Шейх Муаз Хава.


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Тасаввуф хикматтары.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


"Акыйда-ишенимди окутуучу сага акыйкатты үйрөтөт.

   Ал эми тасаввуфту окутуучу, баштоочу (муршид) сага акыйкатты эскертип, сени ошол акыйкатка тарбиялайт".

Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Улуу Ахмад төрө Ар-Рифаий (قدس سره الشريف) айтты:
"Элге көрүнгөндү (атактуулукту) сүйүү омурткаңды омурат."

Түшүндүрмө:
Башкача айтканда, омурткасы омурулган адам, кийин оңолсо да баштагыдай толук адам болбойт. Ошол сымал Жараткандын ыраазылыгын көздөбөй, жаратылгандардын назары менен гана эсептешкен адам, эсели оңбойт. Бир-эки күн жыргаса да, андан ары адымы көп узабайт.
Өзгөчө динди өзүнүн көр күсөөлөрүнө жетүүгө шаты кылгандар Жараткандан коркушсун...!
Жараткан баарыбызды туура жолго баштасын.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


"Уйкудагы ойготулат, кайдыгерге эскертилет.
Эгер кимге эскертүү, ойготуу пайда бербесе..., анда ал өлүк.
   А угут-насаат, аныгында аны жүрөгү менен кабылдагандарга пайда берет.
   Жаратканга ийилген киши гана, эскертмени кабыл алып, анын негизинде иш жүргүзөт".

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар




قوله تعالى: «وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ» (التوبة/٥١)

Улуу Эгем айтты: "Момундар Аллага гана таянышсын" (Тообо/51)

Ким Жаратканга таянса, ал Ага ыраазы болот.
Ким Жаратканга ыраазы болсо, анда ал Ага гана таянат.

Колдон келишинче аракет кыл, калганын Эгеңе тапшыр!
Амалыңа эмес, Аллага таян!
Жараткандын жазганына ыраазы бол!

Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Ассаламу алайкум уа рахматуллахи уа баракатуху.

Айтыңыз маарек болсун! Туткан орозоңор кабыл болсун! 🤲

Аллах Талаа үй-бүлөңүзгө тынчтык,  ынтымак жана береке берсин.🤲
🌹💐🌺
Шейх Муаз Хава шакирттеринен...
https://t.me/Muazhawwa


يتمثل بما نظمه العارف بالله السيد محمد أبو الهدى الصيــــــادي قدس الله سره في هذه المناسبة السعيدة أعادها الله عليكم وعلى ذراريكم وأحبابكم باليمن والبركات والخيرات والمسرات، وأحياكم لأمثاله، وكل عام وأنتم بخير🌹 .

بِعيدِ فطـــرٍ لأعتابِ الرّسول لنا
          عرائــــــــضٌ قُدِّمَت في شكلِ تعییدِ
مشحونةٌ بالرّجا والمدحُ  سُلَّمها
           لنيــــــلِ عطفٍ بإعــــــــــزازٍ وتأییدِ
فبابُ إطلاقِـــــهِ العالي حقيقتُهُ
           تنزَّهَت في العطــــا عن عيبِ تقييدِ
وقد نَزلنـــا بحُسن الظَّنِّ ساحتَه
           وأعرَض السِّرُّ عن أهــــــل المواعيدِ
منهُ نؤمِّلُ إحساناً ومرحمــــــــةً
            بعيد فطرٍ وجَبــــرُ القلبِ في العيدِ
https://t.me/tasavvufkg


قوله تعالى: «إِنَّ نَاشِئَةَ اللَّيْلِ هِيَ أَشَدُّ وَطْئًا وَأَقْوَمُ قِيلًا» (المزمل/٦)

"Чындыгында түнкү намаз - бул (Куранга ой жүгүртүү үчүн жүрөктүн тилге) өтө төп келген жана (Куранды жакшы окуп,) аны ачык-айкын түшүнүү учуру" (Муззаммил/6)

Түнкү намаз
(Тахажут) - бул "сүннөт эле" - деп, аны жеңил санаба!
Чындыгында ал чыныгы кишилерди чыгаруучу мектеп.
Жаратканга берилүүнү окутуп, ыкластуулукка көнүктүрөт.
Аруулукту үйрөтүп, көкүрөк-көөдөндү тунартат.
Бул жалтыраган, жалган жарыкка болгон сүйүүдөн арылтат.
Түнкү намаздагы окулган Куран, сенин окутуучуң.
А Улуу Аруу Жараткан сенин эриктирбес эрмегиң, жакын ынагың...

Азирети Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Тиешесиз нерселерди таштоо

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ (رضي الله عنه وعنا به) قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: "مِنْ حُسْنِ إِسْلَامِ الْمَرْءِ تَرْكُهُ مَا لَا يَعْنِيهِ" (رواه الترمذي/ حديث حسن).

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун)  кабарлайт Алланын элчиси (ага алкыш-саламдар болсун) айтты: "Адамдын өзүнө тиешесиз нерселерди таштоосу, анын  мусулманчылыгынын көркөмдүгүнөн кабар берет".

قال حضرت الإمام السيد أحمد الرفاعي (رحمه الله تعالى): "من اشتغل بما لا يعنيه، فاته ما يعنيه".

Азирети Ахмад төрө Ар-Рифаий (Аллах ырайымына бөлөсүн) айтты:
"Ким өзүнө тиешесиз нерселер менен алектенип жүрө берсе, өзүнө тиешелүү нерселерди өткөрүп жиберет да, жыйынтыгында баарынан куржалак калат".

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Кадыр түн дуасы:

“Аллахумма иннака ьафувун тухиббуль ьафуа фаьфу анна”

“Оо, Аллахым, Сен Кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң, мени кечире көр!”...

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Кадыр түнү кылган дуаларыңыз, айткан зикирлериңиз, окуган кураныңыз, ойлогон максатыңыз, эңсеген каалооңуз, кылган амалыңыз, уктабай ыклас кылганыңыз кабыл болсун!

Алла Таалам ушул ыйык түндүн урматында баарыбызды мээримине алсын!

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Ыйманды сакташ үчүн, эшикти кулпулап, үйдөн чыкпай отура турган заман келди окшойт..

اللهم أحيني ما كانت الحياة خيرا لي، وتوفني إذا كانت الوفاة خيرا لي....

Азыр колдо барын, канимет туткула.
إنا لله وإنا إليه راجعون


Устаздарыбыз көкүрөк-көөдөнүн аруулоо жолуна толук түшө элек же сопулук жолдо аны тарбиялай турган баштоочу (муршид) таппаган кишиге күнүнө кеминде миң жолу Сүйүктүү жолдоочубузга алкыш-саламдарды айтууну сунушташат эле.  Анткени салават-алкыштар, баштоочу тапканга чейин аны жакшылыкка баштап турат.

Азирети Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий.

Кыргызча окулушу:
Аллохумма солли альаа Сеййидина Мухаммад ва аалихи ва сохбихи васаллим.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Акыркы он күндүк тасбихи:

Субахаанал ханнаанил маннаан.
Субахаанал маликид даййаан.
Ал маьрууфу бил ихсаан, вал маусууфу бил гуфроон.
Ал вадааь, ал вадааь.
Яаа шахро ромадоон.
Ал фироок, ал фироок.
Яаа шахрот таравиихи ват тасаабихи, ва хотмил Кураан.
Хаза шахрун аввалуху рохматун ва авсатуху магфиро.
Ва аахируху иткум минан наар
Лаа илааха илла Аллаху настаг фируллоох.
Насалукал жанната уа науузу бика минан наар.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Жараткан жүрөгүңдү ак, тунук абалда (фитрада) жаратты. Сенден ошол жүрөккө эч нерсени киргизбей, тунук абалында сакташыңды гана каалайт.
Жүрөгүңдү тунук абалда сакта!
Аны күнөө-бузукулук ыпласы менен булгаба!
Жаратканга кош көңүлдүк чаңы менен чулгаба!...

Азирети Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


"Эгер сөз күмүштөн турса, а унчукпоо бул алтындан турат."
Көп сүйлөгөн адам, ката сүйлөйт.
Акыйкатты түшүнгөн адам, кеп көп сүйлөгөндө эмес экенин табат. "Казанда болсо, чөмүчкө чыгат" дегендей жүрөктө ыкылас болсо, сөздө акыйкат болот...

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Берешен болгуңуз келсе, жан дүйнөнүздү кенен коюп, муктаждарга жардам берип, бөлүшкөндү үйрөнүңүз.

Эреже: "Бакыл адам, эч качан сопу боло албайт".

Имам Мухийиддин аль Хатимийге Андалустун султаны хан сарай белек кылат. Хан сарайга кирсе, дарбазаны такылдаткан үн угулду. Хан сарайдагы кызматкерлер дарбазаны ачса, тилемчи келген экен. Имам Мухийиддинге кабар берилип, сыртка чыкса.
Тилемчи айтты:
-Жараткан берген байлыктан садака кылыңыз- деди.
Имам Мухийиддин:
- Бул хан сарайдын ачкычы мындан ары сеники деп колуна карматып, ал жерден чыгып кетти.

Бул окуяны айтуудан максат. Олуяларга бул дүйнө колдо бар болуусу же жок болуусу айырмасы жок. Жүрөк бул дүйнөгө байланса, ага кор кулдука макул болгону. Алла Таалага гана кулчулукка макул болгон пенде, дүйнөнүн капасынан кутулуп, азат болот.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Медреседеги балдарды көрүп, көптөгөн балээлер ушулардын урматында бизге түшпөй турабы деп ойлоп кетем.

Күндүзү куран жаттоо, пайгамбарыбыздын хадистерин чечмелөөсүн окуу, шарият китептерин түшүүнү менен өткөрүшсө, кечинде ооз ачып, баары таравих намазында ибадат кылышат.

"Медресе" - инсандын тарбиятына маани берген, руханий тазалык, аруулукту үйрөтө турган жай.

Эң эле тентек бала болуп барып, адептүү, ыймандуу болуп чыгарын көрүп жүрөбүз.

Медреседеги балдардын көбү периште даражасында болот. Ал жердеги тартип, нафсини тизгиндегенге карай жол. Медреседе окуган балдардын жүрөгүндөгү нуру, жүзүнө жаркырап турганын көргөнсүзбү??

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Баян кылып, макала жазган адамдын ыйманынын күчтүүлүгүнө (такыбачылыгына) жараша, уккан, окуган адамдын жүрөгүнө таасир берет.

Уккан, окуган адамдар таасир албай жатса, сүйлөгөн менен жазган адам өзүнү жемелесин...

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


"Илими көп, адеп-эрдеми аз болгондон көрө, илими аз, адеми адеп-ахлактуу болгонуң миң эсе жакшы".

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

Показано 20 последних публикаций.