Шейх Муаз Хава.


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Тасаввуф хикматтары.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم га салават айтуунун пайдасы:

Олуялар айтышат: "Ким ата - энесине жакшылык кааласа, пайгамбарыбызга көп салават айтсын. Анткени Алланын элчиси ар бир салаватка жооп берип, сага да, сенин ата-энеңе да салам салаваттар болсун деп айтат".

Пайгамбарыбыздын дуасы кайтарылбайт. Эгер Алланын элчисинин дуасына куш келсек, кандай гана керемет...

Демек ата- энеге жакшылык кылам дегендер, салаватын көбөйтсүн!
Кимге көп салават  айтуу мүмкүнчүлүгү берилсе, эң чоң ниьмат берилиптир. Мындай шарапат баарына бериле бербейт. Аракет кылгандар, ушул топго кирет.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Эртең менен кечинде айтыла турган зикирлер:

1. Астагфирулло (100 жолу).

2. Салават: (Аллохумма солли ьала сеййидина Мухаммадин уа ьала алихи уа сохбихи ажмаьин) (100 жолу).

3. Ла илаха иллаллах (100 жолу).

10-15 мүнөттү талап кылат. Басып жүрүп кылсаңыздар да болот. Эң негизгиси таштабагыла. Саны ааз, берекеси көп...
"Эртең менен жана кечинде". Кошумча айтам дегендер салаватты көбөйтсүн.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Ассаламу алейкум.
Урматтуу илим талап кылуучулар!

Жарыя📣📣📣📣
Арапча окуп, жазганды билгендерге, экинчи баскычта арап тилинен курс баштайбыз.

Жумасына эки күн+ бир сабак запись катарында жөнөтүлөт:
Сабак баардыгына ыңгайлуу убакытка коюлат.

Сабак онлайн форматта өтүлөт.
Баасы айына 1500с.

Сабак берүүчү:
Адылбеков А.

Курска жазылуу үчүн төмөнкү номердин ватсабына кайрылыңыздар.
0555 138 015

Катталам дегендер, аты жөнүңүздү жана кайсы китептерди окугансыз кыскача малымат жазыңыз...
https://t.me/Muazhawwa


Кичипейилдүүлүк өтө көп мөмө берген даракка окшош. Мөмө жемиштер көбөйгөн сайын, жерге карай ийилет. Адам заты анын, жемиштеринен жеп, пайда алышат. Б.а. анын берекети менен жер бетине береке орнойт.
Кичипейил адам баарына жагымдуу.
Текеберлик- терек көктү көздөй бет алгандай. Катуу шамал болсо, сынып, отко жагылат (текебер ээси, отун сымал...).
Текебер адамды эч ким сүйбөйт...
Жөнөкөйлүк адамдын жылдызы...
Мен эле, мен, деген адам жарыбайт.
Баардык нерседе Жаратканым берди, болбосо мен алсыз пенде элем деп, айтып көнүү зарыл.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Намаздан кийинки зикирлерди так аткаргыла, таштабагыла!
33 Субхан Алла.
33 Алхамдуллилла.
33 Аллаху Акбар.

Себеби ал пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم дын үммөтүнө берген вазыпасы.
Баардык тарикат шейхтери, бул тартипке бекем болушун муридтерден талап кылышат.
Шарият сүннөт, мустахаб деп  атаса да, биздин жолубуз фарзга мамиле жасагандай  тарбиялайт.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Ассаламу алайкум уа рахматуллахи уа баракатуху.

Айтыңыз маарек болсун! Туткан орозоңор кабыл болсун! 🤲

Аллах Таала үй-бүлөңүзгө тынчтык,  ынтымак жана береке берсин.🤲
🌹💐🌺
https://t.me/Muazhawwa




Тазалык, пакизалык улуу даража. Улуу даражаны көздөгөн, улуу (кыйын) жолду басып өтүү керек.

Напси менен күрөшүү үчүн момунда курал болуусу шарт. Куралсыз согуш майданына чыгып алган адам утулат.
Муридтин куралы зикир, салават... Аракетке жараша берекет табып, күндөрдүн бир кунундө напси багынып, өзүн тапшырат.
Ошондо ыймандын даамын татуу сыйлыгына жете алат.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар




Кадыр түн дуасы:

“Аллахумма иннака ьафувун тухиббуль ьафуа фаьфу анна”

“Оо, Аллахым, Сен Кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң, мени кечире көр!”...
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Чыныгы сүйүү...
Жаратканды сүйөм, жакшы көрөм деген адамда, сүйүүнүн аламаты байкалыш керек.
Ошондой эле пайгамбарым صلى الله عليه وسلم ды сүйөм, жакшы көрөм деген үммөттө, белгилер болуусу кажет.
Болбосо, айткан сөздөрү дооматка жатат.

Сүйүү жана жакшы көрүүнүн аламаты:
"Ким-кимди жакшы көрсө, аны көп эскерет".
Алла Тааланы сүйүп, жакшы көрсөк, тилибиз зикирден бош калбайт.
Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم ды сүйүп, жакшы көрсөк, жан-дүйнөбүз салаватка толот.
ومن ادعى بما ليس فيه، فضحته شواهد الامتحان.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар




Ахлу суннанын башкалардан өзгөчүлүгү, пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم га көп салават айтууда.

Мындай шарапат, адашкандарга берилбейт...
اللهم صل وسلم وزد وبارك على سيدنا محمد النبي الأمي الحبيب المحبوب العالي القدر العظيم الجاه وعلى آله وصحبه وسلم
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Тарыхтагы эң оор коштошуу сөзү...
"Балким бул жылдан кийин, силер менен көрүшпөй калам..."

Азирети Пайгамбар Мухаммад صلى الله عليه وسلم дын акыркы коштошуу сөзү...

Бул кайрылууну уккан азирети сахабаларга, кандай гана оор күн болгон.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Жүрөкө дүйнө кирсе, кең ааламды тар кылат.
Жүрөкө ыйман кирсе, тар ааламды кең кылат.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар




(2). Напси талап кылган нерсенин тетирин кылса, акыры багынып берет деп айттык эле.

Бирок напси, түлкүдөй куу болот. Аны менен этият мамиле жасабаса, өлүмүш болуп жеңип кетет.
Шейхим قدس الله سره айтты:
Напси адал нерселерди талап кылса, сураганын бер. Бирок сен да, анын барабарына ибадат шартта.
Мисалы: Көп тамак жегиси келсе, жесин! Бирок эртең орозо карма деп шартта. Көп уктагысы келип жатабы, уктасын. Бирок кечинде бир нече саат намаз окуп ибадат кыласың деп шартта.
Ж.б.у.с.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


(1). Тасаввуф баян-сабактары  башталганда, напси уккусу келбей чымырай баштайт.

Себеби, тасаввуф напсиңе каршы тур, ага баш ийбе, Жаратканга баш ий деген насааттарды көп айтат. Албетте, напсиге мындай насааттар жакбайт.

Напси талап кылган нерсенин тетирин кылса, акыры багынып берет.
Напси жети баштуу ажыдаар. Өзүнүн чыныгы жүзүн, кичинекей наристетин келбетине жашырат.
Наристе ыйласа, ырайым кылгандай, көп адамдар напсиси чымырап кетсе, ага сураганын дароо беришет. 
Напсиге баш ийбегиле! Жаратканга баш ийели!
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


РАМАЗАНДА КӨП ДУА КЫЛЫҢЫЗ!

Кээ бир бата-дубалардын кыргызча айтылуусу:
         Баардык мактоолор ааламдардын Эгесине Алла Таалага  болсун! Канчалык шүгүр-мактоолор келтирсек да аздык кылат!  Өтө мээримдүү, боорукер зат! 
Сүйүктүү жолдоочубузга анын  үй- бүлөсүнө жана жолдошторуна алкыш-саламдар болсун!
      Алла Таала бул дүйнөнүн жана акыреттин жакшылыгын берсин!                   
Кылган сыйыныч-ибадаттарыбызды кабыл кылсын!  
     Алла Таала баардыгыбызга ыйман, туура жол, такыбалык,  насип кылсын!  Пайгамбарлар, шейиттер жана такыбалар менен бирге тирилткен болсун!                                                                                                                                Жакшыларга жанаштырып, жамандардан адаштырсын!
       Күн чыгыштан, күн батышка чейин бүткүл үммөттүн ыйманга келүүсүнө  баардыгыбызды себебчи кылсын! 
         Ооруп жаткандарга  жеңил, тез, толук сакайык берсин!
Ооруп өткөргөн күндөрүн билип-билбей кылган жазыктарына өтөм (каппарат) кылсын!
      Бизден алдын кеткен маркум, маркумаларга ырайым кылсын!
Тирүүлөргө  ынсап, топук, жардам берсин!
Оо, Аллахым! Пайдасыз илимден, айыкпаган жүрөктөн, тойбогон напсиден  жана кабыл болбогон дубадан сактай көр! 
           Оо, Алла Таалам сен асман менен жердин нурусуң. Биз күбөлүк беребиз сенден башка кудай жок!  
       Сен жалгызсың, сенин сөзүң акыйкат, сенин убадаң акыйкат, сени көрүүбүз акыйкат,  кыямат күн акыйкат,  жаннат менен тозок акыйкат,  пайгамбарларың жана акыркы пайгамбарың акыйкат.
       Оо Алла Таалам бизди туура жолго баштай көр, туура жолдон адаштыра көрбө!
Акыйкатта сен пенделериңе өтө ырайымдуусуң!              
         Оо, Алла Таалам кайсы максатта пенделериңди жаратсаң ошол максатта жашашка насип кыл!                                                                                                               
            Кайсы иштен ыраазы болсоң, ошол ишти аткарганга мүмкүнчүлүк бере көр!                                                                                                               
            Тозоктун отунан, кабыр азабынан, дажжалдын азгырыктарынан бизди сактай көр!                                                                    
        Өзүң бизди мусулман кылып жараттың, мусулман абалда  жашап өтүшкө насип кыл!  Акыркы сөзүбүздү "Лаа илаха иллаллох, мухаммадур росулуллах" кыл!
Оо Ааламдардын Эгеси!

Дуабыз кабыл болуу ниетинде "Фатиха" сүрөөсүн жана Сүйкүмдүү жолдоочубузга алкыш-саламдарды айтасыз.
https://t.me/Muazhawwa



Показано 20 последних публикаций.