🥲Кош бол, орозо!
О, жан дүйнөнү тазалап, ыйманыбызды чыңдаган орозо айы!
О, ишеним үмүтүбүздү арттырып, напси каалообузду сындарган орозо айы!
О, ибадатыбызды көбөйтүп, күнөөлөрүбүздү кемиткен орозо айы!
О, дуба-тилегибизди кабылдап, күнөө-катабызды кечирткен орозо айы!
Кечээ сени “кош келдиң” деп тосуп алдык эле, бүгүн сени “кош бол” деп узатып жатабыз.
🤲🏻Сен бизди мечиттерде сап-сапка тизип намаз окуттуң.
Сен биздин колубузга Куранды карматтың.
Сен биздин жүрөктү жибитип, садага бердирдиң.
Сен бизди жоомарт кылып, башкаларга ооз ачырттың.
Сен бизди кечиримдүү кылып, башкалардан кечирим сураттың.
Сен бизди кичи пейил кылып, сылык сүйлөттүң.
Сен бизди боорукер кылып, жетимдин башын сылаттың.
Эми минтип биз сени узатып жатабыз.
Эртең мечиттер аңгырап бош калса, Куран китептер эмки жылы сен кайра келгенче текчеден алынбаса, жүрөктөр катып, садагалар берилбей, кечээги кичи пейилдер бой көтөрүп, боорукерлер керсейип, кечиримдүүлөр кек сактап калса, сен ага таң калба жана капаланба.
Бул сенин кемчилигиң эмес, сенин бир айлык тарбияңды кан-жаныбызга сиңире албаган биздин, көр пенделердин кемчилиги.
Сен өз милдетиңди өтөп кеттиң.
Биз өз милдетибизди өтөй алабызбы, бул али табышмак…
Кош дегенден башка айла жок.
Сенин кайра келишиңди күтөбүз.
Сенин келериң анык, сен сөзсүз келесиң. Бирок сенин келгениңди ким көрөт, ким көрбөйт... мына ушул анык эмес...
👤 Алайчы Сейитбеков.