жүрөт. Алып чыксам элүү сомдук. Коробкага таштадым. Тиги кыз көзүмө карап, "садакаңыз кабыл болсун байке" деди муңайымкы.
 
— Бир көзүңө эмне болгон?!, - деп чыдабай сурап ийдим.
 
— Жаш чагымда соолуп калган да, байке. Ишенбей турасызбы?, - деди да көзүн жапкан кара жамакты алып салды эле узун кирпиктери жапкан жумулуу карегинен айбыгып, жүзүмдү буруп кеттим… Жүгүргөн бойдон тепкичтерди аттап-буттап, өтмөктөн чыгып баратып, менин сураганымды бирөө-жарым угуп калбады бекен, деп артыма кылчак-кылчак карап коём.



#Матисаков_мектеби
____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Нурпаяз АБЫТОВ
 
КҮНДҮН КӨЗҮН КӨРГҮМ КЕЛЕТ…
 
Филармонияга жакын жер өтмөктөн күндө жок эле дегенде эки, үч жолу өтөм. Өтмөккө кирип баратканда жайдын аптаптуу ысыгында же кыштын кыраан чилдесинде болобу тепкичте кайыр сурап отургандар учурайт.
 
Жарым жылдан бери бекен, так эсимде жок, өтмөктөн кара көз айнек тагынган, таягын оң ыптасына коюп отурган жашы кырк, кырк беш чамасындагы байкени көп көрчү болдум. "Күндүн көзүн көргүм келет. Жарыкты көрүү кандай бакыт!.." деген сөзүн кайра-кайра кайталап, күңгүрөнүп отурат. Адегенде аны менен сүйлөшкүм да келген. Бирок, жанына барганда эмне деп айтам. Туура эмес сүйлөп, көңүлүн оорутуп алсамчы деп кооптондум. Кээде күндө отурчу ордунда жок экенин көрүп, эмне болду экен, келе жатып адашып кеттиби? Биздин кээ бир жолдордун алты саны аман эле болсун. Эки көзү тең көрбөсө, ачылып калган люкка кирип кеттиби деп, сарсанаа болгон учурларым да болду. Эртеси шашып жумушка жөнөйм. Өтмөккө кире бергенде; "күндүн көзүн көргүм келет. Жарыкты көрүү кандай бакыт!.." деген сөзүн укканда, аман-эсен экенин көргөндө көңүлүм жайлана түшчү.
 
* * *
Бир күнү жумуштан эрте чыктым. Өтмөктөн өтө бергенде көзү азиз байкени көрүп, жанына барып бир сүйлөшсөмбү дедим. Жанына келсем, "күндүн нурун көргүм келет. Жарыкты көрүү кандай бакыт!.." деген көндүм сөздү кайра-кайра кайталап, күңгүрөнүп атты. Чөнтөгүмө кол салсам, колума майда тыйындар урунду. Карасам он сомдуктан төртөө. Дароо алдындагы коробкага таштадым. Баягы жадыбалдай кайталоочу сөздөрү тып басылды. Учураштым.
 
— Байке, амансызбы?, - дедим. Ал мен жака башын акырын буруп, - аманчылык, аманчылык, кудай деп, отурабыз.
 
— Байке, бул жерден күндө өтөм. Сиз менен сүйлөшсөм болобу? Мүмкүн, жардамым керек болуп калар, - дей салдым.
 
— Түшүнөм, иним. Биздики эми ушул. Туулгандан эле көзүм көрбөйт. Жарыктын кандай экенин билбеймин. Жарыкты, күндүн нурун бир көрсөм, арманым болбос эле, - дегенде үнү кыргылдана түштү. Үндөбөй бир саамга туруп калдык. Бир нерсе деп көңүлүн таап, сөз баштайын дейм, бирок оозума сөз келбейт.
 
— Атың ким болот, иним, - деди.
 
— Азат, - дедим.
 
— Менин атым Эмилбек, өзүң көргөндөй ишке жарабайбыз. Бизди эч жака жумушка да албайт. Айла жоктун иши. Кайыр сурап, жан бакмай. Керели-кечке үйдөгүлөргө жүк болбоюн деп бул жака чыгам. Эл бар экен күнүбүз өтүп жатат.
 
Мен дагы ага ачылып, өзүмдү көптөн бери тааныш адамым менен маектешип отургандай сездим. Саатты карасам, сегизден өтүп, иңир кирип калыптыр.
 
— Эмилбек байке, кеч да болуп калды. Таксиге салып жиберейин сизди десем.
 
— Жок, рахмат, өзүм эле кетип калам. Сен да жолуңдан калдың окшойт, - деди.
 
— Жүрүңүз, жок дегенде аялдамага чыгарып коёюн, - десем да болбой койду.
 
— Темселеп күндө келип жүрүп, бул жерди беш колумдай билем. Сарсанаа болбо, иним, - деп коштошмокко колун сунду.
 
* * *
Күндөр өтүп жатты. Эмилбек байке менен ага-инидей болуп, ары-бери өткөндө учурашам. Колумдан келген жардамымды да берип жүрдүм. Бир күнү түш ченде тамактанып алайын деп сыртка чыккам. Күндө тамак ичүүчү кафени көздөй тротуардын четине салып баратсам, бактын көлөкөсүндө экөө турган. Биринин үнү кулагыма тааныш. Карасам, Эмилбек байкем турат. Көргөн көзүмө ишенбей, кечке компьютерди карап чарчагандыктан, көзүмө окшош адам көрүнүп атабы деп көзүмдү ушалап коём, жок дал өзү Эмилбек байке. Көзүндөгү көз айнеги, колундагы таягы жок. Кийингени да башкача. Нес абалда туруп калдым. Жанындагы өзү курактуу киши менен кызуу талашып, колундагы кагаздан ага бир нерселерди көргөзүп атат.


Идрис ШАХ

КОЖО НАСИРДИН КИМ БОЛГОН?

(«Суфийлер» китебинен)

Анын кимдигин эч ким билбейт. Качан, кайда жашаганын да. Тек эл өзү аркандай мүнөзгө, аркандай мезгилге моюн сунбаган адамды аңсап, ошондой кишинин образын жаратып алса керек. Бери дегенде суфийлерге адам эмес, идея керек сыяктанат. Ошондуктан алар ойдон чыгарылган өмүр таржымал тургай, тиги дүйнө жазмышын да кыялдан жасаган. Өтөле тыксансып тырышкан майда адамдарды да «майкандап» чыга келген Кожо Насирдинден окумуштуулар да озгун ойлорду таап, дүйнөнүн түркүн түрмөгүн жандырат.

Ошонун эң начары деле Насирдин бар экендиги чын болсо, оюн ойготуп, жүрөгүн дүпүлдөтмөк. Насирдин өзү башым менен басып, бутум менен дем алам дегенине таянып, окумуштуулардын бири анын «мүрзө ташында жазылган» 386 деген санды 683 деп окугула сыяктуу сунуш айтат. Башка бир профессор ал санды арабча туура жандыра келгенде 274 чыгат дейт. Ал кайсы бир дербишке кайрылса, «эсеби маселең, жөргөмүштү сыяга салып жиберип, андан чыгаргандан кийинки изин терең иликтеп, изилдөөгө болбосун» дептир. «Ал мүмкүн туура датаны даңдап же кандайдыр бир нерседен кабар берер?» буга профессор кадыресе маани берип, маңыз издейт.

Чындыгында 386 деген сан 300+80+6 дегенди билгизет. Бул санды араб арибине айландыра келсек, ШУФ тамырына туш келебиз. А ШУФ дегенибиз ШаУаФд деген сөзгө, б.а., «кандайдыр бир нерсени терең кароо, кандайдыр бир нерсени көрсөтүү» дегенге байланат. Дербиш айткандай, жөргөмүш да бир нерсени «көрсөтүшү» мүмкүн. Жок, Насирдиндин эл оозунда ылакапка айланган таржымалына так маани бере келсек, ойдон чыгарылган нерсенин бу турмушта эчбир опоосуздугуна бачым ынанабыз. Эсеби маселең: «Эпсиз бышыксынган бирөөнү көтөрүп Насирдин акең өркөчтөп аккан өзөндөн өтүп баратпайбы. Өтүп баратып, кыязы жазуу эрежесине туура келбеген бир нерсе айтып жиберсе керек.

— Ой, өмүрүңдө жазуу эрежесин үйрөнгөн жок белең? — дептир тиги.

— Жок, — дейт Насирдин.

— А, атаңдын гөрү, өмүрүңдүн теңи бошко кеткен тура, — дептир окумуштуу. Андан ары узай берип, Насирдин акең сурайт имиш:

— Өмүрүңдө сууда сүзгөндү үйрөндүң беле?

— Жок, — дейт окумуштуу.

— Анда бүт өмүрүң текке кетиптир – чөгүп баратабыз, — дептир Насирдин.

Адамдар ишенич жарыгына кантип жетүүнүн жолун билбейт. Андыктан ар нерсеге сыйынып, өздөрү анчалык аңдап билбеген теорияга табынып, акыйкаттык менен арамдыкты анчалык ажырата албайт.

Насирдин адам баласынын андай «наркын» ар түркүн ыкма менен ырастайт…

«Коңшусу бир күнү караса эле Насирдин жер сыйпалап, жок издеп атат.

— Эмне, молдоке, бирдеме жоготтуңбу? — деп сурайт ал.

— Ооба, — дейт Насирдин, — ачкычымды жоготуп издеп атам.

Аны карап турган кайрадан:

— Ачкычты кай жерге түшүрдүм деп ойлойсуң? — дейт.

— Үйдүн ичине.

— Анда эмне бул жерден издеп атасың? Үйдөн издебейсиңби?

— Үйгө караганда бул жерде жарык болуп атпайбы, — дептир Насирдин».

Көпчүлүк суфийлер Насирдиндин бул таржымалын ишеничтин экзотикалык жарыгын издегендерге жардам катары пайдаланат.

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ



#котормо
____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Шекербек КАЛЫКОВ

ДОКЕ

(“Биздин замандын кишилери” түрмөгүнөн)

Журналисттик кесиптин аркасы менен не деген керемет адамдар менен «үзөңгү кагыштыра» иштешип калдым. Алардын баскан жолуна гүл өсүп, эргиген энергиясына эт башат го, чиркин. Айрыкча белгилүү журналист, жазуучу Догдурбек Юсуповго тийишкенди жакшы көрөм. Биз аны «Доке» деп эркелетебиз. Көргөндө эле тилим кычышып турат. Адамдын эле палваны. Анткени, сөз көтөрө билет. Аския, юмордун күйөрманы. Иштермандыгына эки жолку Баатыр Зууракан Кайназарова суктанмак. Эгерде, уй болсо, сүтү менен төрт-беш кошунаны жөн эле багып алмак. Бир карасаң, Ала-Тоо аянтындагы байракты коруган салдаттын дал өзү. Редакциянын иши үчүн тикесинен-тик туруп, жамааттын кызыкчылыгына төшүн тосуп, Чолпонбай болгондон кайра тартпайт.

Бир аял менин кабинетимде Докемди күтүп отурду. Анан эжеке:

— Агаң, жаш кезинде сүлкүлдөгөн сулуу жигит болчу. Кыяк тартып ырдайт эле. Ыр окуйт десең. Далай кыздар артынан ээрчиди го... – деди тамшанып.

— Койсоңузчу эже... – деп жамаат менен түшкөн сүрөтүн алдына таштап койдум.

— Ай-ий... Сен билбейсиң да... – деп сүрөткө тигиле карап: — Азыр эле жанагы “Асабанын” Каскадробундай болуп баратыптыр. Жашында укмуш эле да. Кийин студент болуп кетти. Каникулга келгенде, чачын артына тарап көчө менен келатканда, алып бараткан чакадагы сууну чача салып, кайра арыкты көздөй чуркачубуз. Узагыча тиктейбиз, десең. Актер боло турган жигит эле. Баягы Зоррону аткарган бала бар го. Ошондой актер болмок... – деди көздөрү күлмүңдөп.

— Эже, бу киши, азыр дарынын түрүн ичет. Сиз мине, аны жазалаганы келдиңизби?.. Эгерде ушу сөздүн баарын укса, жүрөгү ооруп, оорусу өтүшүп кетпесин... – дейм, тамашалап.

— Эмнеге айтмак элем... – деп камырабайт, эжеке.

— Анда мага минеге айтып жатасыз, муну?.. – дейм таң кала.

— Сени ким менен жанаша отурганыңды билсин деп айтып жатам, иним, – деп коет. Ичимен, “сулуу деген, акылдуу дегенди түшүндүрбөйт да” деп бүтүм чыгара салдым.

Докем чынында журналисттин дыйканы. Азыр отуздагылар опкок, кырктагылар кыйык болуп калбадыбы. Ал шамшардай шартылдайт.

Негизи ар тараптуу киши. Түрмөдөгүлөрдүн өзүнүн жаргону бар го. Эми кибернетиканын, электрониканын тили чыкты. Азыр “хайпанут” эткендер андан көп. Ал эмес Жогорку Кеңештин “маяне, сиксуля, чакурук ж.б.,ж.б.” жаргондору пайда болбодубу. А Докемдин жаргону илгери эле бар болчу. Менимче ушул киши аркылуу калайыкка тарап кетти окшойт. Ал - “эме” деген сөз. Ушул сөз менен сени жазалайт. Мактайт. Керек болсо, духуңду түшүрүп коет. Бирок, редакциядагылар бул сөздү котормочусу жок эле түшүнөбүз. “Эме, эмеге айтып койчу, эмени эме кылсын” дейт. “Макул, агай” деген кызматкер сылык жылмайып, эшикти акырын жаап чыгып, барып “эмеге” дал ушинтип түшүндүрөт. Иш жүрө берет. Баары Докем айткандай болот. Бир жолу редакцияда иштеген келиндин үйүнө телефон чалыптыр.

— Эме, барбы?.. – дейт.

— Бар... – дейт күйөөсү.

— Чакырып койчу, эметип коеюн дедим эле, – дейт.

— Макул... – дейт, анткени, анын күйөсү дагы  тил билги киши окшойт.

Докем ушундай...


____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Ошентип, Жолболот Мамытбай атанын тооканасына жумурткага ууруга жөнөдү. Мамытбай ата тооканасын бир метрдей бийиктикте төө кирпич менен тургузуп, үстүнө талдын бутактарын коюп, ылай менен жапкан экен. Жолболот, итирейген колдору менен тоокананын илгичин ачып кирип, шапкесине жумурткаларды сала баштады, жумуртка кармаган колдору коркконунан калтырайт, ага карабай болушунча шапкесине, а шапкесине батпаганын чөнтөгүнө шыкады, жаны төрт чарчы болуп турган Жолболот ал аңгыча сырт жактан ышкырыктын үнүн сезип,  отурган жеринен бутуна тура калды. Башы талдын бутагы менен капталып, ылай менен жабылган тоокананын үстүн тешип чыкты. Ал аңгыча Мамытбай атанын байбичеси короодон койдун жүнүн сабоого бара жатып, тоокананын үстүндөгү чыгып турган сары, шилмейген Жолболдунун башын көрөөр замат, колундагы сабоосун ыргытып, “Кокуй абышка, жардамга эле жардамга, өлдүк абышка өлдүк”, – деп үйдү көздөй жанталаша кыйкырык сала чуркап, абышкасын ээрчитип чыкты. Байкуш байбиченин кебетеси кетип, келмеси оозуна келе түшүптүр. Муну уккан Мамытбай аксакал: “Ой эмне эле деп атасың, эмне болгон баш, каякта катыгүн, эми кудай урбадыбы!”, – деп байбичесин жандап, тооканага чуркап жөнөдү. Жолболот ал учурда, тооканадан чыгып кетүүгө үлгүрүп, жумурткага жиберген байкелерине жетип келип, аларга ачуулу корс этип: “Байбичеси тооканага келгенде ышкырасыңарбы! Жок дегенде, ышкырбай койсоңор тооканада тынчыраак отуруп турат элем го, аз эле жерден калдым, Мамытбай атанын байбичесинин жүрөгү кармап калбагай эле!”, – деп үшкүрүнө бурк этип койду.

“Ой биз ышкырган жокбуз! Наркы чолок көчөдөн Турат менен Кенжебектер өтүп баратып, жөн баспай тиши сынгырлар Мамытбай атанын үйүнө келген шаардык кызга ышкырып өтүштү”, – деп Асылбек актана, одураңдап барып токтоп, “Ээ балдар, кетпей туралы, деги Мамытбай аталарга бир нерсе болбогой эле, карай туралы, балким жүрөгү кармап жерге жатып калышпасын”, – деп тоокана жакты жашына карап, байкап отурушту. Мамытбай ата менен байбичеси тооканага жетип барышып, көп жолобой, бир саамга жок издеген кишидей баягы Жолболоттун башын издеп жатышты. Мамытбай ата: ”Ээ кемпир, көзүңө көрүнчү көрүнүптүр, тоодон козу алдырып түлө берип, кан чыгаралы, бул жакшы жышаан эмес, ушуну менен чыгып кетсин”, – деп байбичесин жоошутуп, кечке маал жайлоого түлөөгө мал союуга ат жибермей болушту.

Ошентип, аз убакыт өтпөй Мамытбай ата, “Кемпиримдин көзүнө көрүнчү көрүндү” деп түлөөгө айылды чакырып, тамак бере баштады, түлөөгө Жолболот эч нерседен кабары жок, атасын ээрчип конокко келди. Эт тартылып, беш бармак желип бүтүп, колго суу кую алдында, Жолболот атасынан: “Ата, Мамытбай атам, эмнеге чакырыптыр”, – деп эч нерседен кабарсыз суроо узатып, көздөрүн жүлжүйтө таңыркай карады…

Атасы: “Мамытбай атаңдын кемпиринин көзүнө көрүнчү көрүнүптүр, эмне көрүнгөнүн өзү деле жакшы билбейт, кыргызда кырсык айттырбай келет дейт, кудайга жалынып, түлөө кылып, кан чыгарып, бата алып жатпайбы, уулум, ушуну менен чыгып кетсин”, – деп уулуна муңдуу жооп берди. Жолболот атасынын кебин угаары менен көздөрү чанагынан чыкчудай үйдүн кожоюндарын шектене тиктеп, “Ал орустун башы эмес мен болчумун, ал көрүнчү эмес мен болчумун, мейли, ошентсе дагы эл-журт жаш шорподон ууртап, багылаң козунун этин жеп алышты, мен болбосом эт жебей калышмак да” деп ичинен күбүрөнүп, баатырсынып койду. Ошентип, Жолболоттун жолдо калгыс жоругунан улам айылда түлөө өткөзүлгөн экен.


____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Адилет КАДЫРАКУНОВ

ЖОЛБОЛОТТУН ЖОЛДО КАЛГЫС ЖОРУКТАРЫ

Мээ кайнаткан жайдын аптаптуу күнү төбөдөн тийип, Токтобек атанын ала тайганы бактын көлөкөсүндө тилин салаңдата алактайт. Токтобек атанын үйүнүн астындагы Үч-Кошкон (үч көчөнү бириктирген, көчөнүн башы) дайыма кары жашы дебей чогулуп, маектеше турган жерге айланган эле. Бүгүн адаттагыдай, жаш боз уландар чогулуп, азил-тамаша куруп отурушкан эле. Айылдын тентеги Жолболот, чогулган жаштарды көрүп, бир нерседен кур калгансып желип басты, аны көргөн топ балдар маңдайы жарыла сүйүнө “Биздин куудулубуз келе жатат, ээ, Жолболот ырас келе жатасың, бүгүн жолубуз болот окшойт, бери келчи”, – деп кол жаңсай чакырышты. Чындыгында Жолболоттун сүйлөгөнү театрдагы куудулдардын сүйлөгөнүнө окшошуп, ал сүйлөсө уккан киши күлкүсүн тыя албай каткырып алчу. “Жолболот, кандайсың, жортуп басып кайда жөнөдүң?”, – деп топ балдардын арасынан Асылбек суроо узатты. “Жан чыдагыс ысыкта сууга түшүп, бир аз сергип алайын деп Кызыл-Арыкка жөнөдүм, силер эмне ысыктын күнүндө сары майдай эзилип, күнгө какталып?”, – деп Асылбекке чымчый суроолуу жооп узатты. Ал аңгыча Кадырбек: “Жолболотчо жокбузбу, андан көрө жүрүгүлө, өткөндө Жумаш байкемдин телевизорундагы суучулдардай сууга сүзүп келели”, – деп балдарды Жолболот менен чоогу ээрчите басты. Жаш боз уландар ысыктын күнүндө, бүт айылдын көчөлөрүн аралап аккан арыктардын башын бириктирген айыл башындагы Кызыл-Арыктын суусуна моокуму кангыча чөмүлө түшүшүп, биринен-бири озуп, жарыша сууга сүзүшүп, үшүгөн кезде жалпак таштарды кучактап жата калышып, саратан жайдын чилдесин ойдогудай өткөзүп, кенен үч сааттай бирде чыйрыгып, бирде ысып, айтор, суунун атасын таанытышты. Сууга түшүп бүткөндөн кийин курсактары ачып, эмне кылаарын билишпей, баштары маң болуп айылды көздөй келе жатышты. Ал аңгыча Жээнбай Жолболотту кучактап: “Жоке, курсагың ачтыбы?

— Ооба, ачты, баарынын эле курсагы ачса керек, сиздики ачкан жокпу?

— Ачты, кантип ачпай койсун, андан көрө айтчы, тултук печенья жейсиңби?

— Барбы? Бая эле алып чыкпайт белеңиз.

— Ой, кое турчу шашылбай! Жоке, сени бир ишке жумшайын, сен баарыбыздан кичүүсүң да, бизге караганда тез кыймылдайсың, боюң дагы жапалдаш. Андан көрө Мамытбай атанын тооканасынан жумуртка алып чыкпайсыңбы, биз сыртта байкап турабыз, эгер Мамытбай атаны, же байбичесин көрүп калсак дароо ышкырабыз, колго тийген жумурткаларды алып чыга каласың, жумуртканы мага алып келсең калганын дүкөнгө барып өзүм жайгарам, курсагың аябай эле ачса керек.

— Ууруга кирбейм мен, атам укса үйдөн кубалап чыгат. Башка эле жолун табыңызчы.

— Ой, жумуртка эле алып чыгасың, же ошол дагы колуңдан келбейби, тоок уурдап чыгып аттың беле, үй алыс болуп жатат, болбосо үйдө жумуртка толтура эле, болчу эми, – деп Жолболоттун намысына тийип коюшту.


Рюноскэ АКУТАГАВА
 
КАРЫМ-КАТЫШ
 
Кайсы гана карым-катыш болбосун аздыр-көптүр арамзалыкты талап кылат. Төгөрөк бурчуңду карабай төрт сырыңдын бардыгын төгүп салсаң, кыяматтык досуңдун деле көңүлү калып, кыялы бузулат. Ар бирибиздин башыбызда бар, эки миң кыяматтык деп шилекей алышканы менен ар бир достун ичинде бирин бири көралбастык же жек көрүүчүлүк жашайт. Туура, пайда өнүп турса, көралбастык анчалык өөрчүбөйт. Арийне, жек көрүү арамзалыкка алып келери аргасыз иш. Андыктан достор менен таза карым-катыш жасоо үчүн жек көрүү менен пайда табуунун тартибин тең салмак сактоо зарыл. Тилекке каршы, антүү ар кимдин колунан келе бербейт. Болбосо байтак замандан бери тарбиясы бийик, насили асыл адам чыкпайт беле, болбосо дүйнөдө согуш дегенди билбеген алтын кылым алда качан жаралбайт беле.
 
Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ



#котормо
____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Абдыкерим МУРАТОВ
 
БУЛБУЛ
 
Булбулдан чечен бир куш жок
Кол башындай карасы.
(Жеңижок)
 
Кызылбулактын багы. Таң сүрүлүп келатат. Булбул сайрап жатат. Менин көздөрүм булбулду издейт. Ал чыгарган үндөн улам аны тоодой элестетсем, а ал жалбырактардын далдоосунан көрүнбөйт. Кантип эле ушул бир кичинекей макулук ушундай керемет үн чыгарсын?! Балли, баракелде, булбул дос! Табийгат сага пилдей чоңдук бербептир, табийгат сага безеленген, өзүңдөн башка эч кимде жок укмуш үн бериптир. Бир гана сени жаратканы үчүн биз, адамдар, табийгатка жатып-туруп шүгүр кылсак болот.
 
Кичинекей кезибизде Мамадияр абанын багына булбул үнүн укканы барар элек, бир убак булбулдар безеленип сайрап кирчү, биз дем тарта албай, кулагыбызга кумдай куюп, муюп олтуруп калчубуз. Булбулдун үнүн туурайбыз деп көпкө убараланар элек. Мамадияр аба, жарыктык киши, өмүр бою булбул үнүн угуп жашады, ал токсон жетиге чыкты, ошол жашка чейин кайраттуу жүрдү, эшегине минерде колтуктап койсоң «өзүм эле» деп калчу, «менде жигиттин күчү бар» деп койчу ыраматылык. Өзүмчө ойлойм: балким, ошо кишиге булбул үнү кыйла жаш, кыйла күч кошуп берсе керек…
 
Жакында Мамадияр абанын багына бардым. Булбул да жок, булбул ээси Мамадияр аба да жок, өрүкзар да айдоо жерге орун бошотуп бергени жатыптыр. Менин ичимден үн чыгып кетти:
 
— Кайдасың, менин балалыгымдын булбулдары?!


____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Ошентип кыркым бүттү. Бүткөн күнү колхоздон киши келип болгон кыркымчыларды чогултуп, бирден аттарын атап чакырып айлыктарын берген. Бир кезде “Эдигеев Бакыт, агасы” деди. Бакыт чыгып акчасын алды. “Эдигеев Жеңишбек, иниси” деди. Көпчүлүктөн сүрдөп кассирдин жанына бардым. “85 сом” деди да колума карматты. Жыгылып калбасам экен деп барып араң ордума жеттим. Бир кезде элге билгизбей туруп акырын алаканымды ачтым: 25, 10 рублдар... Мынча акча түшүмө кирчүбү, кармап көрүпмүнбү! Чын эле ушуну иштеп таптымбы! Чыдамым түгөнүп акырын жылып олтуруп Үпөш эжемди көздөй тыз койдум. Эжем ошондо кандай жалынса азыр 40тан ашсам деле дал ошентип жалынат: “Алдыңа кетейин, секетиң кетейин!” Биз Ак-Талаага кетээрде эжем костюмдарыбыздын ичине акчаны чүпүрөккө ороп тигип берди. Анан менин колума өзүмөн чоң кара дипломат карматты. Ошол дипломат эмгиче жоголгон жок. Айылга жеттик. Агам экөөбүз апамдын алдына айлыгыбызды жайдык. Жапжаш эле апам анда! Керемет эле, ошол жай! Бакыт эле, сыйкыр эле ошол балалык!


____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Жеңишбек ЭДИГЕЕВ
 
("КӨК ДЕПТЕР" китебинен)
 
ЭҢ БИРИНЧИ АЙЛЫГЫМ
 
4-классты бүткөн жылы жайкы каникулда апам, агам Бакыт экөөбүздү Тянь-Шань району, Орто-Саз айылына жиберди. Ал жерде аталаш эжем Үлпөткан бар эле. Үпөш эжем дечүбүз. Кичинебизден баарыбызды баккан, көтөргөн, мээримин сиңирген эжем. Жездем Султанбек чоң, бай колхоздун бакыйган фермасы. Бир күнү айтылуу Ак-Сай жайлоосуна көчмөй болдук. Кой кыркымга. “Эмгекчил”, “Жданов”, “Ленин” болуп олтуруп 4–5 колхоздун кою Ак-Сайдагы чоң кой кыркым пунктунан кыркылчу.

Жездем ферма катары 80 анан 100 баштык эки чоң боз үй менен барчу. Боз үй менен көр жерди эжем экөөбүз таңгак кылып байлайбыз. Эжем чоң-чоң кылып, тимеле тыкыйтып таңаар эле. Анан машинага жүктөп атканда эркектер таңгактарды көтөрө албай: “Оо-уу, эй, Үлпөт жеңемдин таңылчактары, ыя! Мындай таңылчактарды бүт Ждановду кыдырып таппайсың” десе, бири “Ак-Талаанын кыздарын билбейт экенсиң да сен” деп тамашалап атышкандарын бери жакта илээшип жүрүп угаар элем.

Ак-Сай! Атына заты жарашкан берекелүү Ак-Сайдын Союз кезиндеги даңкы, анан да ага жетиштин машакаты шумдук эле. Кой кыркым пунктуна жеткенче СССР чек арачылары үч жерден катуу текшерип анан өткөрчү. Анткени кой кыркын пункту, ары жагы “Көк суу” суусу анан анын аркы жээги эле – Кытай! Анын баары пункттан алаканга салгандай кеңирсип көрүнүп турат. Бийик тумшукта чек ара заставасы жайгашкан. Чек арачылар иттери менен 2–3төн атчан болушуп тоо аралап караулга кантип кетишээрин карачубуз. “Кытайга 200 топоз өтүп кетиптир, Мал издеп жүрүп Кытайга бир чабан кирип кетиптир” деген сыяктуу сөздөр улам айтылып тураар эле.

Ошентип кыркым башталды. Жездем мени жүн ташыгыч кылып кыркымга ишке киргизип койду. Ал эми 8-классты бүткөнүмдө келип пресс жүндүн бетине кара сыя, сажа менен жазгыч болуп иштегем. 80–100 килдик таңгак жүндүн бетине жүндүн сортун, чарбанын дарегин жана кайсыл жакка кетээрин жазчумун. Ал таңгактар түз эле Россияга жөнөтүлчү. Ошол жерде иштеген жүн боюнча адис бир киши бир күнү: “Сен кыл калем менен жакшы жазат экенсиң. Ленинградда сүрөтчүлөрдүн сонун окуу жайы бар, ошол жакка тапшыр” деп айтканы эсимде калды.

Жездемдин бир тууганы Арстанбек Ак-Сайдын “Батпаадай” деген жайлоосунда мал бакчу. Бир мезгилдер ал жакта да “чоң чабан” болуп жүрүп калдым. Ошол жайда жайлоого кадимки “Кыргыз көчүнүн” автору, улуу күүчү жана актер Асанбек Кыдырназаров барып, бир боз үйдө жашадык. Анткени ал киши жездемдин бир тууган жездеси эле. Муктарика эже үйдүн эң улуу кызы болчу. Асанбек Кыдырназаров күндө эртең менен чоң чыныга ысык сүт ичээр эле. Бала-бакыраны олтургузуп алып ойногон ролдорунан аткарып берчү. “Бир маалда Ак-Мөөрдү моминтип келип муунтам!”, - деп образга киргенинде баарыбыз үтүрөйүп коркуп, аны жаман көрүп карачубуз... Бир күнү мен улуу комузчуга учкашып, Муктарика эже болуп ат менен “Батпаадайдан” кой кыркым пунктуна түштүк. Жолдо келатып Муктарика эже: “Асанбек, карасаң мобуларды, куду эле Фрунзенин бульварындай экен” деп толкундап айткан эле, бою бир карыш болуп, тегерек, төрт чарчы, жүрөкчө сымал өскөн жапалак арчаларды көргөзүп. Мен Кыдырназаровдун артында учкашып келатып: — Бу киши аябай капталдап бастырат тура, а мен өзүм болгондо мобундай тик ылдый эле салат элем... – деп кыйын болуп келатканымды билем. Баса, Ак-Сайда жүргөндө “аттарды көп чаппагыла, түтөгүп өлөт” деп улам-улам эскертишчү. Анткени ал жак – деңиз деңгээлинен 3,5–4 миң метрге чейин жеткен бийик жерлер эле. Асанбек Кыдырназаров жездемдин эң чоң боз үйүндө олтуруп колхоздон, райондон келген жетекчилерге комуз чертип, дастандарды айтып берчү. Баш-шыйрак куйкалап атып, улам чуркап бара калып, боз үйдүн сыртынан ал кишинин айткандарын тыңшачумун.


Феликс КРИВИН

БАТКАК

Баткак аябай сезимтал эле, ага кимдер тийип кетпесин анын жүрөгүндө терең из калчу.

— Ах, өтүк! – деп капа болчу ал. – Ал кайда кетти? Мен ансыз жашай албайм!

Бирок ал жашай берчү. Бир мүнөт өтпөй эле:

— Ах, туяк! Сүйкүмдүү, ак көңүл аттын туягы! Мен сенин элесиңди өмүр бою сактайм…

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ



#котормо
____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Венера БӨЛӨКБАЕВА

ЖЕРДЕЙ КӨТӨРҮМДҮҮ КӨЗ

Анан таятамдын көздөрү да эсимде түбөлүккө калган. Ал көздөр азырынча менин көздөрүмдө жашап, анан, анан... Анан, кайсыл бир күнү мени менен чогуу кетет болуш керек...

Таятамдын көздөрү азыр жер алдында болсо да, менин көз алдымда турат. Уяң, назик, жалооруган көздөрү бар болчу. Бир да жанды тикирейе, тике карачу эмес. Бир гана акырын жалт карап коюп анан карээгин жерге жумшак таштачу. Баары менен жер карап сүйлөшчү. Таятам жерге жакын, жердей көтөрүмдүү, жердей жөнөкөй адам эле.


____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Ал эмнени ойлоп жатканымды дароо түшүндү. Анткен менен ээгин колу менен жаба койгон адаты калбаптыр. Көпкө унчукпай калып анан “жок, мен силерге таарынбайм деле, бала болчубуз да. А бирок чоңдордун мамилеси көкүрөктө калып калат экен. Ооздун жарааты кетсе да жүрөктүн жараты айыкпайт тура”, – деди.

“Мен төрөлгөндөн эле апам менен атамдын урушу бүтчү эмес. “Тукумубузда мындай жок” деп атам чыкса “мен күлгө оонап тууптурмунбу” деп апам чыкчу.

Ошондо ”чоң жолдон чуркап өтүп баратканымда машине коюп кетсе экен” деп ойлой берчүмүн. Бир күнү Туркияда жашаган таежем келгенде ошондон сурап атпаймынбы, “Эже мен өлүп калсам ыйласызбы?” деп. Ошол эжем менин чүнчүп жүргөнүмдү байкап, алып кетти. Эки жыл ошол жакта жүрдүм. Ээрдимди, таңдайымды оңдотуп, бир жыл окубай калдым.

Кайра келсем ата-энем ажырашып, бөлөк жашап калышыптыр. Мени кайра шаардагы таежем алып кетти. Чоңоюп, окуп жүргөндө балдар эмне үчүн кемтик болуп төрөлөөрүн изилдеп көрүп, анын көпчүлүгү үй-бүлөдөгү ызы-чуулуу жашоодон болоорун түшүндүм... Азыр кимдир бирөө кордолуп, запкы чегип атса кайдыгер боло албайм...

Экөөбүз жылуу коштоштук.

Терезе артында калып жаткан көк жашыл майсаңга жарашып үйүнө эгедер болгон эненин кубанычы, бакубат, бейпил турмуштагы адамдардын жаркыраган жүздөрү  качанкы бир каталыкты жууп чайып жаткансып жибектей созулуп, күмүштөй агарып термелген сентябрдын желаргысы көңүлдү коштоп келатты.


____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Сүйүн КУРМАНОВА

СЕНТЯБРЬ

Жолдо баратабыз. Он бала төрөп, биринен да жакшылык буйрубаган бечара аял арманын айтып бүтпөй баратат. Абышкасынын көзү өткөндөн кийин ар кай жакка тараган балдарынын ичинен бирөө да ата-конушун ээлегиси келбей шаарга кире качышканын, эми алда немедей үйүн жери менен кошо башка бирөө ээлеп алганын, өлсөм сөөгүм ошол үйдөн чыкса дегенин... баарын, баарын айтып, бир аз туруп кайра башынан түшүп, бечара кемпир үйүмдү өзүмө кайтара көргүлө деп безеленип жатыр...

— Эл күбө, кагылайындар. Баары эле билишет. Капырай ушундай да болот экен ээ, бирөөнүн жерин ээлеп... биз тирүү турсак...

Терезе сыртында көк майсаң суналып, тармалдашкан булуттар тоо-тоонун башына чулганып, баятан тынбай келаткан кемпирдин үнү пасайып, отургандар бир саамга өзү менен өзү болуп  көшүп калды.

Иш чынында эле чаташып калыптыр. Териштиргени баргандардын ар кими күбөмүн дегендердин айткандарын жазып алып, түш оогончо түтүнмө түтүн кыдырып, үйдү сүрөткө тартып, айыл башчысына келип, сурамжылап жаттык.

Ким экенибизди далайга тактаган айыл башчы “силердейлердин далайын көргөнбүз” таризинде креслого чалкалай түшүп, “ишти эми тиешелүү жерден сурагыла” деп ыңгыранып койду.

Райборборго келип, милицияны сураштырып отуруп таптык. “Начальник бош эмес” деген жоопту угуп, кире бериште отурабыз. Катчы кыз ичкери улам кирип-чыгып, далайга жоголуп кетип, тээ кыйладан кийин “киргиле” деди.

Начальник келбеттүү, сүрдүү, чаалыккандай түрү бар адам көрүндү.

Айткандарыбызды кунт коюп угуп, өзүнө бир нерселерди жазып алып, акырында “бул маселени кызматкериме тапшырайын, жообун кечиктирбей беребиз, бара бериңиздер” деди да мени карап, “сиз кое турсаңыз” деп калды.

Кемпир биз жакты кылчак-кылчак карап, бирдеме айтчудай оозун таптап барып чыгып кетти.

Тиги киши эми ордунан туруп, бери басты. Баятан сүрдүү көрүнүп жаткан жүзүндө жылмаюу пайда болуп, “кандайсың, классташ?” деп башкача бир жылмайса чочуп кетип, эмне дээримди билбей калдым.

— Тааныган жоксуңбу? Мен сени дароо эле тааныдым.

— Жо-ок, – дедим классташтарды дароо көз тизмектен өткөрүп. “Ким эле? Ушундай бала бар беле?” Канча ойлосом да таппадым.

— Мен Элчи эмесминби...

— О-ой! деген добуш оозумдан кандай чыгып кеткенин өзүм да билбей калдым. “Элчи... Элчи”.

Коен ээк болгондонбу, түрү суук көрүнгөн, чилмийген баланы “жырык” дечү эмес белек! Биз менен бешинчи класска чейин окуп, анан жок болуп кетпеди беле? Балдар түгүл кыздар уруп... Жеткени жети чаап, жетпегени эки чаап, эч ким оюнга кошпой... Ошобу? Окшобойт го? Жырык эмес беле? – мээмде эски сүрөттөр чакылдап, улам бири тартыла түштү.

Дароо оозун карадым. Узатасынан кеткен билинээр билинбес тырыктын кызарган изи болбосо эчтеме билинбейт. Зыңкыйган, зыңгыраган азамат болгон турбайбы!

— Эми эстедим. Силер биз менен аз эле окугансыңар да. Андан бери канча заман  өттү... , – ыңгайсызданып кобурадым.

— А мен силерди унуткан жокмун. Сенин жазгандарыңды окуп жүрөм. “Менин классташым” деп сыймыктанып, элдин баарына көрсөтөм. Качан, кантип жолугаар экенбиз дечү элем, сонун болбодубу!

Бетим “дуу” дей түштү. Бала кезде мен деле далай жолу “жырык!” дебедим беле! Жакындаса түртүп жиберип, сүйлөсө... А баса, эмне сүйлөгөнү түшүнүксүз эле го? Апасынан башка киши түшүнбөйт дешчү. Мугалимдер да мындан тапшырманы сурашчу эмес. Бир жолу экскурсияга чыкканда ага айтпай, жазгырып кетпедик беле...

Жүзүнөн мээрими төгүлүп, жетине албай турса мен жерге кирип кете албай...

— Мындай кылалы, – деди бир маалда, — телефон номериңди берсең, жумуш бүткөндө жай отуруп, шашпай сүйлөшөлү, жолдошум, балдарым менен тааныштырайын, калган классташтар жөнүндө айтып берсең...

Кеч күүгүмдө бизди классташымдын аялы тосуп алды. Маңдайы жарык, жакшынакай аял экен. Эски тааныштай эле сүйлөшүп жаттык. Тестиер эки бала сылык учурашып, апасына жардам берип жүрүшөт. Үйүндө өзгөчө бир мелмилдеген жылуулук, жан сергиткен бейпилдик бар экен.

Тегереги майда гүлдөргө толгон далисте отурганыбызда классташыма “кечирип койчу” дедим.


— Кандай дейсиз, муну ичсем айыгып кетемби?
 
— Албетте.
 
Олтуруп «Деңиз каракчылары тууралуу китепти» дагы окуп кирдим, бирок балам көңүл бурбай жатканын көрүп, токтоп калдым.
 
— Мен эми качан өлөм? – дебеспи бир маалда.
 
— Эмне дейт бу?
 
— Өлүшүмө дагы канча калды дейм?
 
— Сен өлбөйсүң. Ким айтты өлөт деп?
 
— Мен өлөм баары бир. Менде температура жүз эки болуп турат.
 
— Температура жүз экиге чыкканда эч ким өлгөн эмес. Болбогон сөз бул.
 
— Жок, өлөт. Францияда окуп жүргөнүмдө классташтардан температура кырк төрткө чыкканда адам токтоосуз өлөт деп уккам. А меники жүз экиге чыгыптыр.
Чунак балам эртең мененки тогуздан кечке дейре качан өлөм деп жаткан тура!
 
— Эх, курган балам, ай! – шаңдуу кыйкырдым. – Мунуң аралык өлчөөдөгү миль жана километр дегендей эле кеп, эси жогум. Өлбөйсүң. Франциядагы ал башка термометр. Ал термометр боюнча адамдын нормалдуу температурасы – отуз алты бүтүн ондон алты. Бул биздин термометр боюнча токсон сегизге туура келет.
 
— Коюңузчу?
 
— Чын, – дедим. – Бул миль жана километр дегенге окшош. Мисалы, машина жетимиш миль аралыкты басып өтсө, бул километрге чакканда канча болуп калат дегендей кеп да.
 
— Иэ, ошондойбу? – балам мага суроолуу карады.
 
— Ананчы.
 
Керебеттин этегин тиктеген баламдын мелтиреген көздөрү эми бир аз жай ала түштү. Карышкан денеси аз-аздан бошошо баштады. А эртеси денеси талыкшыса эле болор-болбоско бышактап иймей адат таап алса болобу.
 
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ



#котормо
____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Эрнест ХЕМИНГУЭЙ
 
ӨМҮРГӨ ТЕТЕ КҮН
 
Бөлмөгө кирип келип, терезени жапмай болду. Ал кезде төшөктө жаткан мага анын табы айнып турганы байкалды. Калчылдап титиреп, өңү кубарып, кыймылдагысы келбей араң басканын айт.
 
— Эмне болду, каралдым?
 
— Башым ооруп жатат.
 
— Төшөктө жылуу жатсаңчы.
 
— Жок, ыракмат. Жакшы элемин.
 
— Ыракматты кой, балам. Жат төшөккө. Азыр кийинип алып, сени карайм.
 
Ылдыйга түшкөнүмдө, ал от боюнда кийимчен олтуруптур. Тогуз жашар тестиердин көздөрү муңдуу, маанайы суз. Чекесине колумду койсом, денеси оттой ысык.
 
— Үстүгө чык да, жат төшөккө, – дедим. – Денеде ысытма бар.
 
— Жок, менде баары жакшы, – балам дагы тээжиктенди.
 
Доктур келип, температурасын өлчөдү.
 
— Табы кандай? – доктурга суроолуу карадым.
 
— Жүз эки.
 
Ылдыйкы кабатта сыртында колдонуу эрежеси жазылган түрдүү түстөгү капсулаларга салынган дары-дармектин үч түрүн калтырып кетти: биринчиси температураны түшүргөнгө, экинчиси ичти тазалоо үчүн, үчүнчүсү кан кычкылдануусуна каршы. Балам бир аз састумоолоп калганын айтып, эгер температурасы жүз төрттөн ашпаса, буга өтө кабатыр болуштун кереги жоктугун айтты. Балам жеңил тумоолоп калганын, тек, өтүштүрүп жибербөөнү эскертти.
 
Бөлмөгө келип баламдын температурасын, дарыларды кай убакта бериштин убакты-саатын жазып алдым.
 
— Китеп окуп берейинби? – балама кайрылдым.
 
— Жарайт. Эгер кааласаңыз, – деди балам.
 
Баламдын өңү купкуу, көзүнүн алды көгөрө түшкөн. Барына кайдыгер жатты төшөктө. Ага Говард Пайлдын «Деңиз каракчылары тууралуу китебинен» деңиз каракчылары тууралуу окуп берсем, аныма көңүл бурбай, өзүнчө ойго батканын байкадым.
 
— Кантип калдың, чырагым?
 
— Мурдагыдай эле. Жылыш жок.
 
Бир аздан соң балама экинчи капсуланы ичириш үчүн өз маалын күтүп, керебеттин этегинде өзүмчө китеп окудум. Баламды уктаса керек деп үңүлсөм, керебеттин этегин мелтиреп тиктеп жатат.
 
— Эмне уктабай? Дары берерде өзүм ойготом.
 
— Жок, уктабай жатканым дурус.
 
Бир аз туруп дагы үн катты:
 
— Мага алагды болбоңуз, ата. Эгер тынчыңызды алсам.
 
— Тынчымды алган жоксуң.
 
— Жок, эгер тынчыңызды алсам.
 
Баламдын башы да ооруп тургандай. Саат он бирде ага капсуладагы дарыдан дагы бирди ичирип, сыртка кеттим.
 
Күн ачылып, аба муздак, жер бетинде суу кар музга айланып, жылаңач дарактар, көчөттөр, бутак-шактар, чөп жана жердин такыр бети жука музга капталган. Тайганымды ээрчитип, бети музга тоңгон суу боюндагы жол менен ууга кеттим. Тоңголокто басыш кыйын да: тайган жолду катар улам тайгалактан мөңкүп, өзүм эки жолу тайгаланып куладым. Жыгылганда да колумдан мылтык ыргып, менден оолак сыйгаланып кетти.
 
Ылайлуу тик жантык бет менен ылдый түшүп келатканда бадал арасынан бир нече кекилик пыр учкан бойдон абага көтөрүлдү. Жээктин аркы башына учуп көрүнбөй калганга дейре ок чыгарып, эки кекилик аттым. Биртоп кекилик даракка консо, калган бөлүгү чөп-чардын арасына житти. Аларды үркүтүү үчүн мага бадалдын тоңгон шактарына чыгып, бир нече жолу секирүүгө туура келди. Тоңгон шакка сүйөгөн бутум ордунан тайчудай калтаңдап, атканга ыңгайсыз үчүн экини атып, бешөөнү качырып жибердим. Ошентсе да алардын үйүрүн үйдөн алыс эмес жерден тапканыма кудуңдап, артка жол тарттым. Бул жерге дагы бир күнү аңчылыкка келем буюрса.
 
Үйгө келсем, балам бөлмөгө эч кимди киргизбей жатканын айтышты.
 
— Сизге киргенге болбойт, – дейт балам кирип баратканымда, – Сизге да жугат.
 
Бөлмөгө кирсем, мурункудай ордунан былк этпеди. Өңү кубарып, безгектей калтырактан жаактары кызарып, дагы деле керебеттин этегин мелтиреп тиктейт.
 
Температурасын дагы өлчөдүм.
 
— Табым кандай? – дейт балам.
 
— Жүздү көрсөтүп турат, – дедим. – Бая жүз эки бүтүн ондон төрт эле.
 
— Жүз эки болчу, – айтканымды түзөдү балам.
 
— Ким айтты эле?
 
— Доктур.
 
— Температура жайында, – дедим ага, – Кабатыр болуштун кереги жок.
 
— Кабатыр болгонум жок. Бирок ойлонбой коё албайт экенсиң.
 
— Ойлонбо эч, өзүңдү жоготпой, бош карма, – дедим.
 
— Өзүмдү жоготподум, – бир нерсеге кыжаалат түрү бар.
 
— Мэ, муну суу менен ичип жибер.


Шекербек КАЛЫКОВ

МАКТОО

(“Биздин замандын кишилери” түрмөгүнөн)

“Кыргыз Туусу” гезитинде бири катуу, бири таттуу фотокорреспондент иштейт” деп жаздым эле бир учурда. Катуусу – ТАШПОЛОТ Досалиев болсо, таттуусу – ШЕКЕРБЕК Сартов болчу. Ошо бал тилдүү Шекем айтат:

— Эй, Шеке өмүрү макала жазбасам да, укмуш мактоо уктум... – деди калбаат басып келип.

— Кандайча?.. – дейм.

— Бир жигит телефон чалып, сенин жазган макалаң тууралуу өллө мактады. Жыргап угуп отурдум... – дейт мурдун барбайтып күлө карап.

Көрсө, мындай экен: Шекем экөөбүздүн иштеги телефонубуздун номуру бирдей болгону менен эки башка бөлмөдө отурчубуз. Телефон шыңгыраса, бирде ал алып калат, бирде мен алам. Курсташым мени “Сарттын баласы” деп тамалашап калчу. Ошол чалыптыр. “Оу, Шеке кандайсың, сарттын баласы?..”десе, “Ой жакшы...” деп жооп берип, мактоо уккан тура.


____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Ооз учунан айтылган сөз башкача болот. Уйкаштатып, көркөмдөп-кооздоп айтылган сулуу сөздөр башка. Чын жүрөктөн айтылган ыраазычылык, бата башка. Мындай учурда ооздон чыккан эле кадимки сөз сезимдин кылдарын дирилдетип кандайдыр бир сыйкырдуу күчкө, кудретке айланып, кулактан кирип мээге чыгып, андан жүрөккө толуп, жүрөктөн кан тамырларың аркылуу бүтүн тулку боюңа таркап жатканын акыл эсиң ачыктан ачык сезип турат. Бул сезимди сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес болсо керек.

Бир топ жыл мурун күз маалында 8-9 жашар кызым экөөбүз бир дүкөндөн тамак-аш алып жүрөбүз. Чыгаарда обочодо кийим кечек сатылган кичине бөлмө көзгө урунуп калды. Балдарга ылайыктуу жылуу баш кийим, байпак, свитерлерди алдык. Эсептешээрге келгенде улгайган кыргыз эже:

— Жакында дүкөндү биротоло жаап Мекенге кетейин деп, болгон буюмдарды эки эсе арзан сатып атам, — деп биз алган буюмдардын корутунду баасын айтканда биз ойлогон эсептен алда канча аз, кичине эле акча болуп калды.

Балдарыма, кыздарыма акыл айтканда театралдаштырып, кызыктуу тартуулаганды жакшы көрөм. Бул учурду дагы колдон чыгарбайын дедим:

— Кызым, магазинге кирип, бир жакшы сок, дагы бир өзүңө жаккан, жакшы шоколад алып чык, — деп колуна акча карматтым.

Кызым эмне болуп жатканын өзү түшүнбөстөн, заматта чуркап кирип чыкты.

— Канча болду?

— 150

— Эми буларды жанакы эжеге алып барып бересиң.

Бул эмне деп сурашы мүмкүн.

Бул жөн гана менден сизге белек деп айт. Алган буюмдар мага аябай жакты. Өзүңүз дагы аябай жакшы адам экенсиз, ошол себептен сизге ыраазычылык билдиргим келди деп айт.

Кызым бир маалда албырып, көздөрү күлүңдөп чыгып келди.

Машинага отурдук.

— Бердиңби?

— Ооба.

— Эмне деди?

— Ал эже үчүн күтүлбөгөндүк болду. Сүйүндү. Чыгып келип, кучактап, бетимен өөп, өмүрлүү бол, жакшы кыз экенсиң. Чоң рахмат деп айтты.

— Ал эми сен ошол маалда эмнени сездиң?

Кызымдын кубангандан көздөрү чакчаят:

— Мне было невероятно приятно. Ата, вы не поверите.. .я это не смогу словами передать. Какое-то волшебное чувство.

Жол жээкке токтоп, кызымдын колуна 150 сом акча карматтым.

— Кызым, азыр айлана чөйрөнү карап, жакшылап ойлонуп туруп жооп берчи:

Сен ушул 150 сомго жанакы сен белек берип жаткандагы сезген сезимди сатып ала аласыңбы?

— Жок.

— Демек, көрдүңбү, сага андай сыйкырдуу сезим качан сен бирөөгө чын пейилден жакшылык кылганда гана келет.

Чоң атам (жаны жаннатта болсун) окууну бүткөндөн тарта 37 жыл бир орунда иштеп, пенсияга чыккан экен. Акыркы жылдары айткандары эсимде:

— Убагында атымды уккан ат-башылык, нарындыктар жардам сурап, түз эле келе беришчү. Кыйналып турган адамдын көңүлүн кыйбайм. Мага тиешелүүсүн өзүм кабыл алып, башкасын тааныш билиштерге жөнөтүп, айтор баарына жардам кылчумун. Ошо күндөн азыркыга чейин баякылардын баары ыраазы. Көзүм тирүүсүндө ардактуу наамдарды алып жатам, атымдан көчөлөрдү атап, сыйлыктарды берип жатышат.

Азыр теңтуштарымдын көбү о дүйнөгө кетти. А мен ошончо жылдан бери алган баталардын күчү менен эле жүргөнүмдү сезем, билем. Бата, бул сыйкырдуу күч. Колуңдан келген жерде адамга жакшылык кылып, улуу-кичүүнүн ыраазычылыгын, батасын ала жүр, — дечү эле.

Өмүр — бул жашап өткөн күндөрүң эмес, жашоодогу эсте калган күндөрүң.



____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Данияр АСКЕР

БАТА

Бир жолу Оштон Бишкекке аттанып, жол тынч, түн жүрөйүн деп, атайын кечинде чыктым.

Жол карата каалаган жерге токтоп, касиеттүү Мекенимдин табийгатына суктанып, ар түркүн ойго чөмүлөм. Кээде илхам келе калса бир нерсе чиймелеп коём.

Төө ашууга жетпей кырка турган ашканалардын биринен курсак тойгузуп алып жолумду шайдоот уланттым.

Машина жаңы күүлөнүп, караңгыга сүңгүп кирээри менен жол жээкте олдоксон токтогон машинанын жанында бир жигит кол булгалап, токтотуп калды.

— Байке, жаныңызда тосол же антифриз жок беле? Жолдо калып калдым.

— Жок. Жүрү артка кайрылып алып келели.

— Ии! Ырас болбодубу! Эч ким токтобойт. Машинада атам, апам, эжем бар. Печкасы да иштебейт. Тоңуп калдык.
 
"Бала болуп башыма жүн чыкканы" жашоом техника менен тыгыз байланышта. Ызгаар суукта, аптап ысыкта жумалап-айлап, алыс аралыктарда көп жүрдүм.

Алыс сапарда жолдо калган адамга токтоп, сураганын берип, көмөк көргөзүп, айла болбосо өзүн, жүргүнчүлөрүн ала кетүү — бул милдет.

— Машинаңдын эмнеси бузулду?

— Билбейм, байке. Бир аз жүргөндө эле температура көтөрүлүп, суусун сыртка бүркүп салып жатат. Таласка, кайнатамдын ашына барып, келе жатабыз. Өзүбүз Кочкордон болобуз.

Башка машина жалдайын десем, акча тартыш. Тобокелге салып жолго чыгып алдым эле, эми минтип азабын тартып атам.

Кайта-кайта токтоп, муздатып, кайра суу куюп келе жатабыз. Ары кете албайт окшойм. Эвакуаторго чалсам Бишкекке чейин 70 миң дейт. Атам, апамдардын каякка жайгаштырам? Заманам куруп турат.

— Сууну куйбай коё тур. Капотту ачып, мага жарык кылып турчу.

Ээ, байкуш иним! Кичине башыңды иштетип, өзүң деле аракет кылбайт белең деп ойлоп коём.

Бирок, ошол замат өзүм жаш чагымда билбестиктин айынан болбогон себептер менен кудайдын азабын тарткан күндөрүмдү, түркүн окуяларды эстеп кетип, ичимден күлүп алдым.

Эскилиги жетип калган Гольф. Радиаторду үйлөп, муздатып турган моторчикке келген провод үзүлүп, жерге салаңдап турат. Генератор иштебей калып, аккумулятордун кубаты толук сарпталып бүтүптүр. Эч нерсе эмес. Утуру алмаштырып отуруп эптеп жетебиз.

Оңдоп-жасап, суусун куюп от алдырып, бир сыйра текшерип бердим. Баары жайында.

— Жүргүнчүлөрүң мага отурушсун, сен алдыма түш.

Шашпа. Үшүсөң дароо токтоп, бул жакка келип жылынып тур.

Жолдон эки, үч токтогонубуз эле болбосо, көз ачып жумганча Кызыл-Аскерге кирип бардык. Жигит экөөбүз жүктөрүн ордуна салып, машинаны дагы бир текшерип жатып абышка бир кемпирине, бир кызына барып күбүрөшүп атканын байкадым. Коштошуп атып,

— Балам, чоң ырахмат!

Канча убактыңды бөлүп, убара болдуң. Бул жерде көп деле акча эмес, бир аз бензин куюп ал.

Мындайда  - 60 градус(!) суукта машинам үмүтсүз бузулуп, кудайга үнүм жетип турганда "атам тааныбаган" бир якут элүү чакырым сүйрөп барганын, үшүп, ачка калган 10 жүргүнчүмө эшигин ачып, жылытып, курсактарыбызды тойгузган орус кемпирди, жайдын саратанында бузук машине менен ара жолдо калып, тетиктер табылганга чейин осетиндер бир жума бакканын кантип унутам?!

Кыргызчылыкта "Жакшылык көргөнсүңбү?" деп кылган жардамына акысын үмтөткөн адамды айтчу эмес беле?!

Башкалардан жакшылык көрүп жүргөн адам мындайда кантип акчага кол сунат?

— Аксакал, менин эч нерсем кеткен жок, алты саным аман, дүнүйөм түгөл, үйгө жетип алдым.

Сиз эртең кайра жолго чыгат экенсиз.

Бул акчаңызга таттуу же оюнчук алып, неберелериңизге менден белек деп берип коюңуз.

Абышка ыраазы болду. Күйпөлөктөп, машинесине барып кемпири менен сүйлөшүп атат:

— Бер, чөнтөгүнө салып кой да...

— Ай, албайм деп атпайбы?! Азыр коё тур.

Кайра чуркап келип мени колтуктан алып машинасы жакка алып барып кемпири экөө алакан жайып бата берип, ырахматын айтты.

— Балам, өмүрлүү бактылуу бол! Бала бакыраң, урук туугандарың менен аман эсен болгула. Ыраазычылыгымды кантип билдирүүнү да билбей турам.

Кудайым ылайым тилеген тилегиңди берсин! Сени бизге кудайым өзү жиберген турбайбы?!

Жамандык көрбө!


Зинакан ПАСАҢОВА

ЖАН КЕЧТИ СҮЙҮҮ
 
– Бектурдун машинасына бир жыл олтурбай эле коюңуз? – деди чоң уулу Сардар олуттуу үн менен.
 
– Эмнеге?! – Чочуп кетти эне. Жакында автоунаа сатып алып, айдаганды жакшы үйрөнө элек уулу Бектурга “бир нерсе болдубу” деген шүйкүм ойдон өңү кубарып. 
 
– Ал жакшы айдай албайт да. Кокус...
 
– Койчу?! Кудай сактасын! Бектурдун балакетин алайын!
 
Экөө бир топко унчукпай калды. Эненин жүрөгү ооруду. Чоң уулунун саксынып жаткан себебин түшүнүп турат. Ага апасынын өмүрү менен ден соолугу кымбат экен. Бирок анын сөзү: “Кокус Бектур кырсыкка учураса, сиз соо калыңыз!” – дегендей угулуп, денеси муздай түштү. Апасын аяганы менен инисинин аманчылыгын андан бир сөөм төмөн коюшу оор тийди. Бектур ага жат эмес го, кара чечекей үкөсү. Эненин санаасы зылдай оор тартып, ойго чөктү.
 
Чоң уулу да жаңыдан автоунаалуу болуп, үйрөнчүк айдап жүргөндө да дамамат алдыга олтурчу кезин эстеди. Ошентсе рулдагы баласын ар кандай жамандык кыйгап өтөрүндөй, же болбосо кырсыкка өзү төшүн тосуп, уулун сактап калчудай сезилчү. Ошол тилеги себеп болдубу, Сардар бир топ жылдан бери машинесин тынч-аман айдап жүрөт.
 
Эми Бектур автоунаалуу болуп, рулга колу тийгенден бери көңүлү тынч эмес. Экөө бир жакка жөнөгөндө озунуп алдыга олтурат да, кош алакан жайып, бата кылмайынча жолго чыкпайт. Уулуна катарлаш олтуруп баратса энелик периштеси тооруган кырсыктан калкалап калардай сезилет. Бул “Баламдын таманына кире турган тикен жүрөгүмө тепчилсин”, – деген жан кечти сүйүү энеге жан бүткөндөн кошо жаралып, жүрөк толтосунан тереңине төөнүп, көзү өткөнчө ажырабаган бир азаптуу да, ыйык да, улуу сезим эле.
 
Чоң уулу кабатырланган сөзү менен апасынын жанын кейиткенин сезбегендей автоунаасын жеңил айдап келатты.


____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта

Показано 20 последних публикаций.