#Шайлообек_Дүйшеев
КӨЛӨКӨ
Көлөкөлөр карааны калдаңдаган,
Көлөкөлөр айланган, айланбаган.
Түшүп турат көлөкө түндөн дагы,
Түшүп турат көлөкө айбандардан.
Жалгыз мектеп… Аяздын аптабында,
Жалын дүрт деп алдымда, арт жагымда.
төбөм көккө жетчү эле ошол кызга,
Көлөкөмдү тийгизип басканымда.
Күн батарда булуттар кызаруучу,
Күн батыштан чыгышка куш агуучу.
көлөкөбүз ошондо күүгүм кечип,
күндү кармап келчүүдөй узаруучу.
Кездер болот достор да каттабаган,
Кездер болот тууган да кас санаган.
Баары жалган жасалма жалгыз гана,
Жаныңдагы көлөкөң таштабаган.
Сен кичирсең кичирип кичинеден,
Сен өрттөнсөң өрттөнүп титиреген.
Көлөкөдөй жакынды табалбайсың,
Көргө чейин бир кеткен киши менен.
Көлөкө бар көңүлдө, чөлдө, күндө,
Көлөкө бир мүрзөдө, дөңдө, гүлдө.
Көөдөнүмдү таш менен жанчып чыгам,
Көлөкөсүз жандарды көргөнүмдө.
“Көлөкөм!” деп күн сайын жалбарынган,
Түшүп турсун көлөкө балдарыңдан.
Адамдарды сактай көр, Кудай, Кудай,
Көлөкөсүз куу жондо калганынан.
Өзүңөрдөн өзүмдү бөлгөн кезде,
Кайран башты кара жер көмгөн кезде.
Көлөкөмдү жайына жөн койгула,
Мени менен бир жатсын өлгөн кезде!..